Миргүл Наралиева: Сирке

Сирке Көптөн берки жан сыздаткан оору Шириндин жанын алып тынды. Эшикте боз-үй. Бир гана кичинекей кыз апасынын өлгөнүнө ишене албай көпкө мостоюп олтурду. Үйдөгү кишилер “Апаң канаттуу болуп асманга учуп кетти”- деп айтышты. Ал алгач чындап эле апасын “аппак канаттуу” болуп асманда учуп жүргөнүн элестетти. Бирок баары бир мындан ары жанында болбосун туюп ыйламсырап баштады. -Келчи, кагылайын, сени мен өзүм эле багып алсамбы -деп эки баласынын бири каза болуп, бири карабай кеткен, көзү кыйшык кемпир кыздын жеңинен тартты. Кыз көзүнүн жашын улам-улам аарчып, ансыз да чоочуркап жүрчү кемпирден кетенчиктеди. -Жамал, толугу менен…..

Кыял Тажиева: Чагалдактын жан дүйнөгө түшүргөн чакчалакейи

Чагалдактын жан дүйнөгө түшүргөн чакчалакейи (Кыргыз -Түрк Манас университетинин 4-курсунун “У войны не женское лицо” (реж. Ч.Замирбеков) спектаклинен алган таасир туурасында) Кеч болчу. Эшик суук. 705 театрынын алдында турдук… Кудум экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндөгү дүйнөгө даярданып турганыбыздай айлана дагы өтө сүрдүү жана сырдуу эле. Эски типтеги беш кабат үйдүн жер төлөсүнүн эшиги ачылды. Көрүүчүлөр кирген соң жер төлөнүн коридоруна тыгылдык. Сыртта согуш жүрүп, биз баарыбыз ушул жерде баш калкалап тургандай абалга туш болдук. Ооба, дароо жаш кыз жертөлөнүн эшигин бекитип, душмандар кирип кетпесин деп жыгачтан жасалган щит менен, анан шаты толугу менен…..

Садык Алахан: “Манас” эпосунун Самар Мусаев агай тарабынан кара сөзгө айландырылышынын себептери жана өзгөчөлүктөрү

Адабиятчы, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун адабий көркөм сын боюнча секциясынын башчысы Садык Алахандын Улуу эпосубуздун кара сөзгө айландырылышынын оош-кыйыштары тууралуу жазылган макалалар түрмөгүн жарыялоону улантабыз. Бул ирет адабиятчынын “Манас” эпосун изилдөөгө бүт өмүрүн арнаган көрүнүктүү манас изилдөөчү Самар Мусаев агайбыздын илимий ишмердүүлүгүнүн жакшы бир барагы болуп калган “Манасты” кара сөзгө айлантып жазган китеби тууралуу макаласынын башталышын окурмандарыбызга сунуш кылмакчыбыз. “Манас” эпосунун Самар Мусаев агай тарабынан кара сөзгө айландырылышынын себептери жана өзгөчөлүктөрү (Үчүнчү макала) Дүйнөлүк фольклористиканын тарыхында окумуштуу-фольклористтер да өз элинин эпикалык туундуларын кара сөзгө айланткан учурлар кеңири кездешет. Мунун эң толугу менен…..

ТҮБӨЛҮК – СӨЗ МЕНЕН МУЗЫКА

Учурдагы, заманбап поэзия ааламынын көрүнүктүү өкүлү, акын – Вадим Терёхин, Россиянын жазуучулар Союзунун тең төрагасы. Москвада орус тилинин эл аралык академиясынын вице-президенти жана академиянын анык мүчөсү, Россия боюнча жалпы “Россия жазуучулар Союзунун” Калуга областындагы бөлүмүнүн төрагасы жана Калуга областынын II даражадагы мамлекеттик кеңешчиси, “Дубалсыз дүйнө” эл аралык поэтикалык кыймылынын координациялык Кеңешинин мүчөсү, Санк-Петербургдагы Петровдук илимдер академиясы менен искусствонун анык мүчөсү. 1963-ж. Тула областында төрөлүп, Казандагы жогорку аскердик ракеталык команданын инженердик адистигин ата-энесинин талабы менен мыкты окуп, көп жыл “Байкоңур” космодромунда кызмат өтөгөн. Адабиятка болгон кызыгуусу аны өмүр бою коштоп жүргөндүктөн, толугу менен…..

Иван Бунин: Муза

Муза Ал кезде мен өтө деле жаш эмес болчумун. Ошого карабастан эмнегедир живопистен сабак алгым келди. Деги эле мен живописти жанымдай жакшы көрчүмүн. Ошентип Тамбов губерниясындагы өз үйүм, өлөң төшөгүмдү таштап, кышты Москвадан өткөрдүм: сабакты болсо анча-мынча тармалдашкан узун майлуу чачын кежигесин көздөй бура таштаган, оозунан мүштөгү, үстүнөн анар түстүү баркыт курткасы, бутунан кыжырыма өзгөчө тийген киргилт, боз түстөгү байпагы түшпөгөн, анан калса, адам менен сүйлөшүп жатканда кербезденип, окуучусунун ишине көзүн жүлжүйтө баа беримиш болуп, ар дайым: – Дурус, дурус… Ийгилик алыс эмес – деп кайталай берчү талантсыз, бирок кыйла толугу менен…..

