ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан жарык көргөн китептердин бет ачары өттү

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан жарык көргөн китептердин бет ачары болуп өттү. Иш чарага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, авторлор катышты. С.Раевдин демилгеси менен кыргыздын 50дөн ашуун акындарынын ырлары түрк тилине которулуп “Кыргыз акындарынын антологиясы” деген ат менен жарык көрдү. Мындан тышкары “Чыңгыз Айтматов”, “Жолон Мамытов”, Касым Тыныстановдун “Касым ырлары”, А.Акбаровдун ырлар жыйнагы китеп болуп басылган.  Китептер А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасына, КР Улуттук жазуучулар союзуна тапшырылды жана авторлорго берилди. 

Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы азербайжан тилинде жарык көрдү

Азербайжан парламентинин депутаты Жаваншир Фейзиевдин сунушу менен түзүлгөн «Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы» Баку шаарында жарык көрдү. Китептин башкы редактору Жаш түрк тилдүү жазуучулар биримдигинин төрагасы Экбер Кошалы болсо, баш сөзүн Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Хидает Оручов жана Жаваншир Фейзиевдер жазышты. 40 жашка чейинки 35 калемгердин ыры кирген антология кыргыз акындары Алтынбек Исмаилов, Калича Жакыпова жана Бекболот Сарыбаевдер тарабынан түзүлдү. Ал эми которууга Ибрагим Иляслы, Ресмийе Сабир, Теране Туран, Перване Мемедли, Гүлнар Сема баш болгон жалпы 18 калемгер катышты. Антологиянын бет толугу менен…..