Тынчтыкбек Нурманбетов: Капкакка кыргыз жанын жашырганбы? Капкакка кыргыз сырын батырганбы?

Кыргыз десе Кыргыз десе: безеленем чырылдап, Кыргыз десе: каным күйөт шырылдап. Кыргыз десе: кыйналганым унутуп, Кыргыз десе: созолонтом ыр ырдап.   Кыргыз десе: жаным жыргайт ыр курап, Кыргыз десе: көздөн жашым кылгырат. Кыргыз десе: кылым жашайм карыбай, Кыргыз десе: эч соолубайт Ыр – булак.   Кыргыз десе: жаза тийбес октоймун, Кыргыз десе: Азезилден коркпоймун. Кыргыз десе: кыянаттык кылганга, Кыргыз десе: Кыяматта оттоймун.   Кыргыз десе: чөмүлөмүн кыялга, Кыргыз десе: жер таппаймын сыярга. Кыргыз десе: үмүт үзбөйм жашоодон, Кыргыз десе: кулдук урам Кудайга!   Комуз күүсү Залкар комузчу Ниязалы Борош уулуна толугу менен…..

Эрлан Жумагазиев: Тээ бир кезде тажап качсам… Азыр мен, тентек, жинди кыялыңды сагынам!

Атама Бар чачыӊдын агарган ар талында, Балдарым деп тарткан түйшүк, камылга. Атаганат, өксүтөт ээ дүйнөӊдү, Апабыздын болбогону жаныӊда!   Сырттан күлүп, а ичиӊден кайрып муӊ, Сыр бербейсиӊ кылса дагы кайгы үстүм. Жети балаӊ бир апамча болалбай, Жемиргендир канча жылдык жалгыздык!   Качат мезгил кумдай чууруп салааӊдан, Кайтпас күндөр кайкып учкан жагалмай. Арып барат барган сайын кубатыӊ, А мен дале жүрөм ордум табалбай!   Жан дүйнөм менен баарлашуу (монолог) – Адамсыӊбы? Ийнимди куушурамын, – Адалсыӊбы? Аны да “билбейм” дедим. – Арамзалык, куулук туу кыларым, Азыр менин турмуштан үйрөнгөнүм!   – Адилсиӊби? толугу менен…..

Кыял Тажиева: Жашагыла бирөөлөр тааныбаган, Жаманыма, жакшыма наалыбаган

Эй адамым Эй адамым, билдим эмне башкысын, Аяп калдым сендейлердин бактысын. Кудуретиң кудайды да сүйдүргөн Сен жакшысың, сен чын эле жакшысың!!! Момунум ай, ыйлаганды билбейсиң, Сени ыйлатат, ооба сени башкалар, Бир жакшысы өзүң деле жыргайсың Ооба жырга, а калганы башта бар… Пейилиңчи, миң азапты той кылган, Ыйманыңчы, ыпыласты зор кылган, Жүрөгүңчү, жүрөгүңдөн ок учкан Дүйнө жашайт эки бети албырган. Адамым эй, адамым эй, адамым, Менин, сенин, анын дагы алардын, Тулкусунда көзүм көргүс жарык бар Бир жарк этип карашындай аялдын. Таң калдырбайт мени көптү билгениң, Таң калдырбайт улут үчүн күйгөнүң. Айран толугу менен…..

Мухаммадамин Хожакбаров: Көздөрүңө чөктү көк асман, ак таң өптү эриндериңден

“Көздөрүңө чөктү көк асман, ак таң өптү эриндериңден…” Мектепте окуган кезинен эле кыргыз тилинде ыр жаза алган, белгилүү өзбек акындарынын ырларын кыргызчага, а кыргыз акындарыныкын өзбекчеге которуп жүргөн таланттуу жаш калемгер Мухаммадамин Хожакбаров менен өткөн жылы фейсбук аркылуу тааныштым. Ал менин “Мен баймын” аттуу ырымды өзбек тилине которуп, өзүнүн баракчасына жарыялаптыр. Бул өзбек тилдүү жаш акын ким экен деп кызыгып сураштырып калдым. Мухаммадамин Ош шаарындагы өзбек мектебинин 11-классында окуп жаткан экен. Жаш болсо да кыргыз адабиятынын классиктери Алыкул Осмоновдун, Сооронбай Жусуевдин, Байдылда Сарногоевдин, Карбалас Бакировдун, Зайырбек Ажыматовдун ж.б. ырларын өзбек толугу менен…..

Табылды Муканов: Акындын бош болгону – жок болгону!

Таланттуу акын, маркум Табылды Мукановдун “Автограф” китеби окурмандардын китеп текчелеринен орун алууда. Китептин редактору жана баш сөзүн жазган жазуучу, журналист Данияр Исанов жазуучулар союзуна келип биздин китеп текчебизди дагы бир мыкты китеп менен толуктап кетти. Жаңы китептеги ырлардан окурмандарга сунуштайбыз. Ок (Баллада) – Ооба, баары эсимде… – Нелер, аба? – суроо бердим капыстан. Ал шинелдин чөнтөгүнө кол салып, Алып чыкты жалгыз окту көгөргөн: – Уккун анда! Өрт чыккан кез Батыштан… … Ажал бүрккөн чоочун танктар бырыш салып жер бетине, терден бүткөн буудайларды, моло таштай былчыратып келатты. Октор улуп, кыркып жатты толугу менен…..

