Садык Алахан: “Манас” эпосунун Самар Мусаев агай тарабынан кара сөзгө айландырылышынын себептери жана өзгөчөлүктөрү

Адабиятчы, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун адабий көркөм сын боюнча секциясынын башчысы Садык Алахандын Улуу эпосубуздун кара сөзгө айландырылышынын оош-кыйыштары тууралуу жазылган макалалар түрмөгүн жарыялоону улантабыз. Бул ирет адабиятчынын “Манас” эпосун изилдөөгө бүт өмүрүн арнаган көрүнүктүү манас изилдөөчү Самар Мусаев агайбыздын илимий ишмердүүлүгүнүн жакшы бир барагы болуп калган “Манасты” кара сөзгө айлантып жазган китеби тууралуу макаласынын башталышын окурмандарыбызга сунуш кылмакчыбыз.

“Манас” эпосунун Самар Мусаев агай тарабынан кара сөзгө айландырылышынын себептери жана өзгөчөлүктөрү

(Үчүнчү макала)

Дүйнөлүк фольклористиканын тарыхында окумуштуу-фольклористтер да өз элинин эпикалык туундуларын кара сөзгө айланткан учурлар кеңири кездешет. Мунун эң сонун мисалы катары орус элинин “Игордун кошууну жөнүндө сөз” аттуу белгилүү чыгармасынын бир катар ири илимпоздор тарабынан кара сөзгө айландырылышын көрсөтүп кетсек болот. XIX кылымда орус элинин бул дастанын атактуу калемгер жана тарыхчы-окумуштуу Н.М.Карамзин кара сөзгө айландырса (1, 79-б.), “Игордун кошууну жөнүндө сөз” XX кылымда даңазалуу окумуштуу, академик Д.С.Лихачёв тарабынан кара сөзгө айландырылган. (2, 196-б.)

Албетте, бул даңазалуу чыгарманын кара сөзгө айландырылган варианттары ыр түрүндөгү нускаларынан мыкты чыгып калган учурлар да болгон десек чындыктан анча деле алыстабаган болор элек. Дегенибиз, академик Д.С.Лихачёвдун ыр түрүндөгү варианты да бар. Бирок, белгилүү илимпоздордун абройлуу пикирлери боюнча айтчу болсок, тескерисинче, академиктин кара сөз түрүндөгү котормосу бир топ ийгиликтүү чыккан. Ошондуктанбы, “Игордун кошууну жөнүндө сөздүн” эне тилибизде жарык көргөн варианты дал ушул кара сөз түрүндөгү нускасынан таржымаланган. Белгилүү котормочу Сагын Наматбаев орус элинин бул даңазалуу дастанын эне тилибизге таржымалоо ишин колго алып жатып, бүгүнкү күнгө чейин “…орус тилине кырк төрт же кырк беш жолу – ар бир ирет ар башкача которулган” (3, 236-б.) бул чыгарманын дал ушул кара сөз түрүндөгү вариантын тандап алуусу да жөн жерден болбосо керек. (4)

Орус элинин көөнөрбөс көркөм туундусу болгон “Игордун кошууну жөнүндө сөз” тууралуу айтып жатып атактуу акын жана котормочу К.И.Чуковскийдин “…орус тилине… которулган” деген пикирин шилтемелөө менен биз бул жерде жаңылыш ойду ортого салып жаткан жокпуз. “Игордун кошууну жөнүндө сөз” тууралуу жок эле дегенде үстүртөн болсо да маалыматы бар адам үчүн бул пикирдин канчалык деңгээлде айныксыз чындык экендиги маалым…

Мына ошентип, элдик оозеки чыгармачылыктагы эпикалык туундулар окумуштуулар тарабынан кара сөз түрүнө айлантылып окурмандардын калың катмарына жеткирилиши адабият тарыхында кадыресе аткарылып келе жаткан жумуштардын катарында турган көрүнүш болуп эсептелет. Мына ушул чен өлчөмдөн алып караганда биздин көрүнүктүү манастаануучу окумуштуубуз Самар Мусаев агайыбыз тарабынан улуу эпосубуздун кара сөзгө айландырылышы ошол өнөгөлүү салттын кыргыз илимпоздору тарабынан ийгиликтүү улантылышынын бир үлгүсү болуп эсептелет.

