Тамара Добул кызы: Ата үйү – ыйык бизге Меккедей, Ага баруу – сыймык, бакыт биз үчүн!

Атанын үйү

Бир атадан, бир энеден төрөлүп,

Бир бешикке өссөк дагы бөлөнүп,

Бул турмуштун жазмышына баш ийип,

Бой жеткенде ар кай жакка жөнөдүк.

 

Эх кантели, турмуш башка, шарт башка,

Эң кичүүбүз жашайт азыр ал тамда.

Балдарыбыз, жарыбыз бар, мүмкүндүк

Боло бербейт күн өткөрбөй барганга.

 

Атабыздын курган үйү биз өскөн,

Алтын мамы – байланганбыз жүрөктөн.

Ата-энебиз өздөрү жок, эми биз

Аларды тек көрөбүз да сүрөттөн.

 

Бардык жерде ойго түшүп күнү-түн,

Байлап турган көңүлдөрдүн бир учун,

Ата үйү – ыйык бизге Меккедей,

Ага баруу – сыймык, бакыт биз үчүн!

 

Аллах

Жалгызмын дебе, жөлөөрүң – Аллах,

Жакырмын дебе, берериң – Аллах.

Оорудум дебе, эмдөөчүң – Аллах,

Жамандык кылба, тескөөчүң – Аллах!

 

Жол кире

Атамдын көзүн көргөн чалдар мага,

Айылда калды капыс кез келишип.

-Жакшы адам болуучу атаң кандай гана!

Эртерээк кетти! – дешти эскеришип.

 

О, булар атам тирүү бар убакта,

Чай ичип, биздин үйгө канча келди.

Бирөөсү коюнунан алып аста,

-Жол кире кылып кет! – деп акча берди.

 

Жаш кезди, өткөндөрдү көрдүм дагы,

Сагынып барып туулган кыштагыма.

Апамдын жакын, сырдаш теңтуштары,

Окшотту өздөрүнүн кыздарына.

 

Көп жылдар уулду тилеп жүргөн курбум,

Көрдүм да сүннөт тоюн берген кезин.

Кез келген той, үлпөттө балкып турдум.

Перзенттүү болгон үйдөн жентек жедим.

 

Бир кемпир – жесир калып, азап чеккен,

-Небере көрдүм! – деп бир төгүлдү үйдө.

-Жол кире кыл! – деп аяш атам берген,

Акчаны ага сундум көрүндүккө.

 

Айылга келип тургула

Байыркы бабаларыңдын,

Мүрзөсү турат айылда.

Барында күчүң, алыңдын,

Аракет кылгын барышка.

 

Жүргөндө алыс жактарда,

Сагынар, анан сагынтар,

Көйгөйлүү оор чактарда,

Кол сунар туугандарың бар.

 

Айылда туулуп-өскөнсүң,

Айылда – сенин тамырың.

Милдетиң – көзү өткөндүн,

Көрүнө турпак салышың.

 

Оорусаң ичи ачышып,

Тилеген аман болууңду,

Тур дайым кабар алышып,

Туугандан үзбө колуңду.

 

Жолугуп теңтуш, курбуга,

Жолугуп элге дайыма,

Айылга барып тургула,

Айылды унутпагыла.

 

Ниет

Удургуп токтобой көшөрүп,

Учпастан тургула ой, жылдар.

Уулумдун уулдарын көтөрүп,

Урматтуу чоң эне болгум бар.

 

Канатты кагып миң эселеп,

Күүлөнбөй турсаңар ой, жылдар.

Кызымдын кыздарын жетелеп,

Кымбаттуу таэне болгум бар.

 

Жан шерик кылып куу таякты,

Жар болуп жакшылык мезгилге,

Жаштарга берип ак батамды,

Айлансам дейм ак чач кемпирге.

 

Арбын – ой, максатым алдыда,

Аларга көрөйүн ылайым.

Барк, баам бар болсун калкыма,

Баарына жеткиргин, Кудайым!

 

Апама

Көрдө дагы бейгам жаталбай,

Ойлонорсуз мени ар убак.

-Оору, дартты билбей эгерим,

Жүрсө дээрсиз күлүп, жадырап.

 

А мен болсо бир аз бейтапмын,

Бала кездей куунак эмесмин.

Өзүмдү – өзүм кармайм этият,

Сиздей болбойт мага эми эч ким.

 

Ыйлап алам өзүмчө эреркеп,

Эстеп апа, сизди кез-кезде.

Даяр элем тирүү жүрсөңүз,

Чүрпө болуп өөп, эмгенге.

 

Бүгүн барып кабырыңызга,

Куран окуп кайтсам деп турам.

Сезгенсиз го сыркоолугумду,

Элесиңиз апа, келди улам.

