Жаңы-жылыңыздар куттуу болсун!

Урматтуу калемдештер,

Урматтуу мекендештер,

Биз бүгүн эски жылды узатып, Жаңы-жылды тосуу алдында турабыз.

Өтүп бараткан жыл биз үчүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн оор жыл болду. Канчалаган калемдештерибизден, мекендештерибизден айрылдык. Бул жыл бизге адам кадырын, адам баркын баалай билүү керек экендигин сездирип кетти. Бардыгы адам баласы кыялдангандай, каалагандай боло бербей тургандыгын көрсөтүп өттү. Болбосо, бул жылда көп иштерди аткарууга, көп ийгиликтерди багындырууга максат койгонбуз. Тилекке каршы, ал тилектер ишке ашпай калды. Эми, максатты бийик коюп, башты өйдө көтөрүп, алдыдагы жылга ишенимдүү кадам таштайлы. Жараткан кыйынчылык берсе, артында ийгилигин кошо берет. Келерки жыл – бул жылда ишке ашпай калган ой-мүдөөлөрүбүздүн баарын ишке ашырган ийгиликтүү жыл болсун. Бири-бирибизди сыйлап, улууга урмат көрсөтүп, кичүүнү ызаттап, ниет-пейилибизди жаңылап, улуу жазуучубуз Ч.Айтматов айткандай “Адам” болууга ар күн сайын аракеттенип, нарк-насилибиз, жүрүм-турумубуз менен башкаларга үлгү болуп жүрүүгө далалат кылалы. Мекенибизде тынчтык өкүм сүрүп, жараткан оору-сыркоодон, бөөдө кырсыктардан сырткары кылсын. Элибиз аман болсун, эл ичинде берекеси төгүлгөн бейпил заманда мыкты чыгармаларды жаратып биз да аман бололу. Жаңы-Жылыңыздар куттуу болсун!

КРУЖС Башкармалыгы