С.Мусав агайыбыз өзү бул тууралуу минтип жазат: “Эмне үчүн атам замандан бери укумдан тукумга өтүп, дайым ыр түрүндө айтылып келген, көлөм жактан дүйнөдө теңдеши жок, ыр океаны “Манас” эпосунун мазмуну кыскартылган кара сөз түрүнө келтирилди? Мындай ишти иштөөнүн зарылдыгы бар беле?” (5. 153-б.) Анан бул суроолорго залкар манастаануучу өзү минтип жооп берет: “Мунун зарылдыгы бар. Ал турмак бышып жетилген, небак эле иштеле турган, бирок айрым себептерден улам буга чейин колго алынбай келген иш болчу. Мындай аракеттин башкы себеби – “Манас” эпосунун океандыгы, теңдешсиз көлөмү. Эбегейсиз зор көлөмдүү “Манасты” толук түрдө бастырып жарыялоо, басмадан чыккан күндө да аны бүт окуп чыгуу күч-аракетти, узак убакытты талап кылат. Жалаң ырдан турган татаал окуялуу, мазмунунда эл турмушунун дээрлик бардык жактары камтылган чыгарманы толук түрдө кабыл алуу да оңой эмес.” (5. 153-б.) Мына ошентип, океан сындуу улуу эпосубузду кара сөзгө айландыруу ишинин орчундуу эки себеби бар экен. Албетте, элдик улуу көркөм мурасты кара сөзгө айландыруу иши ырдын маанисин төмөндөткөндүк эмес экендигин, ыр менен түзүлгөн чыгармалардын көркөмдүк деңгээлине шек келтиргендик да эмес экендигин жана да ыр менен жаралган эпостор мындан аркы турмушубузда кереги жок дегендик да эмес экендигин залкар окумуштуу атайын баса белгилеп кетет. “Бирок, – деп өз оюн улантат залкар манастаануучу, – ырга, айрыкча эпоско, анын формалык касиеттеринин талаптарына ылайык көп сөздүүлүк мүнөздүү. Анда оозеки айтылган чыгармаларды угуучулардын эске тутуусун, кабыл алуусун жеңилдетүү, камсыз кылуу максатын көздөгөн түрдүү мүнөздөгү кайталоолор да арбын болот (мисалы, каармандардын кебете көрүнүшүнө, курал-жарак, кийимдеринин белгилерине, минген атынын сынына байланышкан эпикалык кайталоолор, мурда айтылган окуяларды эске түшүрүү максатындагы кайталоолор, окшош кыймыл-аракеттерди, үрп-адат расмилерин баяндап берүүдөгү кайталоолор ж.б.). Анын үстүнө кара сөзгө караганда ыр түрүндөгү көлөмдүү чыгарманы өздөштүрүү, кабыл алуу да бир топ татаал. Мына ушуларды эске алганда “Манасты” кыскарган кара сөз үлгүсүндө берүү максатка ылайыктуу, жөндүү иш.” (5, 154-б.) Мына ошентип, а) эпоско мүнөздүү көп сөздүүлүктөн; б) түрдүү мүнөздөгү кайталоолордон; в) ыр түрүндөгү көлөмдүү чыгарманы өздөштүрүүнүн, кабыл алуунун бир топ татаалдыгынан улам улуу көркөм мурасыбызды кара сөз түрүнө айлантуу зарылдыгы келип чыгыптыр.

Ошону менен бирге залкар манастаануучу Самар Мусаев агай өзү түзгөн кара сөз түрүндөгү баянга кайсы манасчылардын айтуусундагы варианттар негиз болгондугу тууралуу минтип айтат: “Кара сөзгө” эпостун колдо бар материалдарынын ичиндеги салттык туруктуу окуяларды кеңири камтыган, көркөмдүк деңгээли жактан башкалардан жогору турган эки вариант – Сагымбай менен Саякбайдан жазылган тексттер негиз болду. Бирок ал варианттар бири бири менен аралаштырылбай, алардын өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү сакталуу менен, бөлөк-бөлөк пайдаланылды, б.а. эпостун биринчи бөлүгүнүн баш жаккы окуялары “Чоң чабуулдагы” чечүүчү салгылашууга чейин Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча алынып, андан улай бөлүмдүн аягына чейин Саякбай Каралаев айткан вариант боюнча түзүлдү.” (5, 158-б.).

