Абдилаат Дооров: Өлтүрдүк эми дешти эле, Өндү кыргыз кыртыштан.

Абдилаат Дооров – кыргыз акыны, “Ата-Журт Лейлек” гезитинин 28 жылдан берки башкы редактору, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Баткен облусутук бөлүмүнүн төрагасы. 30 жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан “Лейлек Поэзия күнүнүн” негиздөөчүсү жана уюштуруучусу. “Миң Тамыр”, “Гүл-Гүл”, “Ак булут”, “Мөл Тунук” ырлар жыйнактарынын жана улуттук лидер Исхак Раззаков жөнүндө биографиялык “Исхак Раззаков – Аруулук асманы” китебинин автору. “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси, Кыргыз Республикасынын (2006-жыл), Жогорку Кеңешинин (2013-жыл) Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Көөкөрдөн кымыз куюлду, Көлкүтүп ичти ууңду. Көрүнө көмдүк дешти эле, Көкөмеренден дүбүрт угулду.   Талпынып толугу менен…..

Сулайман Рысбаев: Акыркы марал

Акыркы марал …Марал ак жайдын бир күнүндө эркек кер улак тууду. Бул анын чексиз сүйүнүчү, кубанычы эле. Ал ушуну гана күткөн, тилеген. Көздөрүнөн ысык жаш тегеренип жүнү кургаары менен так секирип ойноп кеткен улагын карап туруп, артынан кызганычтуу ээрчип эмчектерин ажайып ууз сүт тээп чыгат. Өзүн бактылуу энедей сезет. Анын үстүнө, эми бул жерде саны азайып туш келди сай-сайлап кеткен маралдардын тукуму дагы көбөймөк… Бул өмүрдүн уланышы. Кер улак эртең эле өз атасы он айры бугудай толукшуп чыга келет. Анан эмки жылы дагы да кошулат арасына. Ошентип бу Кызыл-Көлгө бугу-марал толугу менен…..

Мамат Сабыров: Бороондо буюккандар

Бороондо буюккандар (аңгеме) Ал жолдун боюнда турган экен. Кол көтөрөр замат так тушуна барып токтодум. Аксакал киши экен, алып алайын. Анан калса, узак жолго кобурашып кеткенге шеригиң болгону жакшы да. -Аба, каякка барасыз?-дедим эшикти ачып. -Шаарга. -Отуруңуз. Пайгамбар жашындагы чокчо сакал киши шашпай басып келип, менин жанымдагы орундуктан жай алды. Мен газды бастым, машина сызып жөнөдү. Эрте жаз. Ар кайсыл тамдын алдында кишилер эки-үчтөн болуп күнөстөп отурушат. Бирөө тамга жөлөнүү шатыга отуруп алыптыр. Биз али бир чакырым да узай электе жолдон жыйырма жаштардагы дагы бир жигит кол көтөрдү. -Бул да толугу менен…..

Данияр Исанов: Шамал согот батыштан

Шамал согот батыштан –Сактыкта кордук жок! – деген эзелтен кыргыз. Калпагыңды, комузуңду, добушуңду жогото көрбө! Тилиңди унутуп, дилиңди сатпа! Намыскөй эл элек. Намысыбызды колдон жулдуртпайлы. Шайтан-шабыры аралашкан мындай тирукмуш заманда ааламды алаамат каптап келаткансыйт. Ошол алааматтан аман калабыз десек, бир нерсени эске ала жүргөнүбүз эп. Анүчүн арабдарча кийинбей, сакал өстүрбөй акыл өстүрөлү. Англисче ашатканды, орусча ойлонгонду өнөр көрбөстөн, бүгүнтөн тартып өзүбүзгө өзүбүз төңкөрүш жасайлы! Өлкөгө төңкөрүш жасагандан көрө, оболу төңкөрүштү өзүбүздөн баштасак дурус болор беле?! Жер каймактаганы бизге дейре эчен улут жок болгон. Жоголуп жатат… Бейиш менен тозок бар экенин билбейм, толугу менен…..

Вардан Айгекц: Тамсилдер

(12-13-кк.) Улуу армян тамсилчиси, даватчы (проповедник) 12-13-кылымдарда жашаган. Туулган жана өлгөн жылы белгисиз. Сирияда жарык дүйнөгө келгени маалым. Бир канча убакыт Айгекте (Киликия) жашаган. Өз сөздөрүндө тамсил-жомокторду колдонгон. Кийин аларды бир китепке топтогон. Анын ишин уланткандар 17-кылымга чейин бул китепти өзүлөрүнүн тамсил-жомоктору менен толуктап келишкен. Ушинтип 500дөн ашык тамсилдерди камтыган “Вардан жыйнагы” жаралган. Кол жазманын бир бөлүгү биздин заманга чейин “Түлкүнүн китеби” деген аталышта жетип, бул китеп биринчи жолу 1668-жылы Амстердамда китеп түрүндө басылган. Вардан Айгекцтин «Бир тамчы бал» аттуу чыгармасын 19-кылымда жашап өткөн армян элинин белгилүү акыны Ованнес Туманян толугу менен…..