 

Бакыт

Бакыт, сен барсыңбы, жоксуңбу,

Бар болсоң мен көрбөй койдумбу?

Барайын, табайын дейм сени,

Билбеймин жашынган ордуңду.

 

Бакыт, сен жоксуңбу, барсыңбы,

Бар болсоң мен көрбөй калдымбы?

Жадырап көрүнүп койчу бир,

Жаркытып, нурдантып алдымды.

 

Бакыт, сен өзүңдү сүйдүрүп,

Көңүлдү, көзүмдү күйгүзүп,

Алыстан колуңду булгайсың,

Артыңдан кубалайм үшкүрүп.

 

Бүт ээлеп жүрөктүн толтосун,

Ар качан сезимде, ойдосуң.

Бакыт, бир келип кет бар болсоң,

Мен сени күтүп чоң жолдомун!

 

Сен мени дайым эсте

Сен мени адамдар көп жолдордо эсте,

Көөнүңө кайгы-капа толгондо эсте.

Сулуулар көздөрүңдү кычыштырып,

Суктанкан адамдар көп тойлордо эсте.

 

Сен мени жамгыр жаап жатканда эсте,

Саргайган саратандуу аптапта эсте.

Кирпигиң илинбестен кара түндө,

Канаттуу кыялдарга батканда эсте.

 

Кубанган чактарыңда эсте мени,

Жалгыздап басканыңда эсте мени.

Сүйгөнүң алдап таштап кетип калып,

Санаага батканыңда эсте мени.

 

Эстегин, мен сен үчүн кубанычмын,

Эч качан кемибеген зор бакытмын.

Кайрылып артка кетпес узун жолдун

Учунда сени күтүп турганым чын.

 

Таарынганың жагат мага

Таарынчы, таарын мага асылзатым,

Дүйнөнүн төрт бурчунан табылбасым.

Сыртымдан сыр билдирбей тултуйсам да,

Ичимди элжиретет таарынганың.

 

Анткени, таарынганың убактылуу,

Билемин, урматтаймын бу бактыны.

Бекемдейт таарынычтар сүйүүбүздү,

Таарыныч, сагынычтан турат сүйүү.

 

Билемин, таарынсаң да жек көрбөйсүң,

Башкага мени таштап эч кетпейсиң.

Келатат жакын тартып алды жакта,

Экөөбүз баш кошуучу,

эңсеткен күн.

 

Кечиккен ыр  

Күйөөмсүң сен нике кыйбаган,

Кымбатымсың чексиз сыйлаган.

Кападармын ушул тагдырга,

Экөөбүздү бир жуп кылбаган.

 

Бойго жеткен, толгон сонун чак –

Башыбыз бош кезде жолуксак,

Жүрмөкпүз ээ сүйүү айылын,

Биз экөөбүз көрктөп, толуктап.

 

Чыкмак да бир жерден оюбуз,

Өтмөк анда нике тоюбуз.

Бермекмин көп бала төрөп мен,

Гүлгө толмок баскан жолубуз.

 

Арга канча, минтип кечигип,

Калдык да биз беймаал кезигип.

Келесиң да жүрөк төрүндө,

Кыйбас жарым сымал сезилип.

 

Жамандык жасагым жок

Балким мен ким бирөөгө тең эмесмин,

А балким, ким бирөөдөн кем эмесмин.

Жалгандан, ушак сөздөн качкым келет,

Жаманга жакшы жактан теңелермин.

 

Бир жакшы ыр жазалбасам ойго чөгүп,

Не кылам адамсынып бой көтөрүп?

Кудайдын алдында жооп берчү күн бар,

Тескери жолго баспайм дейм көгөрүп.

 

Уялам -Башым ооруйт! – деп айткандан,

Түшүнсө бирөө, бирөө сезер жалган.

Жамандык жасагым жок бир пендеге,

Жакшылык гана күтөм адамдардан.

 

Арбын болсун ичер суум

…Дилдин, диндин тамыры – бир,

Жараткандын амири – бир.

Жер бетинде жүргөндөрдүн,

Жер астында кабыры – бир.

 

Бул өмүрдүн ак-карасын,

Кантип ылгап, аткарасың?

Жооп берер күн келгенде,

Ыйман менен акталасың.

 

Эмне күтөт бүгүн, эрте?

Эмне болот ушул кечте?

Өлүмдү сен коркуп эмес,

Адал жашаш үчүн эсте.

 

Кудай айткан түптүз жолдун,

Келет чийнин бузбас болгум.

Канатын бер кыраандардын,

Жүрөгүн бер жолборстордун.

 

Булут кетип асманымдан,

Бакыт күлсүн жан-жагымдан.

Агып жаткан ичер суум,

Арбын болсун кастарымдан.