Залкар манастаануучу С.Мусаев агайыбыздын, өзү жазгандай, “Кара сөзү”, албетте, Улуу Сөздүн прозага айландырылган башка варианттарынан бир топ өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат. Муну биз окумуштуу жасаган эмгекти конкрет талдоонун учурунда баса белгилеп кетмекчибиз. Окумуштуу агайыбыз өзү баса белгилегендей, “Кара сөздө” эпостогу салттуу окуяларды мүмкүн болушунча толук баяндап берүү озуйпасын астына койгон. Окумуштуунун “Кара сөзү” “Жомок башы” деген аталыштагы тема менен башталат. Окумуштуу кудум эпостогудай минтип жазат: “Мурункулардан калган сөз. Каракан, Угуз кандан кийин Аланча кан уругунан Байгур, Уйгур дегендер болгон экен. Байгурдун тукумунан Бабыр кан чыгып, андан Төбөй, Төбөйдөн Көгөй. Көгөйдөн Ногой, Шыгай, Чыйыр аттуу үч уул болуптур. Ногойдон төрт бала болгон: Орозду, Үсөн, Бай, Жакып. Ногой өлгөндөн кийин кара кытайлардан калың кол келип, кыргыздарды басып алып, Ногойдун балдарын туш-тушка таратып, бөлүп жиберет. Орозду менен Бай Кашкар тарапка, Үсөн Тибеттен ары түн тарапка айдалат.” (5, 166-б.) Ал эми Жакып болсо Алтайга сүрүлөт. Көрүнүп тургандай, окумуштуунун “Кара сөзү” Манас баатырдын ата теги жөнүндөгү Сагымбайдын вариантындагы баяндоону толук бере алган. Улуу манасчынын вариантында да Манастын ата теги ушинтип кара сөз түрүндө, чакан абзацтын көлөмүндө берилген. Бирок, ошентсе да, бул жерде эки нерсе жөнүндө айта кетүүбүз абзел. Биринчиден, Сагымбайдын вариантында жогорку баян “Манас” деген жалпы аталыштан кийин эле берилген. (6. 15-б.). Экинчиден, “Жомок башы” деген аталышты биз 1958-жылы басылып чыккан кыскартылып бириктирилген варианттан жолуктурабыз. (7, 51-бет). Мына ошентип, С.Мусаев агай өзүнүн “Кара сөзүндө” эпостун ар кайсы басылыштарындагы эң жакшы, өтө ийгиликтүү чыккан учурларды гана пайдаланууга аракет кылып, ушуга басым жасагандыгы “чү” дегенде эле көзгө даана көрүнүп турат.

“Кара сөздө” С.Мусаев агайыбыз эпостогу окуяларды мүмкүн болушунча толук баяндап берүү озуйпасын аркалаган. Муну биз Сагымбай манасчынын вариантындагы окуялардын аталышы менен окумуштуунун “Кара сөзүндөгү” окуялардын аталыштарын салыштыра карап көргөндө эле даана байкайбыз. Айтылган кептин айныксыз аргументи катары төмөнкү кош катар мисалды көрсөтүп кетсек болот.

а) С.Орозбак уулунун вариантында:

  1. “Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт үчөөнүн түш көргөнү”;
  2. “Манастын туулганы”;
  3. “Манастын туулганына той кылганы”;
  4. “Манаска ат коюу”;
  5. “Манастын балалык чагы. Жакып өзүнүн Ошпур деген койчусуна Манасты алып барып бергени”;
  6. “Манас Эсенкандын жиберген тыңчыларын жайлаганы”;
  7. “Жакыптын агасы Байдын баяны”.

б) С.Мусаев агайдын “Кара сөзүндө”:

  1. “Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт үчөөнүн түш көргөнү”;
  2. “Манастын туулганы”;
  3. “Баатырга ат коюлганы”;
  4. “Баатырдын балалык чагы, алгачкы эрдиктери”;
  5. “Иниси Жакыпты издеп Байдын келгени”.

Бул кош катар мисалдагы аталыштардан эле бир катар айырмачылыктар даана байкалып турат. Биринчиден, С.Орозбак уулунун вариантындагы 2, 3-темалар менен 5, 6-темалар С.Мусаев агайдын “Кара сөзүндө” бириктирилип, “Манастын туулганы”, “Баатырдын балалык чагы, алгачкы эрдиктери” деп аталып, эки эле тема менен берилген. Бул эми сырткы айырмачылыктар. Ал эми бул баяндардын ичиндеги окуяларга келе турган болсок, андан да башкача, тагыраак айтканда, залкар манастаануучу С.Мусаев агай тарабынан алгылыктуу жасалган иштерге туш болобуз.

