Капар Токтошов: Коронавирустар

“Коронавирустар”

(комедия)

Катышуучулар:

Мыктыбек Мукамбетов (Мыкы) – аудитор-текшерүүчү.

Венера Марсовна – аялы.

Чынара (Чика) – Венеранын курдашы.

Ормон Опузабеков – Коррупцияга каршы кызматтын башчысы.

Сейитбек Алгыров (Сепе) – Салык кызматынын башчысы.

Жыргалбек Ыргалбаев (Жыкы) – Бажы кызматынын башчысынын орун басары.

Үмүт – Мыктыбек менен Венеранын уулу.

Чек арачы жоокер.

 

Жарык өчөт.

Караңгыда уйкудан чочуп ойгонуп, келме келтире албай мукактанган Мыктыбектин үнү угулат.

Мыктыбек: -Оо, ла-ла… ла-лай… Оо, кудай… дай-дай… Кандай эле, неңдурайындыкы?.. Лаай-лай…

Венера: -Ай, эмнеле кишини уктатпай кыңылдап ырдап атасың ыя? Өңгөсү бүтүп, эми Кудайды кыстай баштадыңбы “дай эле дай” деп.

Мыктыбек: -Кайдагы ыр? Жаман түш көрүп, келме келтире албай атса биякта…

Венера: -“Лаай-лай иллала, кайнатам расулалла” деп үч кайрып кой да, жат да ары карап.

Мыктыбек: -Лаай-лай иллала… кайнатам расулалла!.. Туура айттымбы, ай катын?

Венера: (күлүп) – Кайнатам деп атын айтпай тергеп атса… Көңдөй десе арданып коёт дагы. Ай, кудай урган эме. Жанагы кайнатамдын атынын ордуна фамилияңды айтпайсыңбы! Ошондо туура болот.

Мыктыбек: -Лаай-лай илалла… Мукамбетов расулалла!.. Эми туура болду го ээ? Дагы эки кайталап коёюнбу?

Венера: (ыкшып күлүп) -Мукамбетов эмес, Мукамбет дебейсиңби… Опе-ей, бетимин беш териси! Кайнатамдын атын айтып салдым ээ?.. Эк, келмең менен кемирең калгыр десе!

Мыктыбек: -Лаай-лай илалла, Мукамбет расулалла!.. Лаай-лай илалла, Мукамбет расулалла!.. Ох-х, жеңилдеп калбадымбы кадимкидей.

(коңурукка окшогон музыка)

1-көшөгө.

Жарык күйүп, көшөгө ачылат.

Кеңири холл. Сахнанын бир тарабында алтын туткалуу эшик. Ал – сырттан кирчү каалга. Ошондой эле дагы эки эшик сахнанын төр жагында. Алар – уктоочу бөлмөнүн каалгалары. Оң тараптагы эшик – ашкананыкы. Андан тышкары балконго чыкчу эшик жана терезе бар. Кире бериш эшиктин эки капталында эки манекен. Анын бири – аялдыкы. Анда Венеранын кийимдери. Экинчи, эркек манекенде Мыктыбектин кийимдери.

Холлдун төр жагында кийим илгич шкаф. Уктоочу бөлмөнүн эшигинин оң жагындагы столдун үстүндө телевизор турат.

Холлдун ортосунда чоң тамак-аш столу. Тегерете отургучтар. Стол үстүндө дүр-дүйүм тамак-аш. Чыны, чайнек.

Кире бериш эшиктин жанындагы аялдын манекенинин катарында таштанды салынчу кара желим мүшөк.

Венера уктоочу бөлмөдөн чыгып, ашканадан эки кружка кофе көтөрүп келет.

Венера: -Оу, Мыкынтай, келегой алтыным! Кофең даяр.

Уктоочу бөлмөнүн эшиги ачылып, Мыктыбек чыгат.

Мыктыбек: -Алтыным дегениңден сенин! Дайыма эле ушинтип турсаң кана? (аялынын жамбашын сылап, бетинен өөп) Антпесе… (ырдап) а-алтыным деген сөздөрдөн, айрылып барат кулагым.

Венера: -Күндө эле ушинтип командировкага чыгып, анан параны пачкелеп алып келип турсаң… “алтыным” деген сөз сенден айланып-секет кетсин.

Аял-эркек маңдай-тескей олтуруп, кофеден ыракаттана ууртайт.

Венера: -Ии, алтыным! Эмне жаман түш көрдүң кишинин уйкусун бузуп?

Мыктыбек: -Жаман түш көрдүм, жама-ан, деги болсок экен аман.

Венера: -Жаман түш болбойт, аны жоруган киши оңдойт. Жаманды жакшы, жакшыны жаман кылып коюш мен үчүн беш секунддук иш экенин билбейсиңби?.. Давай, бысмылда деп туруп айта бер.

Мыктыбек: -Бысмылдап-мышмылдабай эле айта берейинчи… Ак үйгө кирип баратсам “Коррупция вирусуна жол жок! Булар – булар Ак үйдү аралабасын, коррупция жугузбасын” деп узун тизме тизип, сүрөттөрү менен бакыйтып илип коюптур. Арасында мен да бар. “Ээ, Кудай-Таала, эмне балакет болуп кетти?” деп артыма бурулсам… Кашы апсайып көзүн жапкан, сакалы сапсайып төшүн жапкан Кудай-Тааланын өзү турат мени олурая карап. “Кумурага таңата бар… кумурага таңата бар” эле дейт. “Бу, кумурасы эмнеси?” деп жакшылып тыңшасам “Умрага дабаатка бар” дебатыпыр. “Ой, аякта мага суутуп коюппу?” десем ушундай бир акшыя карап… эмне деди дебейсиңби?

Венера: -И-и, эмне деди?

Мыктыбек: -“Арам акчаны арбын алат экенсиң. Умрага дабаатка барсаң ошолоруң дароо адалга айланат. Кана, барасыңбы же аткез кылган турасыңбы ыя?” деп алка жакадан алды жанагы. Кыкынтып муунтуп атат… муунтуп атат… Ошону менен ойгонуп кетпедимби.

Венера: -Тизмеде дагы кимдер бар экен?

Мыктыбек: -Баарыле жүрөт айтор. Өкмөт толугу менен, сот, прокурор, милийсанын чоңдору. Жүздөн ашык депутат. Мэр, аким, айыл башчы. Менимче, аткаминерлерден эч кимиси калбаса керек.

Венера: -А-а, анда жакшы экен.

Мыктыбек: -Эмнеси жакшы?

Венера: -Өкмөт менен депутаттар кире албай калса, Ак үйгө кирип эмне кыласың? Тигилерге берчү пул өзүңдө калат. Аны мына бу… (көкүрөгүн муштап) Венера Марсовна алат.

Мыктыбек: -А тиги “Умрасын” кантебиз?

Венера: -Билесиңби, аякка барыш-келиш канча турарын? Ошоякка үч миң доллар коротпойле, эртең мечитине кирип ла-ла-лаңды күбүрөп койсоң жетет. Аякка барыш үчүн күндө беш маал даарат алып, намаз окуш керек. Сапсайтып сакал коюш керек. Анан сенин ошол сапсайган эмең менин мобу чымын консо тайгаланып буту сынган айдай бетимди сайгылап… (кыткылыктап) кытыгымды келтирип турсунбу? Фү!

Мыктыбек: -Жо-ок, бул жөн түш эмес! (сөөмөйү менен асманды сайып) Кудай-Таала кыларга иши жогунан түшүп келди дейсиңби жети катар асмандын түбүнөн?..

