Кыял Тажиева: Чагалдактын жан дүйнөгө түшүргөн чакчалакейи

Чагалдактын жан дүйнөгө түшүргөн чакчалакейи

(Кыргыз -Түрк Манас университетинин 4-курсунун “У войны не женское лицо” (реж. Ч.Замирбеков) спектаклинен алган таасир туурасында)

Кеч болчу. Эшик суук. 705 театрынын алдында турдук… Кудум экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндөгү дүйнөгө даярданып турганыбыздай айлана дагы өтө сүрдүү жана сырдуу эле.

Эски типтеги беш кабат үйдүн жер төлөсүнүн эшиги ачылды. Көрүүчүлөр кирген соң жер төлөнүн коридоруна тыгылдык. Сыртта согуш жүрүп, биз баарыбыз ушул жерде баш калкалап тургандай абалга туш болдук. Ооба, дароо жаш кыз жертөлөнүн эшигин бекитип, душмандар кирип кетпесин деп жыгачтан жасалган щит менен, анан шаты менен эшикти бекемдеп бекитти. Бизде чындап коркунуч пайда боло баштады. А чын эле бул шаты менен щитти да ыргыта тээп душмандар кирип келсе эмне болот? Баарыбыз кырылабызбы? Көрүүчүлөрдүн жүрөгүн коркунуч басканын демдерин ичтерине катып, денеси кыймылдабай катып туруп калышканынан билдим.

“Согуш, согуш жөнүндө китептен окуйбуз, кинодон көрөбүз, бирок андан биз чыныгы согуштун кандай болгонун сезе албайбыз, ал таптакыр башкача!” деп баштады эшикти бекиткен жаш кыз. Анан кудай бетин салбасын жер төлөнүн улам бир бурчунан үмүттүн шооласындай жарык жандырып алышып, адамзатты айбанга айланткан каран калган согуш, каардуу, азаптуу согуштун азабын тарткан, эне боло турган, адамзатка өлүм эмес өмүр алып келе турган аялдардын аргасыз мыкаачы болуп калган, аргасыз адам сыягынан чыгып, согушту унута албай, айыкпас ооруга кабылган аялдардын арманы туш-туштан жаңырып жатты. Улам бир бурчтан, улам бир бөлмөдөн, терезенин тышынан, терезенин тушунан тарыхтын улам бир барагы оттой күйүп, оор дагы, азаптуу дагы, аянычтуу дагы көрүнүшү кол созсок кармап көрчүдөй абалда кайталанып жатты.

Биз ар бир каармандын жанында отуруп анын арманын бетме-бет отуруп угуп, а түгүл алар бизден да бир сөз күткөндөй, биз дагы сөз сүйлөсөк орундуу болчудай, кошо жарышып ошол согушту каргап, ошол согушка акаарат айтсак да ал каарманга бир топ жеңил болчудай, ызасын тең бөлүшчүдөй болуп турдук. Алар бизден сооротууну, согуштун айынан бу жашоону жек көрүп калган, өзүн-өзү токтото албаган абалын кантээрин бизден сурагандай көздөрү жалооруп карап, ушул азаптан алып чыгып кетүүгө бизден жардам сурагандай алакан жайып, көздөрүн жалдыратып кайыр сурап турушту. Биз жардам бере алган жокпуз.

Ортодо баарыбызды дүрбөтүп, баарыбыздын жаныбызды чыгарган чаңырык, кыйкырык, ызы-чуу бизди кандайдыр бир чара көрүп, аларды токтотууга да, ажыраштырууга да чакырды. Атылган октун түтүнү мурдубузга өрдөдү. Бул – дүйнөбүздү чындап эми дүрбөлөңгө салды. Жандуу дүпүрөп баарыбыз бириге түштүк. Экинчи согушка жол бербейбиз деп бири-бирибиздин колубузду бекем кармагыбыз келип турду.

Акырында узун, караңгы коридордо тизилип алып, оор дем менен, оор басык менен кудум согуш учурундагы адамдардай бирибиздин артыбыздан бирибиз жарык издеп кетип бараттык. Ошол учурда эшикте жүрүп жаткан согушка бел байлап, биз дагы бул азап тагдырлуу аялдар үчүн тарыхтан өч алууга бараттык.

Ооба, сыртта чындап согуш жүрүп жатыптыр, аны бизге “Чагалдак айтты”… Биз баарына даяр болуп коркпой чыгып бараттык.

24.12.2021-ж.