Тамара Добул кызы: Ата үйү – ыйык бизге Меккедей, Ага баруу – сыймык, бакыт биз үчүн!

Атанын үйү Бир атадан, бир энеден төрөлүп, Бир бешикке өссөк дагы бөлөнүп, Бул турмуштун жазмышына баш ийип, Бой жеткенде ар кай жакка жөнөдүк.   Эх кантели, турмуш башка, шарт башка, Эң кичүүбүз жашайт азыр ал тамда. Балдарыбыз, жарыбыз бар, мүмкүндүк Боло бербейт күн өткөрбөй барганга.   Атабыздын курган үйү биз өскөн, Алтын мамы – байланганбыз жүрөктөн. Ата-энебиз өздөрү жок, эми биз Аларды тек көрөбүз да сүрөттөн.   Бардык жерде ойго түшүп күнү-түн, Байлап турган көңүлдөрдүн бир учун, Ата үйү – ыйык бизге Меккедей, Ага баруу – сыймык, бакыт биз үчүн! толугу менен…..