Венера: (колун силкип) -Кудайдын койнуна жатып чыккансыбай жөнчү ары. Кайдагы бир дабаатчыны Кудай деп.

Мыктыбек: -Умрасын урайын, бирок ушу жолу парасын албай турайын, байбиче? Балким Кудай-Таала атайы аян берип аткандыр?

Венера: -Кудайыңдын! (чочуп) Айланайын Кудай, өзүң кечире көр!.. Кубарыңдын куу чокусу! Аласың! Анан бир тыйынын коротпой мобу алаканга саласың. Уктуңбу, ай?!

Мыктыбек: -Уктум-уктум.

Венера: -Ошентип угуп калсаң. Мага ишенбей түшүнө ишенет тим эле. Же анысы түшкө окшогон түш болсо эмне? Эй, кеңкелес! Коррупциянын корбашысы Чокчолойдой чочоюп Ак үйдүн чокусунда отурса, ошолордун өзүлөрү коррупциянын жолун жапмак беле? Сен байкуш жанагы көчө жайнап илинип турган “коронавируска жол жок, колуңарды жуугула” деген кулактандырууларды айтып атат көрүнөсүң. Кудай өзү берип турганда ала бер камсанабай.

Мыктыбек: -Кокус коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кылтагына илинип калсам эмне болот деген кооптонуу да, байбиче. Кийинки кезде чочуй баштадым. Мен тургай, кан досун каматып атса.

Венера: -Ай, аларың Алтуха досуңду кармап эмне кылып алышты? “20 миң доллар менен тутулду” деп 20 күнү көрсөттү го теледен. Аягы эмне болду? Ха-ха-ха! Буюм далил деп алган 20 миңди “ап!” деп алышып, сотко эки пачке кадимки кагазды көтөрүп барып ит болушту го. Сот “жасалма акча парага жатпайт, Алтынбек Артисович акталсын” деп ага алты айлык маянасын, ага кошуп моралдык чыгым катары төрт миллион сом төлөтүп бербедиби. Азыр ким аппак? Алтуха. Ошон үчүн кызматынан жогорулап, анакей, сени теңине албай, жанагы жаман катыны экөө бизди күлала кылып тепсеп турат. Сени кармаса да ошентишет. Так-што, жөнө алтыным, эрте күндү кеч кылбай. Бышкан ашты күттүргөн Кудайга да жакпайт. Жеңил барып оор кел.

Мыктыбек төркү бөлмөгө кирип кийинип чыгат да, сумкасын алып, аялын беттен сүйүп, чыгып кетет. Венера терезеге тигилип, анын артынан кол булгалап турат, анан Чынарага телефон чалат.

Венера: -Кандайсың ай подружка?.. (телефонду тыңшап) Жаңылык ушу: кетти тигил эмем… Кимге дейт да, ботом! Текшерүүгө… Бери дегенде беш күн жүрөт, так-што… (ырдап) Ойноп-ойноп алалы, омураң калсын бул дүйнө. Чакыр тигилерди. Анан дароо чап биякка… Чао!..

Венера чачы-башын түзөп, этек-жеңин тегиздеп, куйрукту болушунча чайкап ашканадан ар нерсени столго ташыйт ичинен “Гүлдөй жанды” кыңылдап. Илинип турган шкафтан атыр себет колтугу менен мойнуна. Улам-улам кире бериш эшик менен саатты карап, ары-бери басып турганда коңгуроо шыңгырайт. Ашыга жетип, эшикти ачат.

Сырттан Чынара кирет.

Чынара: -Ай, күйөө сөрөйүң кеттиби чын эле?

Венера: -Кетти дебедимби…

Чынара: -Ии-й, бетимдин беш териси! Кимисине кетип жүрөт ал шоркелдейиң?..

Венера: -Опе-й, ботом! Кеткидей анын кимиси бар эле?.. (шектене карап) Же эмне, менден башка бирөөсү барын билип, жашырып жүрдүң беле, шерменде?

Чынара: -“Кетип калды” деп чалсаң, меникичилеп биротоло кетип калган турбайбы деп атпаймбы. (жашып) Кудай урган “кетем” деп керсейип калса, “кет, кете бер, кимге барып, кимге батмак элең?” деп керкейип калчу эмес белем… Беш жолу кетип, беш жолу келди, береним. (ыйлап) Алтынчысында айнып калбадыбы, ү-үү!

Венера: (сооротуп) -Ээ, эркектин баары эле ошондой, анын эмнесине кейийсиң? Айланып-айланып акыры аэродромго конот, конбой кайда бармак эле?..

Чынара: (өңгүрөп) -Консо кана-а, алты жылдан бери бир конот эле го койнума? Колун артат эле го мойнума-ааа!

Венера: -Майы түгөнгөндө конот, берекем. Канаты какпай, куйругу көтөрүлбөй калганда конот?..

Чынара: (ого бетер өңгүрөп) -Анда анын… эчтекеге жарабай калган эменин мага эмне кереги ба-ар?! Аа-а… ү-ү!

Венера: -Андан көрө айтчы, Чика, тигилерге чалдыңбы?

Чынара: (жайдарылана) -Сепеге айттым. “Секетим ай, секетим, сегиз секундда жетип барам сен үчүн” дебедиби.

Венера: -Ии-ий, анан?

Чынара: –Бирөөлөрдөн пара алып атыптыр. Ошону ала коюп эле жетип келем деди.

Венера: – А Жыкычы, Жыкы? Ал эмне деди?

Чынара: –А Жыкы болсо бажыканага баратыпыр.

Венера: -Эмнеге?

Чынара: -Эмнеге барчу эле. Пара алат да.

Венера: – И-ий! (алаканын тырмап, эзиле тегеренет) Эмнеле кычышып калган десе… Келишсе келишпейби батыраак. И-ий, чыдабай бартам, чыдабай!

Чынара: (жактыра бербей) -Капырай, өлүп кетет го мобу эме. Акча дегенде тим эле жаны чыгып кетет экен?!

Венера: -Акча эмес, доллар дегенде!.. Доллар! Карааныңдан кагылайын жашылбай! (асманга алакан жайып) Кончу колго! Толчу алаканга!..

Чынара: (Венеранын эки алаканын кармап) -Аяктай болгон бу алаканың толбойт го, толбойт?

Венера: -Толсо да тойбойт го тойбойт деген турасың ээ? (ырдап) Төбөсү көккө тийсе да, этеги жерди чийсе да, акчага тойбойт Венера-а! Э-эй, долларга эле тойбойт Венера-а!

Чынара: -Баса, баягүнү эле эриң элүү миң алып келип атпады беле. Аны эмне кылдың?

Венера: -Элүү… Элүү эмнеге жетет ушу заманда? Мына… (шкафтан шуба, көйнөк алып чыгып көргөзүп) Кыркы буга кетти, калганы буга жетти. Он жети миң долларлык сонун көйнөк бар экен. Алалбай арманда калбадымбы.

Чынара: (кийимдерге суктана карап) -Ай-ий, кандай сонун! Мындайды өмүрү биринчи көрүшүм. Берчи, бир кийип көрөйүн.

Венера: (Чынараны алаканга чаап) -Тарт! Муну сен тургай өзүм кийип көрө элекмин. Жакында бир күркүл аяшыбыз тойго чакырып атат. Ошондо кийип барып ичин бир күйгүзөйүн.