Вольфганг Борхерт: Келемиш түнкүсүн уктайт

Жазуучу тууралуу учкай маалымат: Вольфганг Борхерт (1921–1947) Немис акыны, театр актёру, антифашисттик маанайдагы жазуучу, драматург. 1921-жылы Германиянын Гамбург шаарында төрөлгөн. Апасынын жолун жолдоп он беш жашынан ырлары жарык көрө баштаган. 1941-жылы театр мектепти аяктап, театрга ишке орношот да, ал жайда болгону үч ай иштеген соң, аскерге чакыртылат. Өмүрдөгү эң бактылуу күндөрүм деп ушул театрда иштеген үч айын эсептейт. Аскерде фашисттик Германиянын чыгыш фронтунда СССРге каршы согушкан. Вольфганг Борхерт согушка түп тамырынан каршы болгон. Эч качан адам өлтүргүсү келген эмес. Согуш талаасында советтик жоокер менен жекеме-жеке кармашта октон жарадар болот. Согуштагы толугу менен…..

Бакытбек Мукарамов: Уук-тукумуң бир убакта наар алган, дарыяңа качан кайтып келесиң?!.

Пияда эле апкетишет Төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки өмүр аралыгын кыяр, Ой-максатыма жетемин деген кыял… А мен үзүлбөс үмүт менен, жадакалса эч кимге айткыс күйүт менен пияда эле баратамын, жетемин деп максатыма. Нарыраакта, аңгире жолдо машинелүүлөр зуу коюшат. Мен баскан жолду чаңдуу, ылайлуу, таштактуу дешкендер тоотпой басышат. Сезимди араалай карабай өтүшөт, жүрөгүм ачышат – Менин баскан жолумдун баркын билишпейт алар!   Жер-Эне билем сенде бир чыйыр жол бар, эч кимдин изи түшө элек чыйыр жол ал. Ошол жолуң табам деп келем, таман изим калтырайын деп. Анткени, бул жарыкта бирөө койбойт ал сурайын толугу менен…..

Абдиламит Матисаков: Айдын көз жашы

Айдын көз жашы (аңгеме) (Күйөө балам Курманбектин элесине) …БУ БАЯГЫ бизге тааныш кыш… Апасынан калган аманат тандырга үзбөй нанын жаап, бели бүкүр атасынын жанында кө-өп жыл элгенчик, дааратына суу жылытып, жакасына кир жугузбай багып, адамдардын эсине калбаган кайсы бир ак таңдардын биринде көз жумган шол чалдын дубасын кө-өп алган кыз эми минтип келин болуп босогосун аттаган үйдө кызын уктатып, жанында китеп окуп отурат. Бир барагына аярдай, жаттап алчудан бетер эрдин кыбыратып, бир барагына, тек гана көз чуркатып кетет. Эки кулагы сыртта. Күйөөсү кечикти. Күйөөсү кенчилерге биргат. “Айлык жазам, бүгүнтөн кечиксе толугу менен…..

Айнагүл Базарбаева: Күрп тоок

Күрп тоок (аңгеме) -Тү-тү-тү-тү! Тү-тү-тү-тү! Тү-тү-тү-тү! Кана, кана, баарыңар келдиңерби? – деп, сүйлөп күбүрөнгөн Пазилет колтугуна кысып алган табактагы жүгөрүдөн уучтай, ары-бери чачып тоокторун чакырып турду. Мекияндарды ээрчите чуркаган короз чачылган данды тумшугу менен алмак-салмак чокулап көрсөтүп, тооктордун аны төгөрөктөп, бырпырап чуркап дан талашкандарына маашырлана, анда-санда өзү да жем терип жеп, көздөрүн тез-тез ирмеп, канаттарын каккылап, серең эте кыпкызыл таажылуу башын чулгуп-чулгуп алып, мойнун койкойто созуп кыйкырып коёт. Кошунанын тоогу көрүнбөйт го? Э-эй, Жумаш! Кайда кетти экен, көрчү, балам! Таажысы кызарып жүрдү эле бир жерге жатып алганбы? –деп, Пазилет ити толугу менен…..

Салтанат Орозобекова: …Көзүңдү асман тиктейт миң чырактуу, Таш жолду жаркыратат кимдир бирөө…

Улуу көч Күйүттүн да, бар артында жарыгы. Жарыгың да, болот кээде караңгы. Башы кайда? Кайда? кайда аягы? Баш аягы жок дүйнөбү качаңкы…   Түшүнгүчө, бу дүйнөнүн түпкүрүн, Тартып кетет каякадыр Түпсүзүң. Ар мезгилдей ала салган үшкүрүп, Кала берет ачылбаган Түп түйүн.   Бу болумуш, жаралганы түйүндүү, Жарыгы бар көкүрөктүн күйүттүү. Кыярбаган кыял кечип адамдар, Ишенишкен күндөрүнө күйүмдүү.   Учу кайда? Түбү кайда? Издешкен. Көп аңтарып көк асманды тиктешкен. Күйүп- өчүп күл болгуча куу жаны, Не издеген? Өздөрү да билбестен…   Бул байыркы, эзелки Эс-туюмбу? Учургамын мен да кыял кушумду. Кай толугу менен…..