Бегайым Нурланова: “Оболу үйрөнгүн сүйгөндү, Сүйгөндү билгендер сүйүлөт!”

Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата жарыяланган сынакта баш байгеге ээ болгон жаш калемгер Бегайым Нурланованын ырларын назарыңыздарга тартуулайбыз.

Көңүл

Ачуу айтпа, мейли болсом акылуу,

Ченем-өмүр, чегерилген жыргал-муң.

же сен менин табытыма баш уруп,

же мен сенин табытыңда ыйлаймын!

 

Катуу айтпа, каргышы көп бу турмуш!

Канатыңдан кыркканга маш, неликтен?-

ар жылыңда башатың кыш, учуң кыш,

Ар сыйында аркы дүйнөң жеп ичтен!

 

Татаал жолдо биз жоголгон  аң-дөңдөр,

Таарынычтуу артта канча күн өлдү?

Сен Кудайды кандай көрсөң, андай көр!

Мен Кудайды эч көрбөгөм- күнөөм бу…

 

Күн төбөдө күлмүң этпей, аты улук,

Күл дөбөдө кай күн, кайсы ай, жыл кайсы?..

Же мен сенин күмбөзүңө баш уруп,

Же сен менин күмбөзүмдө ыйлайсың!!!

 

Бөбөккө

Бул көздөр-көптөрдүн сүйүүсү,

тагдыры тамаша, муңу бар…

…Бакыттан жарк этип күлүүчү,

Бактылуу уйкуга жумулар.

 

Көтөрүп көкүрөк маанайын,

Көктөгү жылдыздай жаркыган.

Көзүңдөй болсунчу таалайың,

Көл өңдүү-тереңдик камтыган.

 

Бек кармап кичине алакан

кайрадан төрөлгүң келтирет.

Турмушуң туш-туштан таласа,

Тунара көрбөгүн менчилеп.

 

Махабат байырлап дүйнөңдү,

Магдыра! Жашоонун гүлү көп.

Оболу үйрөнгүн сүйгөндү,

Сүйгөндү билгендер сүйүлөт!

 

Аялсың сен дагы, аяймын!

Кучагың гүл күтөт өмүрдөн.

Көрөрүң болсунчу шаңы арбын

көзүңдөй- аруулук төгүлгөн!

 

Аялсың сен дагы, аяймын!..

 

Парадокс

Ачып-жумуп көздөрүмдү…уйку-соо,

Ачыштырып сөзгө муңдуу бүт демим.

Күдөрүңдө, билем, күлмүң күн күсөө,

Күтпө, бирок, өзгөрүүмдү, күтпөгүн…

 

Күн төбөдө… дубал тиктеп… бой бүгө

Жүзүм каткан жууркан катпай капамды,

Жарам арбын, чочуй түшөм, ой-күнөө,

Жаратканга теңеп кетип атамды…

 

Багың канча?.. бир күн болуп атың жат,

Баркың менен көрктөлгөндө денең бүт.

Өлүм гана айта турчу акыйкат:

“Өтө жакшы адам эле!” дегендик…

 

Чечим

Демим, ышкым, алоо-жалын денем бу,

Дайыны жок чачыраган топчулар…

Менин ыйым түшүнгөндөр жок өңдүү,

Сенин да үнүң түшүнгөндөр жок чыгар.

 

Букка толуп атып таңым, батып күн,

Бараткандай багыты жок жөргөлөп.

Мен түйшүгүн тартмак болуп бакыттын,

Мезгилимден эрте кеттим өңдөнөт.

 

Көп кейибе, көөдөнүңө арнап муң,

Көкүрөктө тилектерим таптаза.

Кеч айтканым үчүн кечир, ардактуум,

Сен кечикпе, турмушуңа бак жаса.

 

Жаңылуу го жандырмагы таң, ырда,

Жалыныңдан чачыраган топчулар.

Үнүңдү уккан жандар жоктур жаныңда,

Менин да ыйым  уга алгандар жок сыңар…

 

Ностальгия

Коңгуроонун улай шыңгыр добушун,

Колуңа алып күрмөм менен капчыгым.

Узатуулар… кыскартылып жол узун,

Сен угарман, мен жомоктор айтчумун.

 

Кезек сенде, мен угарман, ыр да, сыр,

Кептер бүтсө, окуу-сабак сүйлөшмөй.

Кайрыбастыр мезгил ошол жылды азыр,

Кайтарууда, бирок, жүрөк кирдетпей.

 

Кайтарууда булгабастан эч жерин,

Сакталууда унутулбай эч жагы.

Бир жылмайтат, бир сагынтат эскерүүм:

Биздин оюн- “Бүркүтпү, же Решкабы?”

 

Таза, тунук, балалыктын шаңы миң,

Чаң сапырган көчөлөрдө сакталуу.

Башта бантик жоолук болгон а бүгүн,

Сен да узатып жүргөндүрсүң башканы.