Догдурбек Юсупов: Карапайымдыктын тийгизген жарыгы

Окугандан кийинки ой Карапайымдыктын тийгизген жарыгы  “Краткость – сестра таланта” Антон Чехов “Начар аңгемечи жакшы тарыхты жеңил-желпи эле бузуп коюшу мүмкүн” Мортимер Адлер Адабият күнүнө карата улуттук Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, бир катар таланттуу калемгерлер “Алтын калем” статуэткасы, диплом жана сертификат менен сыйланышты. Алардын ичинен эң татыктуусу таланттуу жазуучу Топчугүл Шайдуллаева деп эсептейм. Көптөн бери кыска, бирок нуска аңгемелерине көңүлүм түшүп жүргөн жазуучунун чыгармачылык лабораториясына колдон келишинче реалдуу сереп салып көрүүнү чечтим. Чынында эле роман менен повесттин сюжетин чакан аңгеме менен эле берип койсо боло тургандыгын айрым таланттуу прозаиктер иш жүзүндө толугу менен…..

Тамара Добул кызы: Ата үйү – ыйык бизге Меккедей, Ага баруу – сыймык, бакыт биз үчүн!

Атанын үйү Бир атадан, бир энеден төрөлүп, Бир бешикке өссөк дагы бөлөнүп, Бул турмуштун жазмышына баш ийип, Бой жеткенде ар кай жакка жөнөдүк.   Эх кантели, турмуш башка, шарт башка, Эң кичүүбүз жашайт азыр ал тамда. Балдарыбыз, жарыбыз бар, мүмкүндүк Боло бербейт күн өткөрбөй барганга.   Атабыздын курган үйү биз өскөн, Алтын мамы – байланганбыз жүрөктөн. Ата-энебиз өздөрү жок, эми биз Аларды тек көрөбүз да сүрөттөн.   Бардык жерде ойго түшүп күнү-түн, Байлап турган көңүлдөрдүн бир учун, Ата үйү – ыйык бизге Меккедей, Ага баруу – сыймык, бакыт биз үчүн! толугу менен…..

Садык Алахан: Семён Липкиндин “Айкөл Манас” повесть-жомогунда баяндоонун көп түрдүүлүгү

Семён Липкиндин “Айкөл Манас” повесть-жомогунда баяндоонун көп түрдүүлүгү (2-макала) Семён Липкиндин “Айкөл Манас” деп аталган романы улуу эпосубузду кара сөзгө айлантып кагаз бетине түшүрүүнүн алгачкы үлгүсү болуп эсептелет. Бул жумушту ишке ашырууда залкар калемгер прозанын ички мыйзам ченемдерин мүмкүн болушунча пайдаланууга аракет жасаган. Прозалык чыгармалардагы андай мыйзам ченемдүүлүктөрдүн бири –локанизм. Баарыга белгилүү болгондой, элдик эпос кылымдардан бери оозеки түрдө, болгондо да импровизация түрүндө жашап келгендиктен анда оозеки сүйлөө эрежелеринин бөтөнчөлүктөрү көбүрөөк сакталып, ошондон улам көбүртүп-жабыртып баяндоо басымдуулук кылган учурлар арбын кездешет. Мындай учурлар айрыкча жаратылыш көрүнүштөрүн, табият көркүн, жер, суулардын толугу менен…..

Капар Токтошов: Коронавирустар

“Коронавирустар” (комедия) Катышуучулар: Мыктыбек Мукамбетов (Мыкы) – аудитор-текшерүүчү. Венера Марсовна – аялы. Чынара (Чика) – Венеранын курдашы. Ормон Опузабеков – Коррупцияга каршы кызматтын башчысы. Сейитбек Алгыров (Сепе) – Салык кызматынын башчысы. Жыргалбек Ыргалбаев (Жыкы) – Бажы кызматынын башчысынын орун басары. Үмүт – Мыктыбек менен Венеранын уулу. Чек арачы жоокер.   Жарык өчөт. Караңгыда уйкудан чочуп ойгонуп, келме келтире албай мукактанган Мыктыбектин үнү угулат. Мыктыбек: -Оо, ла-ла… ла-лай… Оо, кудай… дай-дай… Кандай эле, неңдурайындыкы?.. Лаай-лай… Венера: -Ай, эмнеле кишини уктатпай кыңылдап ырдап атасың ыя? Өңгөсү бүтүп, эми Кудайды кыстай баштадыңбы “дай толугу менен…..

Садык Алахан: “Манас” эпосунун кара сөзгө айландырылышы. С.И.Липкиндин “Манас Великодушный” повести

Кыргыз улуттук жазуучулар союзу 1934-жылы түптөлгөн учурунан тартып калемгерлерибиз жараткан чыгармалар элдин калың катмарына жетсе экен деген аруу тилекти эң башкы озуйпасы катары эсептеп келет. Ушул максаттын ишке ашуусун көздөп Советтер Союзунун учурунда атактуу “Ала-Тоо” журналы менен атпай журт күтүп окуган “Кыргызстан маданияты” жумалыгын чыгарып келген. Эми минтип заман өзгөргөнүнөн, окурмандардын дээрлик көпчүлүгү электрондук маалымдоочу каражаттарга ык сала баштаганынан улам заманбап баарлашууга өтүп, adabiyat.kg сайтын уюштуруп, калемгерлерибиз жараткан көркөм дүйнөнү ушул сайт аркылуу элге жеткирип келет. Акыркы жылдары adabiyat.kg сайтыбыз окурмандарыбыздын кеңири катмарынын сүймөнчүгүнө айланып баратканын кубануу менен белгилегибиз келет. толугу менен…..