Эшик шыңгырайт. Венера колундагыларды шашыла иле салып, эшикти ачууга ашыгат. Чынара үстү-башын оңдоп, үстөлгө отура кетет. Сырттан Сейитбек менен Жыргалбек ээрчишип кирет. Экөө тең бир аз кызымтал.

Жыргалбек: -Саламатсыңбы, алтыным? (Венеранын бетинен өөп) Эмне мынча сулуусуң ыя?! Ха-ха-ха!

Венера: -Мен дайыма эле сулуумун.

Жыргалбек: -Венера Марсовна, гүл көтөрүп келейин десем эл көрөт. Аркы-берки сөз жүрөт. Баштык көтөрүп алайын десем ит үрөт. Ошондуктан менин жупуну белегимди кабыл алып коюңуз. (төш чөнтөгүнөн бир таңгак доллар алып сунат) Аз десеңиз…

Венера: -Албетте, аз. Бул болгону бу бетимдин акысы. (экинчи бетин көрсөтүп) Биякта дагы бирөө бар.

Жыргалбек: -Ушундай болорун билгем да-а… (экинчи бетинен өөп, дагы бир таңгакты алып чыгат) Эми ыраазысыңбы, алтышка?

Венера: -Албетте. Эми өтө бергиле, силерге баары ачык.

Жыргалбек: (Сейитбекке кайрылып) -Сен да бир өөп коёсуңбу, Марсовнаны?

Сейитбек: -Өөп эмне, өлө албай жүргөн киши бар бекен?

Жыргалбек: -Жок дегенде бир жыттап кой анда.

Сейитбек: (кетенчиктеп) -Жыттамак тургай, мобу жерден искеп койсом эки чайнап бир жутаарсың.

Жыргалбек: -Анда бар, Чикаңды бир чимирип ал.

Сейитбек: -Ошентсең. (аттап-буттап Чынарага жетип) Чика дегенде чимирилип-чимирилип кетет го Сепеси. (эки таңгак акча карматат да, дароо эки бетинен чоп эткизет) Биз деген ушинтип эле шар жүрөбүз.

Шаңдуу музыка.

Баары чогуу столго отуруп, чай ичишет. Артынан арак куюлат. Төртөө шатыра-шатман, улам-улам стакан көтөрүп, аялдар эркектердин тизесине отуруп, өбүшүп-жытташканга өтүшөт. Бир маалда эки-экиден тегерене бийлешип, эки эркек кызып калган эки аялды колдон сүйрөп, эки башка эшиктерди карай кетип бараткан маалда Венеранын телефону шыңгырайт. Ал телефонун ала коюп чочуп кетет да, сөөмөйү менен оозун жаап: “унчукпагыла” деген белги берет. “Күйөөм чалып атат” деп шыбырап, телефон менен сүйлөшө баштайт. Тигилер ордунда каткан бойдон туруп калышат.

Венера: -Оо, кандайсың, алтыным?.. Ыракмат-ыракмат!.. Эмне, бат эле сагынып кеттиңби?.. (кылыктанып) Ушунчалык батпы?.. Койчу ай!.. Эмне дейт, ботом!..

Венера чуркап барып терезени карайт да, сыртка колун булгалап, бозоро түшөт. Телефонун шашыла стол үстүнө коюп, кыйкырып ийет.

Венера: -Өлдүк, өлдү-үк кокуйгүн! Күйөөм келип калыптыр. (шаштырып) Жашынгыла-а! Жашынгыла батыраак…

Үй ичи кымгуут. Ары чуркап, бери чуркап, бири-бирине урунуп-чалынып, Жыргалбек шкафка кирейин десе толтура кийимден батпай, Сейитбек болсо улам бир столдун астына башын тыгып, Чынара “ай!” деп бакырган бойдон балконго чыга качат.

Венера эркектин манекенин тоголото түртүп, анын ордуна Жыргалбекти тургузуп коёт манекенге окшотуп. Сейитбекти болсо таштанды салчу кара желим мүшөккө отургузуп, башына калай кострюлду кийгизе салат да, шарак-шурак эшикти ачат.

Сырттан Мыктыбек кирет ары-бери чайпалып. Мас. Колунда сумка.

Мыктыбек: -Алтыны… (ыктытып) Ык… Канда-айсың?..

Венера: (эки колду бөйрөккө алып, талтайып туруп) -И-и, кандайын сурайсың? Темтейип эмне жетип келдиң ыя, биякта бирөө суутуп койгонсуп?!

Мыктыбек: (чайпалып) -Теңселбейле турам го… (ыктытып) Ык!.. Бардым. Алдым. Анан кайра тарттым.

Венера: -Эмне, сен барсаң эле даярдап турушуптурбу?

Мыктыбек: -Даярдап турушуптур. Дарооле сау… (ыктытып) Ык! Сайга алып жөнөшпөдүбү. Сууга түшүп, анан култ этип төшөккө кулап… тоюс, жертөшөккө отуруп…

Венера: -И-и, дагы?

Мыктыбек: -Эмне, дагы? Ошо. Ары оонап бирди согуп, бери оонап башкасын согуп. (ыктытып) Ык! Ошентип оптом бүтүрдүк. Тигилер берерин беришти, мен бармакты балч эттире бастым да… (ыктытып) Ык! Кийинип алып жолго түштүм.

Венера: (какшыктап) -Кийинип алганың ырас болуптур! Канча беришти? Кана?

Мыктыбек: (сумкасын ачып, долларларды тутамдап чачып) -Мына! Алтымыш миң… Алты мүнөттө алтымыш… (ыктытып) Ык! Кудай деген кишиге, кудайы ушинтип бере берет өзү эле. Ха-ха-ха!..

Венера чачылган долларларды дароо баса калып чогултуп, күйөөсүнүн колунан сумкасын жулуп алат.

Венера: (сумканы бооруна бек кысып) -Меники! Меники! Мен буга он жети миң долларлык көйнөк алам. Он эки миң долларлык туфли алам. Баарын алам!

Мыктыбек: (эңкейип бутун чечип жатып) -Ал. Баары сеники. (эшиктин алдындагы эркектин туфлийин көрө калып) Неңдура-айын, эй, мобу кимдин туфлийи ыя?!

Венера: (сумканы ары жакка ыргытып ийип, күйөөсүн каруудан алып сүйрөп жөнөйт) -Өзүңдүн эле туфлийиң, каралдым! Бас жүрү, жатып эс ал.

Мыктыбек: -Жо-о, меники эмес, төөнүн таманындай болуп турбайбы? (ары жагын карап) Биякта дагы бирөө.

Венера: -Мас кишинин көзүнө ошентип чоң көрүнө берет. Бас, басчы ай! Жат дейм!

Мыктыбек эки бутун чечип, тура албай Венераны кучактап калат. Венера күйөөсүнө көргөзбөй буту менен эки туфлини Жыргалбек жакка шилейт, ал аларды шып эттире кийип алат. Берки экөөсүн Сейитбек жакка шилейт. Ал аны шып алып, астына катат.

Мыктыбек: (түздөнүп, жерди карап) -Ээ катын, айтчы, мобулар кимдердин батинкеси ыя?

Венера: -Өзүңдүн эле батинкең! Мына, өзүңдүн эле жалгыз батинкең турат ко.

Мыктыбек: (таң калып) -Опей, чын эле. Түшүнбөй турам. Азыр эле экөө турбады беле мобу жерде?

Венера: -Мастын көзүнө ошентип бир батинке эки көрүнө берет!

