Бүгүн КРнын Эл акыны Рамис Рыскуловдун туулган күнү

Бүгүн КРнын Эл акыны Рамис Рыскуловдун туулган күнү. Биз сыйлаган, биз сыймыктанган улуу акындын туулган күнү менен куттуктайбыз! Рамис Рыскулов Чүй облусунун Москва районунун Кызылтуу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган. 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлөт. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин М.Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна өтөт. Эмгек жолун “Кыргызстан пионери” гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин “Ленинчил жаш” гезитинин редакциясында, 1959–1960-жж. “Ала-Тоо” журналынын редакциясында эмгектенген. Анын ырлары “Кыргызстан маданияты”, “Эркинтoo” ж.б. гезит беттеринде жарыяланган. Акын ак ырды киргизүү толугу менен…..

Бүгүнкү туулган күн ээлерин куттуктайбыз!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү: Кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин, Филология илимдеринин доктору, КРУИАнын академиги, адабиятчы, сынчы Абдыганы Эркебаевдин, Эл агартуунун отличниги, акын Молдобек Ирсалиевдин, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, котормочу Абдилаат Дооровдун туулган күнү. Урматтуу туулган күн ээлери, сиздерди чын дилден куттуктайбыз. Кыргыз маданиятына, адабиятына, илим-билимине ар бириңиздердин кошкон салымыңыздар чоң. Сиздер менен жалпы кыргыз эли сыймыктанат. Үй-бүлөңүздөр менен эсенчиликте узак өмүр сүрүңүздөр. Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы

Сыйлыгыңыздар кут болсун!

Кыргыз Републикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык Улуттук жазуучулар союзунун төмөндөгү мүчөлөрү мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды: Кыргыз эл акыны Омор Султанов III даражадагы Манас ордени менен; Жазуучу Советбек Байгазиев Кыргыз эл жазуучусу ардак наамы менен; Акын-жазуучу Самсак Станалиев Кыргыз эл жазуучусу ардак наамы менен; Акын, котормочу Тазагүл Закирова Кыргыз эл акыны ардак наамы менен; Бурул Асакеева Маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардак наамы менен; Акын-жазуучу Жыпара Иабаева Маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардак наамы менен; Акын-котормочу, КРУЖС төрагасы Нурлан Калыбеков Маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардак наамы толугу менен…..

Куттуктайбыз!

Бүгүн акын, журналист, котормочу, коомдук-маданий ишмер, КР ИИМ ардагери, Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги Анарбек Акматбековдун туулган күнү. Урматтуу Анарбек Бузурманкулович, сизди бүгүнкү туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Сиз Ата Мекен үчүн ар тармактуу кызмат өтөп, ак эмгек менен алкышка арзып, ардактуу эс алууда жүрөсүз. Океандын ары жагында жүрсөңүз да Ата-журтка кызмат кылып, калемиңизден атуулдук ырларды, тунук лирикаларды жаратып, окурмандардын кызыгуусун арттыруудасыз. Ар дайым бийиктен көрүнүп аман жүрүңүз! Сизге бекем ден-соолук, чыгармачылык эргүү, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Көп жашаңыз! Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы

Урматтуу Роза Исаковна, кутман курагыңыз кут болсун!

КРнын экс Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү жана төрайымы Отунбаева Роза Исаковна 70 жашка толду. Урматтуу Роза Исаковна, кутман курагыңыз кут болсун! Башкасын айтпаганда да сиз акын жазуучуларды колдоо максатында өзүңүз негиздеген фонддун ишмердүүлүгүн алкагында акыркы 4 жыл аралыгында эле 40тан ашык кече өткөрүп 80ден ашуун авторлордун чыгармачылыгын элге тартуулап келдиңиз. Дагы да өткөрүп жатасыз. Бул биз үчүн өтө чоң кубаныч, зор колдоо болуп, чыгармачылык эргүү алып келет. Айрыкча айыл жергесинде жашап, жазып жүргөн калемгерлерге көңүл буруп, чоң аудиторияга алып чыгып жатканыңыз алкышка татырлык эмгек. Муну толугу менен…..