Жогоруда келтирилген темаларда баяндалган окуялар 1978-жылы “Кыргызстан” басмасынан жарык көргөн С.Орозбак уулунун варианты боюнча басылып чыккан төрт томдук эпостун 1-томунун үчтөн эки бөлүгүнө барабар. Ушунун өзү эле келтирилген жети темада берилген окуялардын жалпы көлөмү канчалык экендигинен кабар берип турат. Ал эми С.Мусаев агайыбыздын “Кара сөзүндө” болсо көрсөтүлгөн темалардагы окуялар отуз бетке жетпеген көлөмгө сыйдырылган. Албетте, бир караган адамга эпостун эпостук касиетинен эч нерсе калбагандай сезилиши да мүмкүн, бирок, түк андай эмес. Мисал иретинде “Кара сөздөгү” “Баатырдын балалык чагы, алгачкы эрдиктери” деген тема менен берилген окуяларга эле көз жүгүртүп көрөлү. Мында Манас атасы Жакыптын койчусу Ошпурга малай жүргөнү, козусун карышкырга алдырып, артынан кууй келип үңкүрдөн кырк чилтенге жолуккандыгы, Баянчор деген калмак абышкадан оттук алгандыгы, Айнакул баш болгон үч баланын өздөрү келип тийишип Манастан токмок жегендери, атасы экөө үйлөрүнө келатышканда жылкы башчы Ыймындын калмактардан токмок жегенин көрүшү, “аңгыча Жакып байды көргөн калмактар жетип келип, аны тегеректеп калышты. Калмактардын Кортук деген башчысы келген жерден балит сөздөр менен тилдеп туруп, камчы менен Жакыпты оройго тартып жиберди. Калган калмактар да Жакыпка жабылышып кол салышты. Муну көргөн Манас Ыймандын колундагы кайың укурукту ала коюп Кортукту чокуга чапты эле анын башы жарылып, кан аралашкан мээси укурукка жаба берип, атынан кулап түшүп, жан берди. Бала менен атасын кармайбыз – деп, жабыла кол салган тогуз калмактын бир нечесин Манас аттан түшүрө чапты. Калгандары качып жөнөштү. Аларды кууп Манас артынан түштү. – Калмактардын айлына кирип барса балам кантет?! – деп корккон Жакып кууп жетип баласын токтотту. Жакып айтат: – Айланайын каралдым, алды-артыңды кара! Бул жерде кызырлуу кыргыз элиң жок, азыр сенин кыйындык кылар эбиң жок. Балтыр этиң толо элек, балбан чагың боло элек! Азыр булар көп, сенин таянар элиң алыста. Өлбөсөң өчүмдү, кетпесең кегимди аларсың…” (5, 183-б.). Андан соң атасы экөө үйгө келаткан жолдон жанагы үңкүрдө жолуккан, “башыңа кыйынчылык иш түшкөндө бизди эсиңе алсаң, келип сага жардам беребиз – деп көздөн кайым болушкан” кырк чилтен “кызыл байрак көтөргөн кырк киши” болуп алдыларынан чыгышы, ж.б. сүрөттөлөт да, соңунда Манастын кабарын уккан түп Бээжиндеги Эсенкан “аныктап билип келишсин” деп тыңчы-соодагерлерин жибериши, алар Манас баш болуп ордо атып жаткан балдарга туш болуп, “жолдун бетине курулган ордону тепсетип келе жатышкан кербенчилерге четте тургандар: – Чийинди тепсетпей төөңдү сыртка тарт – дешти. Кандан келген кербенчилер ага болбой, балдарды тоготуп жан ордуна көрбөй ордонун четин кечип киришти. Ичте чүкө черткени жаткан Манас катар жаткан эки эңкени томпой менен коюп калганда катуу чертилген чүкөлөр күү менен барып бирөө кербендеги бирден кийинки төөнүн шыйрагын, экинчиси эң алдыңкы эшектин бутун сындырып кетти.” (5, 189 – 190-бб.).

Эпосто бул окуя минтип сүрөттөлөт:

Атып атып чүкөгө

Ичке түшүп имерип,

Томпой менен жиберип,

Чертүүгө Манас барганы.

Төөңдү тышка тарткын деп

Четкилер айтып салганы.

