Байдылда Сарногоев атындагы адабий сыйлыктын жеңүүчүлөрү сыйланды

Талас шаарында Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү. Бул иш чарага мамлекеттик катчы С.Касманбетов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Т.Колдошов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты. Салтанаттуу иш чаранын 2-бөлүгүндө Б.Сарногоев атындагы республикалык адабий сыйлыктын жеңүүчүлөрү сыйланды. Сынактын биринчи турунан өткөн 10 финалист 2-турда өздөрүнүн ырларын көркөм окуп берип, калыстардын сынынан өтүштү. Калыстардын чечими менен баш байге Бегайым Нурлановага (диплом жана 100 000 сом байге) ыйгарылды. Ал эми 1-орунду Бектурали Исамидин уулу (диплом жана 70 толугу менен…..

Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдык мааракеси Талас шаарында белгиленди

Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрь күнү Капар Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө Сүйүнбай Эралиевдин өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча көргөзмө уюштурулуп атайын видео тасма көрсөтүлдү. Аталган адабий-музыкалык эскерүү иш-чарасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Талас облустук Аман Токтогулов атындагы китепканасы, Талас райондук мамлекеттик администрациясы, Талас ТВ МТРКсынын колдоосу менен уюштурулду. Облус жетекчиси Бакытбек Нарбеков өз сөзүн Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиевдин Багына, байлыгына башка жактан, Башынан баш бакканды кылып толугу менен…..