Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы азербайжан тилинде жарык көрдү

Азербайжан парламентинин депутаты Жаваншир Фейзиевдин сунушу менен түзүлгөн «Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы» Баку шаарында жарык көрдү.

Китептин башкы редактору Жаш түрк тилдүү жазуучулар биримдигинин төрагасы Экбер Кошалы болсо, баш сөзүн Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Хидает Оручов жана Жаваншир Фейзиевдер жазышты.

40 жашка чейинки 35 калемгердин ыры кирген антология кыргыз акындары Алтынбек Исмаилов, Калича Жакыпова жана Бекболот Сарыбаевдер тарабынан түзүлдү. Ал эми которууга Ибрагим Иляслы, Ресмийе Сабир, Теране Туран, Перване Мемедли, Гүлнар Сема баш болгон жалпы 18 калемгер катышты.

Антологиянын бет ачары Баку жана Бишкек шаарларында өтөт.

 

Булак: https://www.azattyk.org/a/29914221.html