Маркабай Ааматов: Ишеним туубуз болбой махабатта, Ишенбей турган чагың өкүндүрөт

***** Зуу коюп качкан куштай жыргал учат, Өмүрдү коштоп алган жылдар учат. “Жазуучу” дачасында күн кечирем – Теректер бийге түшүп ыргалышат!   Кашка-Суу күндүр-түндүр шаркыраган, Сезимди тартуулады жаркыраган. Кызганам аны булгап албайын деп Кыпчылып кепке-сөзгө ар кыл адам.   Ойлоном келечектин жагдайын да, Алынча өтүп турмуш, ал жайым да. Тигине, Ата-Бейит көрүстөнү – Айтматов уктап жатат маңдайымда!   Буйруса тоо койнунда калуу бактым, Мында өтөр кайгы күбөөр бар убактым. Эргисе эрөөн-төрөн албагыла – Торгойдой бир баласы табияттын.   Чалкаят ак жамынып аска-тоолор, О, тагдыр эртең жолум башка болор. Эмнени тартуулайсың, толугу менен…..

Кылчайып артка карасам…

Бүгүн Кыргызпатенттин алдындагы мамлекеттик патенттик техникалык китепканасында Кыргыз эл акыны М.Ааматовдун “Кылчайып артка карасам” аттуу чыгармачылык жолугушуу кечеси болуп өттү. Бул кечеге төрага Н.Калыбеков, кыргыз эл акындары Т.Мамеев, Г.Момунова, К.Бакиров, Кыргыз эл жазуучусу М.Абакиров баштаган акын-жазуучулар, мамлекеттик-коомдук ишмерлер, студенттер, ыр күйөрмандары катышты. Жолугушууда М.Ааматовдун чыгармачылыгы боюнча сөздөр сүйлөнүп, акындын обондуу ырлары аткарылды. Жаш окурмандар автордун ырларынан окуп беришти.