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун жооптуу катчысы, “Турар” басмаканасынын ээси Тилек Мураталиев жана акын Дүйшөн Жапаров каза болду. Тилек Мураталиев 1960-жылы 16-ноябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1977-жылы Кызыл-Дөбө орто мектебин бүтүргөн соң, Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетине тапшырып, 1982-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1982–90-жылдары КМУда (КУУда) окутуучу болуп иштеген. 1990-жылдан тартып Бишкек шаарында полиграфия тармагында чакан ишкердик менен алектене баштаган. 1996-жылы жеке менчик “Турар” басма үйүн ачып, демилгелүү жана уюштургуч иш-аракетинин натыйжасында аны Кыргызстандагы ири жеке басмалардын бирине айланткан. (Басма үйүнүн толугу менен…..

Жаш акын Акбар Кубанычбеков «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жаш акын, ар тараптуу талант Акбар Кубанычбеков «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Жаманкулов сыйлыкты тапшырып жатып, калемгердин ырлары элдин жүрөгүнөн түнөк таап, алкышка арзып жатканын белгилеп өттү. Сыйлык ээсин куттуктоо менен бирге, чыгармачылык жолуна байсалдуу сапар каалайбыз! КРУЖС Башкарма мүчөлөрү

Эл акыны Гүлсайра Момунова дүйнө салды

Кыргыз маданияты жана адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун жана Журналисттер союзунун мүчөсү Гүлсайра Момунова узакка созулган оорудан улам бул дүйнө менен кош айтышты. Акын Гүлсайра Момунова Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында 1937-жылдын 30-декабрында жарык дүйнөгө келген. 1955-жылы Талас шаарында орто мектепти, 1960-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтун ийгиликтүү аяктаган. 1961-1969-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973-1993-жж. «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары, болуп эмгектенип жүрүп, эмгегинин үзүрү катары 1993-жылы республикалык маанидеги персоналдык пенсияга чыккан. толугу менен…..

Түрколог, котормочу, акын, комузчу, ф.и.д. профессор Үсөнбек Асаналиев узак оорудан улам каза болду

Кыргыз маданияты жана адабияты оор жоготууга учурады. 88 жаш курагында Филология илимдеринин доктору, профессор, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун жана журналисттер союзунун мүчөсү, КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Үсөнбек Асаналиев узак оорудан улам бул дүйнө менен кош айтышты. Түрколог, котормочу, акын, комузчу – Үсөнбек Асаналиев 1932-жылы 14-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Даркан айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1956-1959-жылдары Даркан орто мектебинде мугалим болуу менен эмгек жолун баштаган. 1959-1969-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун илимий кызматкери болуп иштеген. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик толугу менен…..

Төрага Н.Калыбеков Казакстан калкы ассамблеясынын “Мээрим” төш белгиси менен сыйланды

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын Н.Калыбеков коомдук байланыш менен жалпы улуттук биримдикти чыңдоого кошкон салымы үчүн Казакстан калкы ассамблеясынын “Мээрим” төш белгиси менен сыйланды. Урматтуу Нурланбек Өскөналиевич, сыйлыгыңыз кут болсун! Сиздин эки элдин ортосундагы адабий алаканы бекемдөө максатында жасап жаткан иштериңиз мындан ары да арта беришине тилектешпиз. Эскерте кетсек Н.Калыбеков 2000-2002-жылдары эл аралык “Шабыт” фестивалында М.Макатаев жана Г.Мусрепов атындагы адабий сыйлыктар менен, 2015-жылы казак хандыгынын 550 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланган. Ушул эле “Мээрим” төш белгиси менен кыргыз-казак тилдеринде ыр жазып, эки элдин чыгармаларын бирдей которуп, чыгармачылык менен жигердүү толугу менен…..