Нурлан Калыбеков: Мен такыр бул дүйнөнү, бөлбөймүн ак-карага

Автопортрет Кимсиң өзү, кайдан келдиң, баратасың каякка? Сен үчүн бүт, баары эски, керектөөдөн чыгып калган кудайлар, жок, сенде түк идеал. Бутуң бокто жүргөн менен ойлоносуң көк менен, асман менен жашайсың, жашагандар жер менен ырыскыңды жеп жатышат чокулап. Деги кимсиң? Жалгыздыкты жактырган, жакпайт сага жүргөн жандар топурап, кеткиң келет дербиш болуп жер кезип, чыккың келет Гималайдын башына, тооп кыласың Шаман сымал Ата-Журттун ташына. Жаткың келет кээде, түбөлүккө топуракты жазданып, карманасың өзүңдү, ыйлап ийе ташташыңа аз калып, көзүң чалса тентип калган жандарды. Деги сенде ар барбы? Арам тамак бектер менен хандарды жылаңачтап толугу менен…..

Тазагүл Закирова: Кимге эрте, кимге кеч да, кимге жок, Өлбөстүк да, бир ирмемде Теңирден

Чалындым Бул жашоодо далай ирет чалындым, Колдон тартып, колтугумдан жөлөгөн- кээде болду, кээде жалгыз сабылдым. Түркөй өзүн өйдө көрдү төрөдөн…   Мен жете албай талпынсам да алдыга, Бут тоскондун канды аябай табасы. Кээде бийик учтум кыял –тарбия Жакындатты көктү, жердин арасын.   Мен жыгылсам, же адашсам жолумдан күткөн болду, тизгиндеп чоң чыдамды. Таман тилген татаал тагдыр жолунда Тынбай ырдап кандырдым дил-кумарды.   Далай кулап өйдөлүштөн төмөнгө Көп өкүндүм тарттым санаа-убайым. Аруу тилек максатыма жөрөлгө Качан болсун колдойт куттуу Кудайым.   Тилек-ойду бул жашоодо аткарам, Дүрбөлөңгө салбай багып ооматты. Канча тоскоол толугу менен…..

Назгүл Осмонова: Керемет ушул дүйнөдөн, кете албай турам тушалып…

***** Көрүнбөй учу узарып, Көңүлгө толсо кусалык Кейишке толгон дүйнөдөн, Кете албай турам тушалып.   Асылдык толгон ааламды, Айнектей аяп кыйбадым. Чындыкка көзүм жетсе деп, Чымындай жанды кыйнадым.   Буулугуп жаным кай бирде, Булуттай көчөм дүйнөдөн. Жабыкса жаны жанчылып, Жан жок го түтөп күйбөгөн.   Көрүнбөй учу узарып, Көңүлгө толсо кусалык. Керемет ушул дүйнөдөн, Кете албай турам тушалып…   ***** Ай көрдүңбү, асманынан ал жактын, Сагындырар биз жактагы көктөмдөр. Элес болуп эске түшөр кээ бирде, Тагдыр бөлгөн, жазымыштуу өткөндөр.   Кетким келип ушул шаардан чарчадым, Сен тараптын сагындырып асманы. Буулукканда толугу менен…..

Улан Дөөлөтов: Ала бер мага жакын адамымды, мен да алам сага жакын ойду жулуп!

Таппай жатам Кечирип кой! сурап, таппайм тулкумдан, сага болгон сезимимди жулкунган, кеткенби же таштап салып денемди, “кош” деген сөз чыккан кезде ууртуңдан.   Бактымды издеп; Батыш жолго түштүм мен, бууланганбы изибиз же үп күндөн? Убакыттын түшүп алып алдына, башка издерге шерик болуп үшкүргөн.   А булуттун боюнда бар келечек, Сулуу булут тамчы менен жел ичет. Өткөндөрдүн ирет изин жууганга, төкчү жаанды билбейм кимдер ченешет?.. Ысымыңды жүрөгүмдөн жууганга, билбейм тагдыр кимдер менен кеңешет…   ***** Жаратканым кезиккенде сүйүүмө, орунуңдан оодарылып бир койчу жүрөктөгү. Күзгүдөгү адамды түшүнгөндөй түшүнүк бар жандууга кезиккенде, белги толугу менен…..

Мелис Совет уулу: Касиетиң кандай укмуш жаз жыты, Карыга да кайрат берип сүйүнткөн

Аялзат сенде улуулук Төрөлсө кыздар жактырбай, Эркектер ичет таптырбай. Кыз эмне адам эмеспи, Жийиркенип ары качкыдай.   Уул күтүп уулду тилейбиз, Кыз десе укпай дүлөйбүз. Кыздар жок болсо, акактай Сөздөрдү кимге сүйлөйбүз.   Назданып басса маралдай, Калабыз көздү алалбай. Жашообуз супсак кыздарсыз, Канты жок чайдай карандай.   Кыздар бар жашоо керемет, Көргөн көз нурга бөлөнөт. Аялзат эгер жок болсо, Аалам да кетмек желелеп.   Карындаш, эже, жеңелер, Баары бир бөлөк дебеңер, Башка оор мүшкүл түшкөндө, Ошолор өбөк жөлөнөр.   Дүйнөгө берип жылуулук, Өзүңдө өнөр, сулуулук. Ак сүтүң баккан адамды, Аялзат толугу менен…..