
Өлбөйт акын (Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин жаркын элесине. Мурас калган чыгармачылары таасириндеги сүртүмдөр) Саресеп “Ашуудан берген отчёт” – ашууларга Ат менен чыккан кезде жазылгандай. Аскада калган эски жазууларга, Айтаары ыйык ырдын табынгандай. Ташыркоо эмне билбей таптоо аттай, Тоолордун таштак жолу багынгандай. Таштагы эзелки эл жазган каттай, Тагдыры ага тике кабылгандай. Китебин барактадым, барактагым Күнүгө келе берет шам алдыда. Калган ыр, курчтугу курч ар бир сабың, Кайтарды ал күндөргө, жан алды да. Карааның ырлар жазып олтургандай, Күзгүдөй алдында бу аскалардын. Көөнөрбөс ырың бөксө толтургандай, Кетпеген изи толугу менен…..