Мыктыбек: -А менин көзүмө, эмне, үч көрүнөбү ыя? (буту менен таптап) Мобу жерде колтойгон экөө… Мобу жерде дагы экөө турбады беле…

Венера: -Кана?! Же аларды жер жутуп кетти дейсиңби? (эркелетип) Мыкулё, жүр басагой, жатагой.

Мыктыбек: (жулунуп) -Баспайм! Жатпайм! (мүдүрүлүп барып манекен болуп катып турган Мыктыбекке жөлөнүп, экөө тиктешип калат) Ык!.. Неңдурайы-ын! Эй катын! А мунуң ким?

Венера: (каруусунан булкуп) -Өзүңдүн эле манекениң! Бас эми, жат көп темтеңдебей.

Мыктыбек: (Жыргалбектин мурдун чымчып) -Манакенимдин мурду катуу эмес беле, мунуку жумшак ко, ыя?

Венера: -Бас эми көрүнгөндү дөөрүбөй! Мас кишиге ошентип жумшак көрүнө берет. Катуу-жумшагын эс алып турганда текшересиң.

Мыктыбек: (Жыргалбекти тегерене карап) -Э-эй, мобу бирөөгө иттей окшошуп турат ай! Бир акмакка. Ким эле, эй, катын?

Венера: -Кишини эзбей, басчы!

Мыктыбек: (кетип баратып токтой калып) -Эстедим! Ах-а-ха! Ээ, мунуң жанагы карала капчыкка куюп койгондой окшош экен эй!

Венера: -Кайдагы капчыкты айтып атасың? Көп дөөдүрөбөчү.

Мыктыбек: -Аха-хаа, капчык деп коём. Ык!.. Жанагы бажы башчынын өмүрү тойбогон бир шволуч орун басары бар эмеспи Кашолёк деген. Ошонун эле өзү… (артына кайрылып, Мыктыбекке сөөмөйүн кезеп) Көзүн чукуп салса, неңдурайындын! Орду мага бошойт эле… (столдун жанына токтоп, колун жулкуп) Оп-пээй, ушунун баарын мага даярдап күтүп аттың беле ыя, алтыным?

Венера: (кууланып) -Ооба да. Анан кимге даярдамак элем?

Мыктыбек: (үстөлгө отуруп, колуна вилканы алып, тарелкадагы тамакты жемекчи болуп баратып бакырып ийет) -Менин тамагымдын жарымысын ким жеп салган?!

Венера: (шашыла тарелкага аны-муну салып) -Мастын көзүнө ошентип жарты көрүнө берет.

Мыктыбек: (тарелкасын карап оозу ачылып, башын улам-улам чулгуп) -Ырас эле! (ырсайып күлүп) Топ-толтура. Мен чын эле мас болуп калсам керек?

Венера: -Ошо да. Массың десем ишенбейсиң. Жүр эми жатып эс ал биртике.

Мыктыбек: (туруп баратып стаканды кармап) -Ыракмат сага, байбиче! Мен ыраазы! (чайпалып, дагы бир стаканды Венерага сунуп) Кел секетим, сен үчүн бирди алып коёлу. (Алып ийет да, артынан ичкенге суу издейт. Колуна дагы бир стакан урунат. Аялын ормоё карап). А эмне үчүн үч стакан турат буерде, ыя? (дагы бир стаканды көрө салып) Төртөө! Эмне! Төртөөңөр отурдуңар беле жыргап?

Венера: (башын катып) -Экөөбүз эле отурганбыз.

Мыктыбек: (тап берип) -Ким экөөңөр?!

Венера: -Чынара экөөбүз.

Мыктыбек: -Калп айтпа! Кана аның?

Венера: (ордунан тура калып, эки жагын каранып) -Чынара! Ай, Чынара! (ар жак-бер жакты алаңдап карап Чынараны издеп) Кайда житип кеттиң? (балконду көздөй басып) Биякка чыгып кеткен го?

Мыктыбек: -Ээ, токто! (ордунан атып туруп, Венераны ийинден тартып) Сегизинчи кабаттан секирип кетти дейсиңби аның? Карап тур азыр! (Балкондун эшигин тарс ачып чыгып кетет да, аяктан Чынараны чачтан алып сүйрөп кирет). Неңди гана урайын! Карасаң, шашканынан катындын көйнөгүн кийип алганын! Көрсөтөм азыр экөөңө тең! (Чынараны алаадан апчып) Жулуп салайынбы, ыя!

Чынара “аа” деп бакырып, Мыктыбекти колго чабат. Мыктыбек да “аа” деп бакырып, секирип кетет.

Венера: -Ай, сен эмнеге аякка чыга качтың эле?

Чынара: (этек-башын кымтыланып) -“Күйөөм келип калды, кокуй, качкыла, жашынгыла!” дебатсаң чыга качам да.

Мыктыбек: -Качкыла дедиби? Жашынгыла дедиби? (Чынарага) Дагы ким бар эле? Алар каякка жашынды? Айт!

Чынара: (жер карап) -Экөөбүз эле болчубуз.

Мыктыбек: (кекетип) -Чын элеби?

Чынара: -Чын эле…

Мыктыбек: (теңселе басып үстөлгө отуруп) -Өх, аз жерден өлүп кала жаздабадымбы. (стакандагы аракты ичип жатып селейип калат) Түшүнсөм кудай урсун! (тигилерге карап) Экөөңөр эле отурдуңар беле?

Чынара менен Венера экөө тең бозоргон бойдон “ики-ики”, “ооба-ооба” деп баш ийкешет.

Мыктыбек: (какшыктап) -Экөөңөр эле отурдуңар ээ? (тигилер жүгүнө баш ийкегилейт) Эки стаканга арак куюп кагышып ичип, анын артынан эки стаканга коньяк куюп, анан аларды закуске кылып ууртап… (Чынара менен Венера көздөрүн катып баш ийкегилеп турат) Калп айтпагыла! (Чынара менен Венера экөө тең “чын айтабыз” деп чыйылдап ийишет). Азыр тапчу болсом, баарыңарды өлтүрөм!

Мыктыбек чайпала туруп барып шкафты ачып карайт. Анан төркү бөлмөгө кирип чыгып, үй ичине көз салат. Эки аял буттарын тыбырытып, Мыктыбекти сырткы эшик жакка жолотпой жолун торойт.

Венера: -Болду-болду, алтыным! (кучактап) Менин алтыным мас болуп калган турбайбы? Эчтеке эмес. Эркек деген мас болгондо ушинтип анча-мынча кызганып койбосо болмок беле. (кучактаган бойдон уктоочу бөлмө тарапка тартып) Жанаа тим эле сагынып келдим дебатпадың беле? Сагынганың чын болсо жүрчү, жаталы.

Мыктыбек: -Ыя?

Венера: -Жаталы дейм!

Мыктыбек: -Азыр элеби?

Венера: -Азыр эле.

Мыктыбек: -А Чынарачы?

Венера: -Чынара биз менен чогуу жатмак беле, экөөбүз тиги бөлмөгө кирип кетсек эле акыры-ын чыгып кетет.

Чынара: -Кетем-кетем. (колун булгалап) Мына, кеттим. Жакшы жаткыла!

Венера Мыктыбекти кучактап, уктоочу бөлмөгө бет алат. Чынара кымыңдаган бойдон акырын кетенчиктейт. Венера артына кылчайып: “акырын чыгып кеткиле” деп кол жаңсайт. Ошо маалда Мыктыбек да артына кылчайып токтоп калат.

Мыктыбек: -Ыя, байбиче… (сөөмөйү менен эшик тарапты көргөзүп) Тетиги таштанды салган мүшөк эмне, жарым күндө ушунча толуп кеттиби, ыя?

Венера: -Толбогондо? Сен кеткенден кийин жалгыз эмне кылмак элем деп момунча үйдүн баарын тазалап чыкпадымбы. Жетише албай чарчаганда Чынара подружкамды жардамга чакырдым. Үй тим эле таштандыга толуп кетиптир.

Мыктыбек: -Тетиги Америкадан алты жүз долларга алып келген кострюлуңбу баягы?

Венера: -Ооба, ошол.

Мыктыбек: -Ай, аны жалап-жуктап аябай жакшы көрчү элең го? Жадагалса мага да карматпай катчусуң.

Венера: -Кулагы сынып калыптыр. Аны эмне кыласың, басчы эми, жатчы ары!

Мыктыбек: (ого бетер кетенчиктеп) -Ээ, коё турсаң!.. (көзүн ымдап-ымдап карап) Кулагы сынбай эле… Жанаа… бутумду чечип атканда… (асманга тигиле бирдемени эстегенсип) Тетигиниңин кулагы кимдикине окшош экен, айтайынбы?

Венера: -Айтпайле кой. Жүрчү, жатчы, массың алтыным! Мас киши деген көрүнгөндү сүйлөбөй жатып калат дечү эле.

Мыктыбек: -Ооба, масмын. Бирок, тетиги… кастрюлуңдун кулагы сынбайле турат. Аныңдын кулагы жанагы… Салык инспекциясынын начальниги бар го кежейген. Аның… (Жыргалбекти көрсөтүп) тетиги Кашолёктон кем калбаган коррупционер! (жулунуп) Коё берчи, неңдурайындын кулагын жулуп алайын!

Венера: -Болду-болду, алтыным! Жүрчү эми жаталы.

Мыктыбек: -Жаталыбы? Жатса жаталы. Сагындыңбы мени ыя?

Венера: -Сагындым.

Мыктыбек: (ырдап) -Сагындыңбы, мен да сагындым… Кайдан жүрүп сага кабылдым…

Мыктыбек уктоочу бөлмөгө кирип кеткенде Венера “чыгып кеткиле” деп кол жаңсайт. Жыргалбек, Чынара, Сейитбек үчөө акырын жылып келип эшикти ачышат да, аткан бойдон сыртка чыгышат. Бирок ошол замат үчөө тең колдорун көтөрүп арты менен үйгө киришет. Алардын артынан адегенде сунулган тапанча, анын артынан тапанча кезеген Ормон кирет.

Ормон: (кыйкырып) -Жаткыла! Жаткыла дейм! Жатпасаңар ит аткандай атып салам айтып коёюн!

Баары жерге жатып калышат. Ормон аларды ормоё карап, колун аркага сунуп эшикти жабат. Кулпуну бекитип, үй ичине көз чаптырат.

Ормон: (кыйкырып) -Үйдө дагы ким бар? Чык бери!

Төркү бөлмөнүн эшиги ачылып-жабылып, аяктан Венера жылып чыгат.

Ормон: (тапанчасын кезеп) -Жат!

Венера: (бүжүрөп) -Ушу жергеби?..

Ормон: (кыйкырып) -Жа-ат!

Венера: (калч-калч этип) -Уят эмеспи?

Ормон: -Жат дейм батыраак!

Венера: (аркы эшик тарапты көргөзүп) -Тиякка… диванга жатып берсем болобу?

“Ээк!” деп ызырынып барып Ормон Венераны желкесинен ныгырып жерге жаткырат. Венера оодарылып чалкасынан жатат.

Ормон: -Эмне оодарылып алдың? Көмкөрөңдөн жат!

Венера: -Антип жаткыдай, эмне, мен бузулган аял белем?

Ормон: (ызырынып, тапанчасын кезеп) -Эк, атып салайынчы көп сайратпай!

Венера: (шарт тура калып, көкүрөгүн жылаңачтап) -Ат! Ме… ат!..

Ормон “апа!” деп бакырып, сол колу менен көзүн жаап калат.

Ормон: -Болду, болду… (колун көзүнөн алып) Сен кимсиң?

Венера: -Венера Марсовна…

Ормон: -Күйөөң кайда?..

Венера: -Аны эмне кылат элең, ботом?!

Ормон: (төш чөнтөгүнөн күбөлүгүн алып чыгып көрсөтүп) -Коррупцияга каршы күрөш кызматы… Начальник Ормон Опузабеков. (тапанчасын кабына салып, кол телефону менен тартып кирет) Оперативная съёмка деп коёт муну. Текшерүүчү, коррупционер Мыктыбек Мукамбетовду пара алып келген жеринен кармоо операциясы. (Венерага карап, Жыргалбек менен Сейитбек тарапка сөөмөй кезеп) Күйөөң кимиси? Аркысыбы же беркисиби?

Венера: (калч-калч этип, Жыргалбекти көрсөтүп) -Мобу…

Жыргалбек: (жанталаша тыбырчылап) -Күйөөсү мен эмесмин.

Ормон: -Жап оозуңду!.. (желкесинен ныгыра басып) Келе колуңду! (фонаригин жарык кылып, алаканын карап) Опаля, мына… Паранын изи тим эле балчая түшкөн тура… (Жыргалбекти желкеден кармап тургузуп, үстөлгө отургузуп) Канча пара алдың эле? Алып чык!

Жыргалбек төш чөнтөгүнөн эки таңгак доллар алып чыгып, үстөл үстүнө жаят. Ормон аларды фонариги менен жарык кылып карап, телефонуна тартат.

Ормон: -Опаля! Пара деген жазуу чыктыбы? Чыкты… Эми калганын да алып чык сыйың менен.

Жыргалбек: (калч-калч этип Венераны карап) -Ал… ал-ал…

Венера үстөл үстүндөгү акчаларды жанталаша баса калат. Ормон анын колун толгоп токтотот.

Ормон: -Тарт колуңду! Муну сен албайсың, мына мен алам. Алганыңды алып чык деп атат күйөөң. Алып чык батыраак!

Венера: (мойнун толгоп) -Алып чыкпай эле турам. Мен деген аны честно өз эмгегим менен тапкам.

Ормон: -Кантип?

Венера: -Мобу… (бетин көрсөтүп) эримден башка эч ким өппөгөн бетимден эки өптүрүп.

Ормон: (делдейе залды карап) -Өз күйөөсүнө бетин саткан катынды биринчи ирет көрүшүм.

Венера: (тултуңдап) -Бул деген менин күйөөм эмес.

Ормон: (таң калып) -Күйөөм эмес?!

Венера: -Күйөөм эмес.

Ормон: -Күйөөң эмес болсо биякта эмне жатат?

Венера: -Эшиктен тапанча такап кууп кирип, анан “жат эле жат” деп бакырып атсаң, жатат да бечара… (Жыргалбекке карап) Таптакыр жүрөгүн түшүрүп салган тура! Өңүн карачы, бопбоз болуп. Кел, садагасы, апаптап коёюн.

Ормон: (жер тепкилеп бакырып) -Токтоткула концертиңерди?! Апкел алган параңды!

Жыргалбек: (Венераны карап) -Апкелчи, жаны калсын.

Венера жерди оё-оё басып барып, сумкасынан эки таңгак доллар алып келип үстөл үстүнө ыргытат.