 

Төө тартпасак нетет деп,

Койчу, чүкөсү ок беле

Эмнеге алы жетет деп.

Жетелеген сартын көр,

Калмагы кошо тепеңдеп,

Хан кишиси болгон соң

Бу канте коёт экен деп,

Катар-катар төөсү

Ордонун четин кечкени.

 

Томпойго Манас жеткени,

Томпойду колго алганы,

Кулжадан алган эңкени

Кошо коюп калганы.

Томпойдун тийген учунан,

Манастын черткен күчүнөн

Астыңкы төөнүн соңкусу

Төө мылтыктын огундай

Черткенде сака жеткени,

Төө шыйрагын сындырып,

Төө кырданып кеткени.

Бир эңкеси барыптыр,

Астыңкы эшек бутуна

А да тийип калыптыр. (6, 158-б).

Эпосто жыйырма тогуз сапта баяндалган окуялар “Кара сөздө” жети гана сапка сыйдырылгандыгын, анан да С.Мусаев агайдын “Кара сөзүндө” майда деталдарына чейин (бала Манас аткан чүкөлөр канчанчы төө менен кайсы эшектин бутуна тийгенине чейин) так-таамай жана жеткиликтүү берилгендигин байкоо анча деле кыйынга турбайт.

Балдарга кол салган тыңчылардын башчысын Манас “…кармап алып көтөрүп жерге уруп, көөдөнүнөн басып туруп башын жулуп салды.” (5, 190-б.).

Эпосто бул окуя мындайча бандалат:

А дегенде эр Манас

Кыйынсынган кытайдын

Башчысын кармап алганы,

Кармаша кеткен жеринде,

Карк алтын кемер белинде,

Бекемдеп кармап алганы,

Көтөрүп жерге салганы.

Көтөрүп жерге бир уруп,

Көөдөдөн басып бир туруп

Чилдин башын жулгандай,

(Балбандык эмей бул кандай),

Башын жулуп алганы. (7, 159-б).

Бул жерде да биз эпостогу он эки сап ырдын кара сөздө бир сапка сыйдырылганына күбө болдук.

Арийне, залкар манастаануучу өзү баса белгилегендей, бул көрүнүш “…ырдын маанисин төмөндөткөндүк да, ыр менен түзүлгөн чыгарманын көркөмдүк деңгээлине шек келтиргендик да жана мындан нары ыр менен түзүлгөн эпостордун турмушта зарылдагы жок дегендик да эмес.” (5, 153-б.)

Байкалып тургандай, биз “Кара сөздөгү” “Баатырдын балалык чагы, алгачкы эрдиктери” деген тема менен берилген окуяларды атайын тексттен алынган конкрет мисалдар менен берүүгө аракеттендик. Бул иш, биринчиден, С.Мусаев агайдын прозага айланткан вариантынын сапат-деңгээлинен бир аз да болсо кабар берүү максатын көздөп жасалса, экинчиден, белгилүү манастаануучунун “Кара сөзүнүн” тексти канчалык деңгээлде сыйымдуу, канчалык деңгээлде экспрессивдүү чыкканын ачык көрсөтүү озуйпасын да аркалап жасалды демекчибиз.

Колдонулган адабияттар:

  1. Карамзин Н.М. Пересказ-перевод “Слова о полку Игореве”. – К-те: Злато слово (История отечества в романах, повестях, документах). Век XII. – М.: Молодая гвардия, 1986.
  2. Лихачёв Д.С. Слово о полку Игореве. Прозаический перевод. – К-те: Слово о полку Игореве. (Библиотека всемирной литературы) – М.: Художественная литература, 1969.
  3. Чуковский К.И. Высокое искусство. – М.: Советский писатель, 1988.
  4. Игордун кошуну жөнүндө баян. (Которгон Сагын Наматбаев) – “Кыргызстан маданияты”, 1984, 26-апрель.
  5. “Манас”. Кара сөз түрүндөгү баяндама. (Түзгөн Самар Мусаев). – К-те: С.Мусаев. Тандалма илимий эмгектеринин эки томдугу. Биринчи том. – Б.: 2015.
  6. Манас. Эпос. Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча. 1-китеп. – Ф.: Кыргызстан, 1978.
  7. Манас. Эпос. Биринчи бөлүк, 1-китеп. Кыскартылып бириктирилген варианты. – Б.: Кыргыз китеп борбору, 2014.

 Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор