Догдурбек Юсупов: Карапайымдыктын тийгизген жарыгы

Окугандан кийинки ой

Карапайымдыктын тийгизген жарыгы

 Краткость – сестра талантаАнтон Чехов

Начар аңгемечи жакшы тарыхты жеңил-желпи эле бузуп коюшу мүмкүнМортимер Адлер

Адабият күнүнө карата улуттук Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, бир катар таланттуу калемгерлер “Алтын калем” статуэткасы, диплом жана сертификат менен сыйланышты. Алардын ичинен эң татыктуусу таланттуу жазуучу Топчугүл Шайдуллаева деп эсептейм. Көптөн бери кыска, бирок нуска аңгемелерине көңүлүм түшүп жүргөн жазуучунун чыгармачылык лабораториясына колдон келишинче реалдуу сереп салып көрүүнү чечтим.

Чынында эле роман менен повесттин сюжетин чакан аңгеме менен эле берип койсо боло тургандыгын айрым таланттуу прозаиктер иш жүзүндө таамай тастыктап жүрүшкөндүгү адабий процесстен белгилүү. Байкап көрсөк, жазма адабиятыбыз башталгандан бери аңгеме жанрындагы жетишкендиктер адабият майданында өзгөчө салмактуу болуп келген эмеспи. Белгилүү жазуучулардын көпчүлүгү бул татаал жана маанилүү жанрга кайрылышып, учурунда адамды толкундандырган актуалдуу проблемаларды таасын чечип берүүгө жатык тил менен аракет кылып келишкен. “Аңгеме өзүнүн кыскалыгы менен жыйнактуу кылат, импрессиондук ыкмага – көз ирмемде жана так көрүүгө үйрөтөт,”- деп орустун таланттуу аңгемечиси Юрий Казаков бул жанрга чоң маани берген (Юрий Казаков, “Эки түн”, Москва, “Современник”, 1986, 21-бет). Ошондой эле бекер жеринен аңгемени адабий салгылаштын чечүүчү учурунда аткан залптары чечүүчү салым кошо турган кубаттуу алыска атуучу оор замбирекке салыштырган эместир. Мына ушундан эле аңгеме жанрына коюлган талаптын салмактуу экендиги таасын тастыкталып турат.

Аңгеме жанры татаал. Мына ошондуктан бардык эле аңгемелердин өз максатына жетип, ийгиликтүү чыга бербеши белгилүү. Кээ бир кыргыз жазуучулары айрыкча гиперболизациялоо менен символикалуулукка кызыгып кетишип, конкреттүү аракетке, социалдык жана нравалык активдүүлүккө, адам мүнөзүнүн байлыгына көңүл бурбай келишкендери да болгондугу ырас. Бирок, ошондой болсо да мезгилдин духовный проблемаларын чечүүгө, замандаштын мүнөзүн изилдөөгө жогорку идеялык-көркөм деңгээлде аракет кылган аңгемелер жаралбай койгон жок. Мындайча айтканда, “…Азыр публицистикалык маанайдагы чыгармалар алдыңкы планга чыкты.” (Александр Рубашкин. “Прямая речь”, “Советский писатель”, 1998.) Ал эми орустун атактуу жазуучусу, Мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты Виктор Астафьев:” … И любовь читателей к этому жанру проистекает отсюда же – читатель и писатель как бы помогают рождению и совершенствованию друг друга,”- деп окурман менен жазуучунун эриш-аркак байланышынын натыйжасында гана аңгеменин жаралуу процессин тастыктап отурат.

Бул кыска жанрды жазууну өзүнө “энчилеп” алган таланттуу жазуучу Топчугүл Шайдуллаева прозадагы эң сүйүктүү жана бир кыйла татаал жанр болуп саналган аңгеме, болгондо да кыска аңгеме жазуунун чебери экендигин даана айкындай алды.

Жазуучунун ар бир аңгемесинде жарандык пафоско жык толгон жана учурдун ири тиричилик проблемаларын козгогон панорамдуу жана реалдуу картина тартылган. Анын кыска, бирок нуска аңгемелери кийинчирээк элдин турмушунун энциклопедиясына айланган келечектеги кеңири полотнонун прелюдиясынан болуп калышы ажеп эмес. Т.Шайдуллаеванын ар бир аңгемеси көп кырдуу турмуштун акыйкаттыгынын тигил же бул конкреттүү тарабын чагылдырып, коомдук-социалдык чындыкка, мүнөздөрдүн чындыгына ылайык келген жаркын образдарды ачып, адамдык бакыт менен кайгыны, кубаныч менен кейишти, сүйүү менен жек көрүүнү, ийгиликтер менен кемчиликтерди дааналап көрсөткөндүгү менен айырмаланат.

Биз сөз кылып жаткан орто муундагы жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгын кандайдыр бир деңгээлде кыргыз элинин сүйүктүү жазуучуларынын бири Мурза Гапаровдун чыгармачылыгы менен үндөш десем мүмкүн туура болчудай. Анын каармандары Гапаровдун каармандары сыяктуу эле жөнөкөй, карапайым адамдар, кыргыз айылынын адамдары.

Жазуучунун аңгемелеринин ийгилиги эмнеде? Себеби анын аңгемелеринде автордун жаратылышка жана жергебиздеги бардык жандууларга болгон сүйүүсү айкын чагылдырылган, жүрөк жылуулугу арналган, анын аңгемелеринин башкы каарманы – бул аң-сезими таза, келечекке зор ишеним менен караган айтылуу Шукшиндин “чудиктериндей” болгон карапайым адам. Ал өзүнүн аруу ишенимин өтө оор турмуштук кырдаалдарда да жоготпогондугу менен элестүү.

Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгы бекер жеринен элет дүйнөсү менен байланышкан эмес. Жазуучу айыл калкынын психологиясын, алардын тирлигин, тилин мыкты билет. Мисалга алсак, анын “Күтүү” аттуу жаңы жазган аңгемесин окуганыңда мурда өзүң жакшы билген конкреттүү айылда жүргөнүңдөй сезесиң, анын каармандары: кемпир менен секелек кыз тааныш, өзүң менен бирге өмүр сүрүп жаткандай сезилет. Кары кемпирге бооруң ооруп, аракечтин жосунсуз жоругуна жиниң келип, жүрөгүң кысылат. Там башына чыгып алып, жүрөгүндө кири жок секелек кыз менен бирге айланага суктануу менен көз жүгүртүп, коңшу адамдын эшегин сабаганына протест кылгың келип кетет.

Элет жериндеги карапайым адамдар – Топчугүл айымдын түгөнгүс темасы мына ушул. Карапайым адамдардын арасынан автор тууган жер менен биримдиктин зарылдыгын курч сезген чыныгы, астейдил адамдарды издейт. Нравалык тазалык, ички күч-кубат, ишеним сезими, тууган жерге арзуу – жазуучунун чыгармаларынын каармандарынын – карапайым, бирок, ички дүйнөсү бай адамдардын мүнөздүү белгилери мына ушундай.

Бул ойду таланттуу сынчы Болотбек Таштаналиев реалисттик аспектиден минтип калыс баа бергени биздин жогорку пикирибизди толуктап турган сыяктуу… “Т.Шайдуллаева негизинен элет турмушу, карапайым элет адамы тууралуу жазат. Жазганда да элестүү жана ширин, кандай болсо, дал ошондой, буруу-туруусуз, ашырбай да кемитпей, бир окуган соң өмүр бою унутулбай тургандай жазат,”- деп айтканына кантип ынанбай коёсуң. Жазуучу “Бири кем дүйнө”, “Пирим”, “План”, “Атлес көйнөк” өңдүү аңгемелери менен чебер гравёр сымал эч кандай дифирамбга алдырбастан, элеттик карапайым адамдардын портреттеринин галереясын жарата алган.

Таланттуу жазуучунун аңгемелеринде темалардын алкагы кең, социалдык типтер, ар түрдүү мүнөздөр арбын. Анын каармандары: дүкөнчү, молдо, өрүк кургаткыч, ичкич ж.б.лар. Алар өлкөбүздүн бардык аймагындагы айылдарда жашашат жана эмгектенишет. Алардын күндөлүк турмушунда башталышы өткөндө болгон окуялар кездешет. Бул өткөн мезгилде болгон жолугушуулар жазуучу тарабынан ностальгиянын түсү менен боёлбойт. Алар ага эс тутумду жандандырууга ыңгайлуу шарттарда, учурду түшүнүүгө фрагментардуулуктан арылууга жардам берүү үчүн зарыл.

