Бектурали Исамидин уулу: “Бир ооз сөз  сактап калса  өлүмдөн, Бир ооз сөз уккан үчүн  жан чыгат.”

Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата жарыяланган сынакта 1-орунду ээлеген Бектурали Исамидин уулунун ырлары.

ҮЧ КАЛЫҢА АШЫКМЫН

Жасалгандай нур жүзүң бермет менен,

Жарыштагы маарасың эл жетпеген.

Болгон чындык дүйнөнүн сулуулугун,

Бото көздүүм, мен аны СЕН деп келем.

 

Кирбей калсаң түшүмө жатканымда,

Куйкаланат бүт денем ак жалынга.

Бар бакытты өзүң деп сезген үчүн,

Баягыдай эмесмин, башкамын да.

 

Кубат берип калемдин күч, табына,

Канат болсоң ырымдын учканына.

Ай шооласын акмалап караттырган,

Ашык болдум жүзүңдүн үч калына.

 

Куп жарашса бир калың маңдайыңда,

Келбетиңди саламын кандай ырга.

Кийинкиси көз асты, эриниңде,

Көргөнүмдө төгүлөт бал чайым да.

 

Алмаштырбайм “ҮЧ КАЛДЫ” башкасына,

Айдай сулуу, ак чырай, нак татына.

Көзүнө көз, өзүнө жолдош тутуп,

Кир жугузбайт “АЛ МЕНИН”жакшы атыма.

 

 

СЕНИ КӨРДҮМ АПАКЕ, БУЛ ЖАРЫКТАН

Батпай турам көп кабат мекемеге,

Бир кучагың кымбат жай, Мекен эле.

Капалансаң үйүбүз таштай катып,

Күлүп койсоң муз эрип кетер эле.

 

Үйлөр жылуу, от күйбөй өчсө деле,

Үнүң угуп көп гүлдөр өскөн эле.

Кышта тоңбой ысынып калчубуз да,

Катарынан бир ирет өпсөң эле.

 

Ак халатын адамдар курчанышкан,

А сен мени куткардың булганычтан.

Аба жутуп, биринчи көз ачканда,

Апа СЕНИ көрдүм МЕН бул жарыктан.

 

Эч таппадым кемчилик, кынтыгыңды,

Эми айтсам мен сага чын-чынымды.

Жакшы жолдун багыттын таппайт элем,

Жебегенде шапалак, чырпыгыңды.

 

МЕН  АЙЫЛГА  БАРГАНДА

Канча  кечтик  өзөн  суунун  жайыгын,

Катаар   элек  тентек  иштин   айыбын.

Аалам  жолго  багыт  берген  үчүн  да,

Ар  бир  адам  сүйсө  керек   айылын.

 

Балдар жүрөт чырпык  атты  чапкылап,

Бүгүн  айыл  тосту  мени  жакшылап.

Сүйүнгөнүн кыйкырыктан билдирип,

Сарайлардан короз  чыкты каккылап.

 

Айыл  деген  аруу  болбос мынчалык,

Адамдарда  арамдык  жок  кылчалык.

Илим  алып, көп  кыйналды дегенсип,

Иттер  бүгүн  үрбөй  жатты  тынч  алып.

 

Башын  буруп  күткөн  экен  келет  деп,

Бутун  тушап  саачу  апам   тебет  деп.

Кайдан  тепсин,  жоош  тартып  уйубуз,

Кубангандан  сүт  бериптир  челектеп.

 

Кошуналар   үйгө  жүр  дейт  четинен,

Кары-жашы  өөп  жатты  бетимен.

Жактырганым  билген  үчүн  тооктор,

Жумуртканы   берип  салды  экиден.

 

Майрам  болду, казан  асып,  ыс  чыгып,

Мен  барганга  кеткен  өңдүү  кыш  жылып.

Дастарконго  эми  колум  тийгенде,

Достор  келди, мага  тааныш  ышкырык.

 

 

БИР ООЗ СӨЗ

Бир ооз сөз – бүт  жүрөктү канатуу,

Бир ооз сөз – жаңылыкты таратуу.

“Кечириң”  деп кемчилигин түшүнүп,

Бир ооз сөз – урушкандар жарашуу.

 

Бир ооз сөз –достошкондор бөлүнүү,

Бир ооз сөз – жинденгенде  сөгүнүү.

Бир ооз сөз – акылманга  айлануу,

Бир  ооз сөз – акмак болуп көрүнүү.

 

Бир ооз сөз –  кылмышыңды  жашыруу,

Бир ооз сөз – тууганыңды  качыруу.

Башка чаап сүйлөгөнгө рахмат деп,

Бир ооз сөз –таш атканга аш уруу.

 

Бир ооз сөз – душманыңа сыр  ачуу,

Бир ооз сөз– ден соолугуң сурашуу.

Ичтен чыккан ушакчынын  айынан,

Бир ооз  сөз – падышаны  кулатуу.

 

Бир ооз сөз  кимдигиңди билгизет,

Бир ооз сөз  башты көккө тийгизет.

Бар топтогон кадырыңа доо кетип,

Бир ооз сөз  жерге сени киргизет.

 

Бир ооз сөз – жоого аскер   аттанат,

Бир ооз сөз  укса гүлдөр баш багат.

Бир ооз сөз  айткан үчүн тилди эмес,

Бир ооз сөз  тилге кошуп башты алат.

 

Бир ооз сөз турат сени камчылап,

Бир ооз сөз болот сага  шам  чырак.

Бир ооз сөз  сактап калса  өлүмдөн,

Бир ооз сөз уккан үчүн  жан чыгат.

 

Бир ооз сөз – зор ийгилик жаратуу,

Бир ооз сөз – түн аяктап, таң атуу .

Бир ооз  сөз – үмүт берүү башкага,

Бир ооз  сөз – жашап туруп жашатуу.

 

 

АЯЛ СЕН –

Аял–бакыт, аял-жакут, аял – шам,

Аялга арнап күн шооладан жаяр таң.

Аял–улут, аял–эне, аял–жар,

Аял–дүйнө, сен ишенип таянсаң.

 

Аял үчүн айдан шоола түшкөндөй,

Аял жокто аалам, дүйнө, бүт нөлдөй.

Аялга деп ыр жазылып жүрөктөн,

Азап согуш аял менен бүткөндөй.

 

Алар бизди жакшылыкка камчылап,

Аял, аял, сен деп жүрөк жанчылат.

Бешиктеги бала менен кулпурсаң,

Бул дүйнөгө сени көксөп ай чыгат.

 

Аял – энем, аял–кызым, уюткум,

Аял– түгөй жамгырындай булуттун.

Аял менен кошо жылып тирүүлүк,

Аял гана улоочусу УЛУТТУН.