Бакытбек Мукарамов: Сүйүү десе, аялзат дүйнөсүнө, Өмүр бою акым бар суктанууга

Өлбөйт акын (Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин жаркын элесине. Мурас калган чыгармачылары таасириндеги сүртүмдөр) Саресеп “Ашуудан берген отчёт” – ашууларга Ат менен чыккан кезде жазылгандай. Аскада калган эски жазууларга, Айтаары ыйык ырдын табынгандай.   Ташыркоо эмне билбей таптоо аттай, Тоолордун таштак жолу багынгандай. Таштагы эзелки эл жазган каттай, Тагдыры ага тике кабылгандай.   Китебин барактадым, барактагым Күнүгө келе берет шам алдыда. Калган ыр, курчтугу курч ар бир сабың, Кайтарды ал күндөргө, жан алды да.   Карааның ырлар жазып олтургандай, Күзгүдөй алдында бу аскалардын. Көөнөрбөс ырың бөксө толтургандай, Кетпеген изи толугу менен…..

Бакытбек Мукарамов: Уук-тукумуң бир убакта наар алган, дарыяңа качан кайтып келесиң?!.

Пияда эле апкетишет Төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки өмүр аралыгын кыяр, Ой-максатыма жетемин деген кыял… А мен үзүлбөс үмүт менен, жадакалса эч кимге айткыс күйүт менен пияда эле баратамын, жетемин деп максатыма. Нарыраакта, аңгире жолдо машинелүүлөр зуу коюшат. Мен баскан жолду чаңдуу, ылайлуу, таштактуу дешкендер тоотпой басышат. Сезимди араалай карабай өтүшөт, жүрөгүм ачышат – Менин баскан жолумдун баркын билишпейт алар!   Жер-Эне билем сенде бир чыйыр жол бар, эч кимдин изи түшө элек чыйыр жол ал. Ошол жолуң табам деп келем, таман изим калтырайын деп. Анткени, бул жарыкта бирөө койбойт ал сурайын толугу менен…..