“Карабах аңгемелери” аттуу китеп жарык көрдү

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун уюштуруусу менен Азербайжан Республикасынын депутаттары Ганира Пашаева, Жаваншир Фейзиев жана азербайжан, кыргыз акын-жазуучуларынын катышуусунда “Карабах аңгемелери” аттуу китептин бет ачарына арналган онлайн конференция өттү. Карабах окуясына арналган согуш, өмүр, өлүм, жашоо, мекен тууралуу жазылган аңгемелерди кыргыз акын-жазуучулары А.Исмаилов, Ж.Турсунбаев, Б.Сарыбаев, Ж.Качкынбаев, К.Умурзаковдор которгон. Аталган китеп КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбековдун көзөмөлүндө редакцияланып, баш сөзү жазылып, Азербайжан парламентинин депутаты Ганира Пашаеванын жана акын, котормочу А.Исмаиловдун аракети менен Азербайжан Республикасынын Баку шаарында жарык көрдү.

Конференциянын жүрүшүндө Азербайжан парламентинин депутаты Ганира Пашаева китептин жарык көрүшүнө салым кошкон инсандарга, котормочуларга ыраазычылыгын билдирип, кандуу Карабах окуясы тууралуу маалымат берди.

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков конференциянын катышуучуларын, авторлорду кыргыз жазуучуларынын атынан куттуктады. Мындан эки жыл мурда кыргыз акын-жазуучулары Баку шаарына барганда Карабах окуясы боюнча чыгармаларды топтоп, кыргыз тилинде чыгарабыз деп убада кылгандыгын баса белгилеп, бүгүн ошол убаданын ишке ашып жаткандыгын эске алуу менен, бул кызматташтык кыргыз-азербайжан адабият, маданият байланышынын мындан ары жандануусунун башаты болот деп айтып өттү. Китеп Кыргызстанга келгенде кеңири форматта бет ачарын өткөрөрүн убада кылды.

Эки элдин адабий алакасын бекемдеген онлайн конференцияга акын А.Исмаилов модератор болду.