Элмира Ажыканова : “Бир ойлосом мен бир чекит дүйнөдө Бир карасам аалам менин колумда.”

      Элмира Ажыканова 1966-жылы 15-октябрда Талас районундагы Кум-Арык айылында туулган. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Кыргыз Радиосунда эмгектенет. КТРдин отличниги, республикалык «Айтыш» коому уюштурган «Мыкты аңгемелер» конкурсунун эки жолку жеңүүчүсү,  Махмуд Кашкари атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси.  Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата жарыяланган сынакта 3-орунга ээ болду.   Эски мештин жанында Талдап бүтпөй  оңум менен солумду, Таштап салып талыкшыган боюмду. Кыш түнүндө, меш түбүндө телмирип Олтурамын  отко кактап колумду.   Жер айланып зуулап барат огунда, Менин үйүм тогуз жолдун тоомунда. Бир ойлосом мен бир толугу менен…..