ТҮБӨЛҮК – СӨЗ МЕНЕН МУЗЫКА

Учурдагы, заманбап поэзия ааламынын көрүнүктүү өкүлү, акын – Вадим Терёхин, Россиянын жазуучулар Союзунун тең төрагасы. Москвада орус тилинин эл аралык академиясынын вице-президенти жана академиянын анык мүчөсү, Россия боюнча жалпы “Россия жазуучулар Союзунун” Калуга областындагы бөлүмүнүн төрагасы жана Калуга областынын II даражадагы мамлекеттик кеңешчиси, “Дубалсыз дүйнө” эл аралык поэтикалык кыймылынын координациялык Кеңешинин мүчөсү, Санк-Петербургдагы Петровдук илимдер академиясы менен искусствонун анык мүчөсү.

1963-ж. Тула областында төрөлүп, Казандагы жогорку аскердик ракеталык команданын инженердик адистигин ата-энесинин талабы менен мыкты окуп, көп жыл “Байкоңур” космодромунда кызмат өтөгөн. Адабиятка болгон кызыгуусу аны өмүр бою коштоп жүргөндүктөн, акыры М.Горький атындагы Адабият институтуна келип, чыгармачылык конкурс аркылуу экзаменсиз кабыл алынып, окуп бүткөндөн бери адабият, маданият, искусство жана кинематография тармагында үзүрлүү эмгектенип келет.

“Тарас Шевченко” атындагы бүткүл украиналык адабий сыйлыктын, “Золотой Витязь” атындагы славян эл аралык адабий форумунун сыйлыгынын, “Марина Цветаева” атындагы ж.б. көптөгөн көрүнүктүү, салмактуу адабий сыйлыктардын ээси. 2021-ж.күзүндө, Кытай эл Республикасынын эл аралык Боао поэтикалык фестивалы аны “Жылдын мыкты акыны” деп атады. Кыргыз тилине алгач ирет которулган анын ырларынан бир шиңгил сунуш кылабыз.

Котормочу Алтынай Темирова

 

*   *   *

             СӨЗ  МЕНЕН  МУЗЫКА

Тыңшачы, чегиртке өзгөчө

Обонун созот меш артында.

Канчалык мерез болсо да дүйнө,

Түбөлүк – сөз менен музыка.

 

Даңк да, бийлик да, байлык да,

Бир жылт дейт ааламда бир азга.

Келебиз биз да бир жарала,

Түбөлүк – сөз менен музыка.

 

Жашайбыз кантсек жер үстүндө

Тынч, жай, дилибиз да таза?

Зулумдукка  баткан  дүйнөдө,

Түбөлүк – сөз менен музыка.

 

*   *   *

Алтынчы февралда,

же эркекзатынан алгачкы кат

(неберем Злата Голыжбинага)

                   I

Топ-тоголок шардай курсактын

ич жагынан сөөмөйүң түртөт.

Абал кандай, караңгыдасың?

Уулбу, же кызсыңбы чүрөк?

 

Тар эшиктен сыртка чыгасың,

умтулуп сен жарыкты күсөп.

Менин жап-жаш орун басарым,

ким болосуң апа деп сүйлөп,

 

Ксюшама – айдай  тун  кызым,

ал да туулган эле жайында,

айы жолборс, окшойт жардамчым,

мендей акын – чоң ата  болууна.

 

Салам сага көрүнбөс дүйнө,

Келгин бизге, келегойгун сен.

Таш  пайдубалдуу кабат үйдө,

жар сал бизге өзгө демиңен.

 

               – II

Сен кыйкырдың телефондон:

Ата, башка чыдабайм!

Уйкудагы, карга оронгон

Төрөт үйдүн көгү окшоду  ураган.

Ааламга көз жарууда  адам.

Эриди кар тоңуп турган.

Умай Ксения колдой турган

Февралдын  алтысы – жадыраган.

 

Терезеге аяз  саймасын сайды.

Чоочуган түн эс-учун жыйды.

Телефон – чоң жөлөгүбүз,

Чыр-чыр эткен себептүү да, себепсиз.

Айла куруп турдук элеңдеп.

Көк бетине үнүм тез жетээр деп,

Чиркөөгө, храмга кирип эңтеңдеп,

Жалындым: Эне бол, бачым!-деп,

 

                  – III –

Коңгуроолор ишендирүүдө,

Жол берилбейт бүгүн жаман ишке деп.

Аяз дагы андай жоопту бөлүшө,

Чарт жарылган муздарын жылдырды бек,

Күнү дагы дал келүүдө, бөбөктүн

Энеси да төрөлдү эле дал бүгүн.

 

Жалынычым менин орундалгандай,

Короз кыйкырды үч ирет кабарлай.

Азаптуу бул учур калгансып артта,

Тирүүлүктүн руху жанды заматта,

Ымыркай да Периште коргоосунда.