Венера: -Ме!

Ормон: -Бу жерде канча?

Венера: -Көрбөй турасыңбы? Жыйырма миң.

Ормон: (Жыргалбекке карап) -А калганы кана?

Жыргалбек: (бүжүрөп) -Ушул эле болчу.

Ормон:  -Жаныңды жебечи? Алтымышты албадың беле?

Жыргалбек: -Кыркты эле алгам, кудай урсун.

Ормон анын чөнтөктөрүн сыйпалап көрүп, жерде жаткан Сейитбекке келет.

Ормон: -Сун колду! (Сейитбектин колдорун фонариги менен карап) Опаля! Мына, дагы бир коррупционер-паракор. Эй, сен да пара алгансыңбы?

Сейитбек: -Ооба… Жок-жок, алган эмесмин.

Ормон:  -Колуң таза эмес болуп атпайбы?

Сейитбек: (ордунан тура, төш чөнтөгүнөн эки таңгак доллар алып чыгып) -Ме. Тетигинин жыйырмасы. Мага “ката турчу” деп каттырып койгон.

Ормон: (Жыргалбекти табалай карап) -“Кыйкты эле айгам, кудай уйсун” деп коёт. “Алтымыш миңди алып кетти, сумкасына салып кетти” деп кабар түшүп атса… алдагысы бар, тимеле. (Сейитбекке карап) Алдагыларыңды үстөлгө жай.

Сейитбек долларларды үстөл үстүнө жаят. Ормон аларды фонарик менен карайт.

Ормон: -Мына, эми толук болду. Келгиле, коррупционерлер, паракорлор, жемкорлор, элдин канын соргондор… (баарын үстөлгө катар отургузуп, смартфонун текче үстүнө коюп коёт) отургула тизилип. Эртең силерди элдин баары көрсүн. Тележылдыз, интернет жылдыз кылайын баарыңарды.

Сейитбек, Жыргалбек, Венера катар тизилип отурушат.

Венера: (Чынарага карап) -Ай, эмне жатасың жалдырап. Тур. Кел биякка, алып чык сен да алганыңды.

Ормон: -Бул да алды беле?

Венера: -Алган. Карасаң ай, өлүмүш болуп жатып алгысы бар. Жыйырма миңди жымырып катып алгысы бар.

Чынара ордунан кагынып-силкинип туруп, ары жактагы сумкасынан эки таңгак долларды үстөлдүн үстүнө ыргытып, Венерага далысын сала ары карап отуруп калат.

Ормон: -Бу каяктагы жыйырма миң, күйөөң алтымышты эле алса?

Жыргалбек: (Венераны көрсөтүп, Ормондун кулагына шыбырайт) -Алтымышты мунун күйөөсү алган.

Ормон: -Мунун күйөөсү?.. Ал каякта?

Жыргалбек: (төркү эшикти көрсөтүп) -Тиякта.

Ормон: -А сен кимсиң анда?

Жыргалбек: -Мен… (ырсая күлүмүш этип) Эми… Кыргызстанда мени ит да тааныйт эмеспи.

Ормон: -Мен ит эмесмин! (көкүрөгүн кагып) Мен деген Коррупцияга каршы күрөш кызматынын башчысы Ормон Опузабеков…

Жыргалбек: (кош колун сунуп) -Анда, таанышып алалы. Жыргалбек Ыргалбаев – Бажы кызматынын башчысынын орун басары.

Ормон: -Бажы кызматынын?.. (Жыргалбекти айлана карап) Корбашынын кошолёгубу? Койчу ай, тамашалабай…

Жыргалбек: -Тамашасы жок эле. (көзүнө күбөлүгүн такап) Сиз… Сен ким менен тамашалашып жатканыңды түшүндүңбү эми?

Ормон: (Сейитбекти көрсөтүп) -А бул киши ким?

Сейитбек: – Сейитбек Алгыров – Салык кызматынын башчысы.

Ормон: (секирип кетет) Салык кызматынын?.. (башын уучтап тегеренип) Оо, кудайым-ай, текшерүүчү-коррупционер, алтымыш миң доллар пара алган Мыктыбек Мукамбетовду колго түшүрөм деп келип, жылаандардын… жок-жок, ажыдаарлардын куйругун басып алгамбы?

Жыргалбек: (каткырып) -Аха-ха! Ажыдаардын куйругун деп коёт. Айтайынбы, сен кимдин куйругун басып алганыңды?

Ормондун оозунан сөз чыкпай, каккан казыктай туруп, чест берип ийет.

Сейитбек: -Эй, келесоо, сен деген так Корбашынын куйругун басып алдың. Ошону билип атасыңбы?

Ормон “ооба-ооба” дегенсип баш ийкеп, тизелей отура калат.

Ормон: -Эми канттим? Шордуу башым ай! Шордуу башым! (Сейитбек менен Жыргалбекке жалдырай карап) Эми мен эмне болом?

Жыргалбек: -Эмне болмок элең? Жатасың да…

Ормон: -Ушу жергеби?

Жыргалбек : (каткырып) -Өзүңөрдүн канторанын жертөлөсүнө…

Сейитбек: -Өзүңөр камап, кармап отурган экс-президенттердин, экс-премьерлердин, экс-депутаттардын жана башкалардын жанында жатасың. А-ха-ха!

Ормон: -Аякта мага орун жок да.

Жыргалбек: -Кандайча орун жок?

Ормон: -Канторанын жертөлөсүндө бир да бош камера калбады. Аларды силердин Корбашыңардын батальону кампа кылып алышкан. Эмне, экс-президент жер төлөдө камерада отурат деп атасыңарбы? Жок. Ага менин иш бөлмөмдү бошоттуруп беришкен. А мен байкуш… (жашып) ошо камераларды кайтарып коридордо отурам.

Сейитбек: -А беркилери кайда отурушат?

Ормон: -Премьер-министрлерге орун басарлар менен жардамчыларынын кабинеттерин бошотуп беришкен. Калгандары начальниктердин иш бөлмөсүндө.

Жыргалбек: -Жыргал эле ошоякта турбайбы?

Ормон: -Каяктагы жыргал?! Күндөй-түндөй күжүлдөп эле өткөрүп бермей, өткөрүп алмай.

Жанатадан бери Чынарага далысын салып мурчуюп отурган Венерага жан кирип, кепке аралашат.

Венера: -Кимди? Эмнени?

Ормон: -Эмнени болмок эле? Жанагы камералардагы кап-кап долларларды да.

Жыргалбек: -Аларды кимиси кимисине өткөрүп берип жүрөт?

Ормон: -Эки ай бою эки камера толо экс-президенттин казынасынын чып-чыргасын коротпой каттап-чоттоп азыркысына өткөзүп бердик. Экс-премьерлердикин эмки премьерге эми эле өткөзүп бүтсөк, анысы кетип жаңысы келип… Тиги депутатыныкын тигинисине өткөзүп бүтө электе анысы кетип, башкасы келип… Кайсы кара шайтан айдап ошоякка орношо койдум экен?! (жер сүзгүлөп) Курган башым ай, курган башым!

Жыргалбек: (Ормонду колтуктан алып тургузуп) -Энди, жер сүзгөн менен пайда жок. Андан көрө кел отур… (каткырып) коррупционерлердин, паракорлордун, жемкорлордун, элдин канын соргондордун катарына.

Ормон буту-колу калчылдап туруп, тигилердин катарына отурат.