“Пирим” аттуу аңгемеде автор башкы каармандын образынан өмүрдөгү тиричилик менен интеллектуалдык турмуштун белгилерин көрөт. Адамдык ыйман – адамдарды жакшы менен жаман интеллектен айырмалап турган өмүрдүн өзөктүү символу. Аңгемедеги башкы лирикалык каарман мына ушундай артыкчылыгы менен күчтүү. Ой-чабытынын масштабдуулугунун натыйжасында жазуучу жандуу образ жарата алган.

Белгилүү орус сынчысы Игорь Дедковдун сөзү менен айтканда:”Жазуучудан эки нерсе талап кылынат: анын лирикалык аңгемелеринде жаратылыш таасын көрсөтүлүүсү керек, ал эми эпикалык же драмалык чыгармаларында жандуу образ болууга тийиш.” (Игорь Дедков, “Бул жер жана бул асман”, Кострома, Костромаиздат, 2005). Буга Топчугүл Шайдуллаеванын жаратылышты да таасын сүрөттөгөн, жандуу образ да жараткан аңгемелери жооп берип турат.

Менимче, Т.Шайдуллаеванын кыска аңгемелери карапайым адамдар тууралуу карапайым таризде жазылганы менен публицистикалык ойлорго жык. Менин оюмча, заман өнүккөн сайын мурдагыдай сюжет кууп кетүү артта кала баштап, социалдык-психологиялык ой айтууга талаптын күчөгөндүгү бул жанрдын жаралышын да татаалдаштырып жаткан сыяктуу. Азыр коюлуучу талап да күчтүү. Тактап айтканда, (ушул жерден макаланын башында айтылган цитатаны дагы бир жолу кайталоонун зарылдыгы келип турат) “… азыр публицистикалык аңгеме алдыңкы планга чыкты.” (Александр Рубашкин. “Прямая речь”, ” Советский писатель”, 1998).

Карапайым кыргыз адамынын духовный мейкиндиктери, учурдагы анын гумандуу түзүүчүлүк ролу Т.Шайдуллаеванын аңгемелеринде таасын чагылдырылып, так философиялык-публицистикалык мүнөзгө ээ. Салмактуу публицистика болсо залкар ойлорго жана үлкөн проблемаларга таянат эмеспи. Ушул жерден таланттуу акын Жыргалбек Касаболотовдун айткандарына басым жасасак ылайыктуу болчудай. Анын айтымында: “… көбү турмуштан алынып, ошол эле учурда кыйла актуалдуу социалдык маселелерди козгойт, окурманды ошолордун тегерегинде ой жүгүртүүгө мажбур кылат… Баарында болбосо да кыйла бөлүгүндө мыкты чыгармаларга мүнөздүү болгон өтмө катар маанилер, улам ар кайсы өңүттөн ачылган көрүнүштөр чагылдырылган”. (Жыргалбек Касаболотов. “Кыргыз аялдарынын дүйнөсү Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармаларында.” “Кыргыз маданият борбору”, 2021.)

Албетте, кээ бир аңгемелеринде деле учурдун адеп-ахлактык проблемаларын чечүүгө, замандаштын мүнөзүн изилдөөгө жогорку идеялык-көркөмдүк деңгээлде жазылган активдүү-ишкер аңгемелер менен бирге философиялык-медитативдик ой айткан чыгармалардын да кирип кеткендиги шексиз. Бирок, алар жалпы чыгармаларга көлөкө түшүрө албары айгине.

Таланттуу жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын бир катар аңгемелерине талдоо жүргүзгөндөн кийин алардын граждандуулуктун пафосуна сугарылгандыгын, “… аңгеме өзүнүн кыскалыгы менен жыйнактуу кыларын…” (Юрий Казаков) таасын баамдадык. Кыргыз адабияты, өзгөчө аңгеме жанры өзүнүн өнүгүүсүнүн өзөктүү жана кызыктуу тилкесине чыкты. (Бул сөзүбүзгө Жумабек Токтогазиевдин, Бейшенбай Усубалиевдин, Айдарбек Сарманбетовдун, Элмира Ажыканованын, Шекербек Калыковдун, Жыпара Исабаеванын, Жээнбай Түрктүн аңгемелери далил). Демек, аңгеменин көркөмдүк горизонту жанр катары кеңейип, публицистикалык дем менен байып жатышы кубаттоого гана арзыйт.

Догдурбек Юсупов,

Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер