Байдылда Сарногоев атындагы адабий сыйлыктын жеңүүчүлөрү сыйланды

Талас шаарында Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү. Бул иш чарага мамлекеттик катчы С.Касманбетов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Т.Колдошов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты. Салтанаттуу иш чаранын 2-бөлүгүндө Б.Сарногоев атындагы республикалык адабий сыйлыктын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Сынактын биринчи турунан өткөн 10 финалист 2-турда өздөрүнүн ырларын көркөм окуп берип, калыстардын сынынан өтүштү. Калыстардын чечими менен баш байге Бегайым Нурлановага (диплом жана 100 000 сом байге) ыйгарылды. Ал эми 1-орунду Бектурали Исамидин уулу (диплом жана 70 000 сом), 2-орунду Жаннат Сабырбекова (диплом жана 50 000 сом), 3-орунду Элмира Ажыканова (диплом жана 30 000 сом) ээледи. Калыстардын атайын сыйлыгы менен Кесексары Исаков (10 000 сом) сыйланды. Калган катышуучуларга 5000 сомдон акчалай сыйлык берилди. Мындан тышкары 10 катышуучу Б.Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган төш белги менен сыйланды.

Б.Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган мааракелик иш-чара Бишкек шаарында өтөт.