Ормон: -Жо, жо-ок, силер коррупционер, паракор, жемкор эмессиңер. Ошентип ким айтты? Ошентип айткандын оозуна кум тыгылып калсын.

Сейитбек: -Кана айтчы, коррупционер, паракор, жемкор эмес болсок, анда биз кимбиз сенин оюңча?

Ормон: -Силер… Тоюс… сиздер деген эл үчүн эт-бетинен кетип кызмат кылган, эң чынчыл, эң адилет, эң-эң… эң таза адамсыздар.

Жыргалбек: -Ай, акмак! Жанаа мага тапанча кезеп, жарыкка салып карап, колу таза эмес экен деп атпадың беле?

Ормон: (чөнтөгүнөн бетаарчысын алып чыгып, шыпылдай тигинин колун тазалап ийет) -Ой-ий, карагылачы кандай таптаза кол. (фонаригин жандырып карап) Ушундай таза колду “алгыч-жегич” деген жанагы жалганчы журналисттердин жумуруна жара чыгып, анысы ракка айланып кетсин!

Сейитбек: (колун сунуп) -Менин колумчу?

Ормон: (анын алаканын жалап ийип, сүртүп) -Сиздики да таптаза… эгерим эч нерсе албаган… идеально таза кол!

Жыргалбек: (үстөл үстүнө ээк кагып) -А буларды эмне кылабыз?

Ормон: (эки таңгакты уучтай Жыргалбекке сунуп) -Өзүңүздүкүн өзүңүз эле алыңыз.

Жыргалбек: (колун катып) -Жо, менин колум таза. Өмүрү бирөөдөн пара алып көргөн эмесмин. Албайм.

Ормон: -Аа, кечирип коюңуз Жыргалбек Ыргалбаевич… (таңгактарды шыпылдата тазалап) Эми ала берсеңиз болот. Пара деген жазуу тургай, изи да калган жок.

Жыргалбек жылмая күлүп, таңгактарды чөнтөгүнө салат. Ормон ошондой эле тездик менен эки таңгакты шыпылдата тазалап, ийиле таазим этип Сейитбекке сунат. Чачылып жаткан калган акчаларга колун сунганда Чынара менен Венера аны колго чаап, долларды баса калып талашып, тытышып кирет.

Жыргалбек: (тигилерди жийиркене карап) -Түй, ата! Акча дегенде өлүшөт го тимеле! (Сейитбекке) Жүр, кеттик.

Экөө ээрчишип эшикке карай бет алат.

Ормон: (жалдырап) -А мен эмне кылайын?

Жыргалбек: (төркү эшикти көрсөтүп) -Азыр биз акыры-ын чыгып кетели, анан тигинин алтымышын алып, сен да куйрукту түй батыраак. Чао!

Экөө эшикке жете берерде Жыргалбектин чөнтөк телефону чырылдап, ал телефонун кулагына тосот. Бир саам унчукпай угуп туруп, телевизорго чуркап жетип жандырат.

Телевизордо сахнада болуп жаткандар көрсөтүлөт.

Баары бир саам сенейип катып калышат.

Жыргалбек айтар сөзүн таппай: “а-бу, бу-бу” деп телевизордун пультун издеп шашкалактайт.

Венера ары жакта жаткан пультту ала коюп, каналдарды которот.

Телевизордо аэропорттон көтөрүлүп учуп бараткан самолёт көрүнүп: “Биз азыр “Манас” аэропортунда турабыз. Корбашы үй-бүлөсүн алып жеке учагы менен белгисиз тарапка учуп кетти жаңы эле” деген кабарчынын сөзү угулат.

Кийинки каналда: “Ободо “Азаттыктын” чукул чыгарылышы. Түз алып көрсөтүү” деген үн угулуп, каяккадыр кетип бараткан машиналардын колоннасы көрүнөт. “Бизге жеткен маалыматтар боюнча береги машиналар менен биздин министрлер, депутаттар, аткаминерлер өлкөдөн качып чыгышууда. Өзүңүздөр көрүп тургандай, жол тыгын. Өтүүгө мүмкүн эмес. Чек арадан кимдер качып өткөнүн чек арага жеткенде кошумча кабарлайбыз. Каналды которбой, биз менен бирге болуңуздар” деген үн.

Дагы бир каналда “Өзбекстанга өтүп кетишти”, андан кийинкисинде “сууну кечип Тажикстанга чыгып атышат” деген берүү.

Жыргалбек: (алактап) -Ай, өчүр! Өчүр дейм алдагыны!

Сейитбек: (ары-бери чуркап) -Телевизордон мурун телефонду өчүр, келесоо!

Ормон: (ордунан жыла албай) -Кайда телефон?.. Кана телефон?.. Ке… ке-ке!..

Чынара чуркап жетип анын телефонун алып келип колуна карматат. Ал калчылдаган колу менен телефонун өчүрө албай жатканы телевизордон көрүнүп турат.

Телевизор караңгыны көрсөтүп калат.

Баары жабыла Ормонду ормоё карап, акырындап курчашат.

Баары: (хор менен) -Эй, келесоо, телефонуңду интернетке кошуп салдың беле ыя?

Ормон: (телефонун чукулап, башын койгулап) -Атаны келесоо башым, а-ай! “Азаттыктын” түз эфирине кошуп салган турбаймбы…

Баары жабылып Ормонду чапкылап-тепкилеп киришет. Ошол маалда төркү эшик ачылып, уйкусу чала, масы али тарай элек Мыктыбек чыгып келет.

Мыктыбек: (көзүн ушалап) -Эй, катын! Эмнеле ызы-чуу кылып атасың ыя, неңдурайын!

Баары турган ордунда катып калышат.

Мыктыбек: (чайпала басып келип, Жыргалбекти карап) -Неңдурайын, мунусу өмүрү тойбос Кошолёкко окшошот… (Сейитбекти карап) Мунун кулагы жанагы селпейген ким эле, ыя катын?.. Салыкты сааган Сейитбек Алгыровдун кулагы… (башын катып чөк түшүп отурган Ормондун чекесин көтөрүп) А мунусун мурда көрбөптүрмүн…

Теңселе басып барып, стаканга арак куюп ичет. Эки көзү телевизорго кадалат.

Телевизор жанып, жабылып турган чек ара тосмосун көрсөтөт. Кабарчы: “Коронавируска байланыштуу Казакстан бүгүн чек арасын жапты. Кыргызстандын кыркка жакын коррупционер-аткаминерлери чыгып кетүүгө үлгүрүп, азырынча аты тактала элек бир аткаминер мобу тосмону аттайм деп алаасын айрытып, тез жардам машинасы алып кетти” дейт.

Кадр алмашып, “Шашылыш кабар! Өзбекстан менен Тажикстан чек арасын бекитти” деген диктордун өңү көрүнөт.

Катып тургандар жанталаша кыймылга келет.

Жыргалбек: (сыртка карай басып баратып) -Жүр, Сепе, кеттик!

Сейитбек: -Каякка?

Жыргалбек: -Аэропортко.

Сейитбек: -Чек араны жапты деп атпайбы?

Жыргалбек: -“Түркияга кетчү жүк” деп катталып өтүп кетебиз. Бас эми батыраак!

Экөө ээрчишип чыгып кетишет. “Э-эй, мени да ала кеткиле!” деп кыйкырган бойдон алардын артынан Ормон жөнөйт.

Венера Мыктыбектин мойнуна сумкасын илип, дөңгөлөктүү чемоданын сүйрөп, күйөөсүн колтуктай алардын артынан ашыгат.

