Байдылда Сарногоев: Жүрөктө жүрөт эскирбей, Сүйөмүн деген бир сөзүң

Булакка Алдастап бат, бат дем алып, Арыкка боюн ургулап. Аманбы? – курбум дегендей, Агасың, булак шылдырап.   Билерсиң бала кезимде Көп жолу сени бойлогом. Убара кылып шарыңды Тегирмен салып ойногом.   Калкыткам көлчүк жериңе, Кайыкты жасап кагаздан, Көйнөктү чечип жалбызга Кирингем ысып баратсам.   Ойногун! – дейсиң эми да, Кайрадан бала болбосмун. Жээгиңди бойлоп мен чылап, Бөбөктөрүм ойношсун.   Кайсы сенин терезең Атын билем сен жашаган көчөнүн, Бирок, билбейм үйүң кайда экенин. Биргелешип кирмек элем киного, Бүгүн сени кайдан табар экемин?   Үй номериң сегизби же сексенби? Көчө бойлоп көрүп толугу менен…..