Мезгилин да, саатын да бап кыла.

 

Жалынычым ушунчалык күч эле,

Чиркөө ага шам болгонсуп турду эле.

Жеңген өңдүү ачуусун бу толгоонун,

Жеңилдетти табият да болгонун.

Андагылар өздөрү билбей эле,

Сенин бинаа болгонуңа бүт күбө.

 

                                       – IV –

Күйөөң дагы башка аталарды туурап,

Талап кылды, оюн-чындан алың сурап,

Төрөгүн деп уул бала, күтүп чарчап,

Отурганын кеп кыла айтты, чунак,

Айласы жок, эшик менен дубалдын

Ортосунда улам чегип, басып турат.

Ушинтип, ата атпай уул көксөйт дагын,

Бирок, кийин, жакшы көрөт кыздарын.

 

Бүт аталар силер кыйноо тартканда,

Ичтеринен кайнайт басып зардасын.

Өздөрүн да тааныйт ошол убакта,

Бала эмес, эми эр бүлө аталаарын.

 

                            – V –

Кызым төрөп кыз бала,

Неберелүү кылганда,

Чоң эне болду Муза,

Наалыгыч акын – чоң ата.

 

Көктөн түшкөн бу сыймык

Кай тараптан жалгады?

Злата – деп атадык,

Тамчыдай тунук ат-заты.

 

Чексиз үмүттөрдү актап

Жааган кардай күтүүсүз,

Аруулантты жанды аппак,

Наристе келип, буйруп туз.

 

Эбеден-ичти  эзилтет,

Момпойгон, назик, сүйкүм жан.

Кудайым берген кызыл эт

Үн салат бизге астыртан!..

 

                  – VI

Сенин дүйнөң күнөө биле элек,

Периштедей бирге биз менен,

Көктөн сиңип келген таза илеп,

Назик  жытың жаныбызга дем,

Жылмайганың багынтып баарын,

Алсыздыгы  алтын башыңдын,

Айткан өңдүү өмүр асылын,

Сен жаралып келген тараптын,

Кылдан ичке опаасыз жагын.

 

Башкалардан сенин айырмаң –

Зулумдукту билбес ак дилиң,

Түшүнөсүң кушту сайраган,

Гүлдөр менен чөптөрдүн тилин,

Түнкү дүйүм жандардын үнүн.

Наристе  гана турат сүйүп –

Кудай ажалды четке сүрүп

Адамга не айтканын билип.

 

                   – VII

Кайкы маңдай, узун манжалар –

Сенин назик бейнең апаңдай.

Жыгач керебетте тынч уктаар,

Үч жарым  килолук бакыт бар.

Бүт дүйнө үнүнө шай келип,

Бырылдап уктоодо урпагым,

Эң маанилүү иши бул анын,

Бекем, терең, тынч уктоо дайым.

 

Жактыбы, бу жарык дүйнө кең?

Тааныйсыңбы апаңды жазбай?

Бир жарк эткен  жылмаюуң сенин

Эч токтоосуз жооп айткандай.

Күнүнө эмес, көз ирмем сайын

Чоңоюп, чоңдордой коркконуң

Караңгыдан, билдирип дайым

Жалгыз калганың, кыйкырасың.

 

                   – VIII

Үн салат – чакыра,

Каралдым, чымчыктай, Злата.

Би-би-би, ай-ай-ая! –

Келгиле дедиңби жардамга.

 

Би-би-би, ай-ай-ая! –

Ата-энеңдей кадам таштагын.

Би-би-би, ай-ай-ая! –

Бу алгач Кудайга сыр айтканың.

 

Кызыл шар, айлангөчөк,

Селкинчек толгон бөбөктөр,

Тамчы деген кандай болот, –

Баары сага кызык, көр.

 

Быдылда – быдылдагын,

А, кечээ, аай – Кудайым,

Көбүктөн шар үйлөп калдың,

Үйрөнүп алып аны дагын.

 

Мен болсо ыр жаратам,

Күбүрөп кургак эриндерим.

Аларды сага белек кылам,

Дүйнөң болот бир гана сенин.

 

                      – IX –

Көптү көрдүм: жылдар өттү бир күндөй,

Келди минтип ак чачтардын кезеги.

Күүгүмдөгү көлөкөдөй көрүнбөй,

Калды мезгил, жыл эң узак сезилчү.

 

Кантип кармап тура алам бу жарыкты.

Кантип кайрыйм аны кайра үйүмө?

Периштем, ким келсе да ээрчип артыңды,

Өмүр берет ал да өзүнчө бөлөккө.

 

Бешикте тынч уктагын азырынча,

Уктагандай бабаң казат алдында.

Ишенсем дейм – чын дилден дуба кыла,

Кааласаң,  узартасың өмүрүмдү да.