КР Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз

Урматтуу калемдештер, Урматтуу замандаштар, Жалпыңыздарды КР Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз! Кыргызстан өз алдынча өлкө, эгемендүү эркин мамлекет болгондон бери көп кыйынчылыктарды баштан өткөрүп, көз карандысыздыгын сактап, дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун ээлеп келе жатат. Ар тараптан алдыңкы өлкөлөрдүн катарын толуктоо мүмкүнчүлүктөрү бизде арбын жана акырындан ал жолду басып келе жатканыбыз бизге маалым. Соңку жылдары баатыр жүрөк эр-азаматтарыбыз, балбан кыздарыбыз спортто ийгилик жаратып, дүйнөнү таң калтырып, желегибизди желбиретип, элибиздин намысын колдон түшүрбөй коргоп келатат. Мамлекеттин камкордукка алуусу аларга дем берип, талыкпаган аракеттин натыйжасында ак эмгектин акыбети кайтып, жеңиш артынан жеңиш жаратууда. толугу менен…..

Жаңы-жылыңыздар куттуу болсун!

Урматтуу калемдештер, Урматтуу мекендештер, Биз бүгүн эски жылды узатып, Жаңы-жылды тосуу алдында турабыз. Өтүп бараткан жыл биз үчүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн оор жыл болду. Канчалаган калемдештерибизден, мекендештерибизден айрылдык. Бул жыл бизге адам кадырын, адам баркын баалай билүү керек экендигин сездирип кетти. Бардыгы адам баласы кыялдангандай, каалагандай боло бербей тургандыгын көрсөтүп өттү. Болбосо, бул жылда көп иштерди аткарууга, көп ийгиликтерди багындырууга максат койгонбуз. Тилекке каршы, ал тилектер ишке ашпай калды. Эми, максатты бийик коюп, башты өйдө көтөрүп, алдыдагы жылга ишенимдүү кадам таштайлы. Жараткан кыйынчылык берсе, артында ийгилигин кошо берет. толугу менен…..