 

Ак фартугум алмашылган халатка,

Сен да сүйүп, мен да сүйүп башканы…

 

Оригами

Дурус баары… бурушу көп мен гана,

Дубасы көп, ызасы көп, бук -ченем,

Мезгил деле мени таппай, дендароо,

Мейкиндерден бир кезде үнүм укчу эле…

 

Ырлуу өмүр, сырлуу өмүр- көп жазык,

Ыйыма да, сыйыма да тойбогон.

Көңүлүңдөн таппай зарыл сөздү азыр,

Көздөрүмдү ачпай жатып ойгоном.

 

Билбейм неге, бирөө-курман, бирөө-бук,

Бийик дүйнөм, тунук дүйнөм-жүк түмөн.

Кантмектирмин, балким өзүң күнөөлүү,

Балким ошол бактысы мол күз күнөөм.

 

Ушул дүйнө-мерчеми аз, cузу көп,

узун түндө унуткарган, таппаган.

Мен өзүмдү мээрими жок күзүңөн,

Сен айрыган барактарда сактагам.

 

Мерез тагдыр, мен өзүмдү өзүңөн,

Сен өрттөгөн барактарда сактагам!

 

Толгонуу

Көп сыйына сыйбай ушул дүйнөнүн,

Көңүлдөрдүн сыныгындай, бүтпөстүк.

Толтура албай турмушуңдун бир кемин,

Тоодой үмүт бара жаттык жүктөп биз.

 

Балким, ошол, бая жазган ыр сымал,

Баягыдай маанайы пас, муңу көп.

Чыкканында ичимде ысып, чыркырап,

Жыттарында кайра өмүрүм тирилет.

 

Дебейм бирок, айтпайм, бирок, жообу жок,

Денемдеги табылбаган тактарды.

Кеткендигин бир үмүттөн тоом урап,

Кечкендигин көңүлүм көп таштанды…

 

Сен унутпа, мени унутпа, түшүн, ээ?

Сезим эмес!..жарыгы өчкөн жалкы үмүт.

Бакыт болсо, балким, ичте, кичине-е,

Баары сенин махабатың аркылуу…

 

Сен унутпа, мени унутпа, түшүн, ээ?..

 

Апа

Апоо, жакшысызбы?.. а мен жакшымын,

Ала салган өмүр менен дос болуп.

Аралашып көөдөнүмдө бакты, муң,

Айыбы жок, акыйкатсыз соттолуп.

 

Кейип кээде, ичтен сызып, тымызын,

Кемчиликтүү турмушума бак сурап

жүргөндүрсүз, а мен апа ыр үчүн,

жүрөгүмө үйүп жаман-жакшы да…

 

жүрөм дале эскерилип, унтулуп,

жүгөндөлүп турмушума күн-түнү.

Өткөнүмө өкүтү көп ыр сунуп,

өмүр мага карыз болуп бир сүйүү.

 

Жашыбачы, жашоо-сонун, мен билем,

Жашап туруп жашабаган өмүр бар.

Менин катам- балким менин эрдигим,

Сенин батаң жашасынчы көп ырда!!!

 

Апоо, жакшысызбы?.. а мен жакшымын,

Ала салган өмүр менен болуп дос!!!

 

Жакшы адам

Чыпчыргасын коротпостон өмүрдүн,

Чындык издеп издегендей сүйүүнү.

Аманатын артып алып көп ырдын,

тартып жүрөм тартчуларын тирүүнүн.

 

Жарашпаган, талашпаган бирөө да,

Чыдамы мол, чырайындай бактысы.

Жоготконуң көрүнсө да күнөөдөй,

таппаганың ,мүмкүн, андан жакшысы.

 

Сыйбай турам сыныгы көп шаң, ырга,

Сынагынан, кыларынан шек санап,

Жашаш үчүн жаңылттырбай, жаңылбай,

Нечен өмүр жашалбастан кеч калат.

 

Жашыл көктөм, майда бүчүр мендеги,

Жалоорутуп, күтүп ошол жакты улам.

Жаман көрбө, жакшы көрбө сен мени,

Жашоо мага тааныштарган жакшы адам!

 

Аксиома

Жакпагандай жалгыздыкка көпчүлүк,

Жарыктык ай, көп сүйдүрүп, көп сүйүп.

Адам деле куурап, кургап бир учур,

Жашайт анан жамалына чөп чыгып.

 

Жаз, күз, жай, кыш боёгондой жамалы,

Жан дүйнөсү- жамгыр, аяз, шамал, үп.

Өмүр бою өлүп-туулган өмүрдүн,

Аралыгы- карылык да, балалык!

 

Гүлдөйт бир күн, кайра соолуп жалбырак,

Күндү узатат жокту жоктоп, барды улап.

Гүл жайнаган жүзүн муздак кар басып,

Барган сайын башкачараак жан кылат!

 

Өмүр чуркайт, чийининде жер-асман,

Өгөөлөсө турмуш-кайрак, жеп аздан.

Адам адам үчүн гана жаш сүрүп,

Адамда адам үчүн гана тер аккан…