Сырткы эшик тарс эте жабылып, Чынара эшикти ача албай, камалып калат.

 

Чынара: -Кетип калыштыбы? (чуркап барып терезеден карап) Тимеле чымын-куюн болуп кетип баратышат. (муштумун кезеп кыйкырып) Артыңарга шамал!.. Кеткиле! Биротоло кеткиле! Келбегиле экинчи!.. (үй ичине көз чаптырып) Мунун баары меники! (чуркап барып шкафтан шубаны алып жамынып) Бу да меники!.. Баары меники!.. Меники!..

2-көшөгө.

Сахна акырындан айланып, кийинки көшөгө көрүнөт.

Чек ара тозоту. Мойнуна автоматын асынган чек арачы. Сахнанын бир бурчунда чек арачынын күркөсү. Экинчи бурчунда темир тор менен тосулган эшик. Калган бөлүгүндө кишилердин портреттери илинген. Жыбыраган тизме.

Сахнага бет кап кийип алышкан Жыргалбек, Сейитбек, Ормон үчөө, алардын артынан Венера менен Мыктыбек шашыла киришет.

Чек арачы аларга автоматын кезеп, буйрук кылат.

Чек арачы: -Токтогула! Силер кимсиңер?

Жыргалбек: -Биз эле… корруп…

Чек арачы “жакындабагыла” деп бакырган бойдон күркөсүнө кире качып, беткап тагынып, айнек терезеден суроо салат.

Чек арачы: -Силер да коронавируспу?

Баары: -Ооба, ооба.

Чек арачы: -Анда батыраак чыгып кеткиле. (сахнага кайрылып) Коронавирус деген шүмшүгү Ак үй менен Көк үйдү бүт аралап кеткенби?

Ормон: (чек арачыга) -Бизден башка дагы кимдер чыгып кетишти?

Чек арачы: (көшөгөнү көрсөтүп) -Алдагылардын баары.

Мыктыбек: (сүрөттөрдү карап) -Түүй-ата, аткаминерлерден бирөө да калган эмес ко?

Жыргалбек: (тизмени баштан-аяк, жатып калгыча окуп) -Ырас эле, эл башкарган эч кимиси калбаптыр. Баары чыгып кетишиптир.

Сейитбек: (ортого кыпчылып сүрөттөр менен тизмени окуп) -Салыкчылар менен бажычылар да калбаптыр! (залга карап) Эми салык менен алыкты кимиңер чогултасыңар?

Мыктыбек: (залга карап) -“Факт бергиле…” “Коррупцияны жоготобуз” дебатып, мына, жоготтуңар. Жаткыла эми башкарар-багар кишиңер жок.

Ормон: -Ура-а! Кыргызстанда бир да коррупционер калган жок!

Венера: -Ай, эмне бакырасың? Калды толтура.

Ормон: -Кана калганы? Карабайсыңбы мобу тизмени.

Венера: -Түрмөдө жатпайбы жайнаган коррупционерлер. (залга карап) Ананайын кыргыз элим айкөл эл эмеспи. “Алар буларды акыйкатсыз камашкан, ак болчу, колу таза болчу” деп бошотуп алат. Анан алардын бирин калтырбай президент, премьер, депутат кылып шайлап алышат.

Чек арачы: -Жолдош коронавирустар! Өлкөбүз карантинге жабылып жатат. Тезирээк чыгып кетүүңүздөрдү суранам.

Баары: -Мына кеттик, кеттик!

Баары жабыла чыгып жөнөшөт. Венера бир нерсени эстегенсип токтой калат. Баары токтоп, аны карап калышат.

Венера: -Мен кетпейм. Калам.

Мыктыбек: -Эмне болду?

Венера: -Жанагы… Кырк миң долларга алган шубам калып кеткен турбайбы?

Мыктыбек: -Ай, басчы жалдырабай! Сага мен керекминби же шуба керекпи?

Венера: -Сен жерге кир! (өңгүрөп) Шубамды шуудуратып бир кийип калганда эмне-е? Эми аны жанагы Чика деген шерменде кийип жыргайт да-а?! (сооронуп) Жок, мен калдым.

Ары жагынан Мыктыбек, бери жагынан Жыргалбек Венеранын алдын торой: “таштаба мени!” деп тизелей калышат.

Мыктыбек Жыргалбекти жеп ийчүдөй олурая карап, “сага эмне жок?” дегендей баш ийкейт.

Чек арачы: -Жолдош коронавирустар! Беш мүнөттөн кийин чек ара жабылат.

Венера: -Болбостур эми, болбостур! Шуба кара жерге кирсинчи, силердей жигиттер турганда! Жүрү, кеттик!..

Баары жабыла чуркап чыгып кетишет.

Чек арачы тор тосмону бекитет. Ошол маалда сахнанын берки жагынан артына рюкзагын асынып, колтугуна англис тилинде “Диплом” деген жазуусу бар алкакты кыстарган Үмүт чыга келет.

Мыктыбек менен Венера тордун ары жагынан жарыша кыйкырат.

Мыктыбек: -Айланайын, уулум!

Венера: -Үмүттайым менин!

Үмүт: -Ата!.. Апа!.. Кандай, жакшысыңарбы?..

Мыктыбек: (жашып) -Кайдагы жакшы?..

Венера: -Эмне, окууңду бүттүңбү, каралдым?

Үмүт: (дипломун көрсөтүп) -Артыкчылык диплому менен… А силер каякка?

Мыктыбек: (шалдайып) -Билбейм, балам…

Венера: -А өзүң каякка?

Үмүт: -Келатам өз үйүмө, Кыргызстаныма.

Венера: -Кайдагы Кыргызстан?.. Кыргызстаның сазга баткан белчесинен. Момунча (эки колунун учун тийгизе көтөрүп) карызы бар мойнунда. Келечеги таш капкан.

Үмүт: -Аны кимдер кылышты?

Мыктыбек: (башын жерге салып) -Биз кылдык, балам…

Венера: (Жыргылбек, Сейитбек, Ормондорду көрсөтүп) -Биз эмес. Тетигилер кылышты. (сахнанын бетин көрсөтүп) Мобулар кылышты…

Үмүт: -Билем, апа. Баарын билем. Ошон үчүн кайтып келатпаймбы.

Венера: -Биякта сенин келечегиң жок. Жүр, кеттик.

Үмүт: -Өлкөнү сазга силер тыктыңар, аны эми биз – Европадан жогорку билим алган мен, Америкада иштеп тажрыйба топтогон Жыргалбек уулу Тилек, Орусиядан кайтып келаткан Ормон кызы Махабат, Кытайдын ири кампаниясынын жетекчиси Сейитбек кызы Ишеним болуп саздан сууруп чыгабыз деп макулдаштык.

Ары жактан Жыргалбек, Сейитбек, Ормондор чуркап келишет.

Баары: (жарыша) -Тилек да келатабы?.. Махабат, кана?.. Ишеним, кызым!..

Үмүт: (саатын карап) -Тилектин самолету жарым сааттан кийин конот. Махабат менен Ишенимдер бир сааттан кийин келишет.

Баары: (жарыша) -Жок! Жок! Келбегиле! Кеткиле кайра! Бул өлкөдө келечек жок!

Чек арачы жигит келип Үмүттү ийинден кучактап, экөө залга карап жарыша жар салышат.

Экөө: -Кыргызстандын келечеги – Биз!

Патриоттук шаңдуу ыр менен көшөгө акырындап жабылат.

(аягы)