Абдилаат Дооров: Чагылган тийип күйгөн арча шактай, чатырап алоолонот көкүрөгүм

Бүгүн мен тиктим көчөт …Бүгүн мен тиктим көчөт, мойнума түштү милдет. Арык казып, суу коюу, олтурбай күндү күн деп, түндү түн деп.   …Бүгүн мен өмүрлүк жар, жөнөкөй кызга тоолук. Балбылдайт көздөрүбүз, бакыттын кушу конуп!   …Бүгүн мен болдум ата, болдум жар жана багбан. Турмушка кирип келдим: уялчаак балалыктын ыпысык кучагынан!   Сагындым Сагындым жанга жагым жайлоо түнүн шар акчу суусу мөңкүп, чачып көбүк. Асыл жар чачып бөлүп жик салгандай асманды саманчынын жолу бөлүп.   Койчунун коңур үнү созолончу, селкинин козгоп жүрөк делебесин. Түндүктөн түмөн жылдыз кашын кагып, ай нуру толугу менен…..

Абдыжапар Эгембердиев: Санааркап келип мен бүгүн, Санааркап кеттим кайра эле…

Ачык болсун асманы!          1. Күндөр келди калк түйшүктөн кыйналган, Көңүл ооруп, күлкү кетип, ый калган. Кээ бирөөнүн төрт тарабы төп болуп, Башы айланган бакыт менен жыргалдан. Күндөр келди ичтен бузуп ириген, Ташыркаткан тексиздиктен чириген. Каар менен кең ааламга жар салып, Ачуу сөздү айткың келет дилиңен. Күндөр келди жаны күйгөн эчендин, Күнү тууган жандими, кур чечендин. Кутурушуп Абыкелер, Көбөштөр, Бар байлыгын ээлеп алган Мекендин. 2. Жан багууга арга издеп бекерге, Чилдей тарап, көбү кеткен чет элге. Мында бирөө ичерге суу таппаса, А бирөөлөр кечүү таппайт кечерге. Шылуундар көп, чириген бай теңесек, толугу менен…..

Гүлүмкан Исаева: Мен жаш болсом болгондурмун, агатай, Сүйүү да жаш болобу?

Гүлүмкан Исаева 1999- жылы Баткен областынын Лейлек районунун Бешкент айылында туулган. Учурда Бишкек шаарындагы Кыргыз -Түрк «Манас» университетинин студенти. ***** Кокустан бошоп ордуң, Олтурам башым тырмап. Эскирип өчөт эми, Бул сүйүүм жылдан жылга.   Ааламды таш басса да, Акылым, укпайм сени. Катарын бузбай кайра, Айланат куштар келип.   Жүрөктүн жүзү күлгөн, Өзүңө куштар элем. Өзүмдү өзүм билип, Өтүгүм төргө илбей, Мен сени уккан элем. Өкүнүчтүү…   …акылды укпаш керек!   ****** Көзүм менен тең айланып кусалар, Сезим үчүн жакын туруп узаган. Жүрөгүмдүн оозун бууп келатам, Жарты жолдон чыгып алым сураба!   толугу менен…..

Тайир Аширбай: Ал деген – Ыр Аңыз, Улуттук Уламыш!

Рамис ( поэма) Дүк! Дүк! Дүк! Ойгон, Шык! Уктабай үйдөн чык!   Рамисти тапкыла , Кайрадан ачкыла!   Айткыла, Рамис ким? Көктөгү Айбы, Күн?   Ал деген – Ыр Аңыз, Улуттук Уламыш!   Тамшанткан табышмак, Жообу жок жандырмак.   Кыргыздын багына Жаралган казына.   Манастай анык шаа, Алмашкыс падыша.   Биз билген пенде эмес, Төрөлгөн жерде эмес,   Алыскы жылдызда, А бирок , кыргыз да!   “Кыргызча – жылдызча” Сөздүктү түпнуска   Түрүндө түзгөн ал, Асмандан түшкөн ал.   Миң тамыр – дареги, Жалбырттайт кареги.   Тик учкан чачын айт, толугу менен…..

Омор Султанов: Асыл таштай миң кубулуп көрүнгөн, Махабаттан бир эстелик тургуздум

***** Сен жөнүндө баштап бүтпөс поэма, Каламыма бердим таап зор бакыт. Сени ойлоп ар бир баскан кадамда Сени менен күн да батып, таң атып. Ушул саптар касиети сөзүмдүн Жазарымда өрүк болуп эзилдим. Сүйүү мени кете жазды эритип Өзүмө өзүм оттон ысык сезилдим. Кайдан келип, кайда мени алпарат?! Түшүп бердим толкунуна сезимдин. Эми ар дайым жүрөгүмдө салтанат Эми ар дайым сенсиң, анан өзүммүн. Мага келчү майда өкүнүч, кайгылар Урундуңар тоскоолдукка урабас. Эми мени кебелте албай калдыңар Мен чынармын кылым көктөп куурабас.   *** Билбейм кайдан табылгансың сен мага Маңдайыма бүткөн жалгыз толугу менен…..

Турабай Жороев: Адам го адам… суктануу бийлеп-суу токтоп, Агымы катуу дайраны сенсиң караткан!

Бир күндүн ыры Тиричилик… ыпыратып, эзсе да, Тууганым сен, баш көтөр да тик баккын. Бир өмүрдө бир аялга тик турчу – Болсо дагы калмак сүйгөн Кыз Мактым!…   Бул айтканым – балаң турат бой жеткен, Бул айтканым – кызың турат өң-түстүү. Бешенеңден, долу жарга туш келиш – Бул тагдырдык мыйзам делет эң күчтүү.   Өмүр-жашоо такыр кыска дегим бар, Өлгөнгөче ченеми жок-ал тузак. Бешиктеги алдей, мээрим төгүүлөр – Жомок болуп калганда не эң узак?..   Ушул бүгүн, ушул саптар чүргөлүп, Уюп-бышкан кымыз күчү келгендей. Эртең созор казалдарга камылга – Эл толугу менен…..

Сооронбай Жусуев: Жаш акын эмес, маш акын

Жаш акын эмес, маш акын Жакында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек кыштагында туулган Бердибек Жамгырчиевдин “Мукай” басмасынан жаңы чыккан “Жүрөктө калган бир ысым” деген тунгуч ыр китеби колума тиери менен окуп чыктым. Автору бар болгону 26 гана жашта. Бишкектеги Кусеин Карасаев атындагы Гуманитардык университеттин Кыргыз филология факультетин бүткөн. “Таланттар таймашы” конкурсунун башкы жеңүүчүсү. 2013-жылдын “Мыкты жаш акыны” наамынын ээси. “Калемгер” жана “Нурборбор” (ред. КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы) адабий клубдарынын мүчөсү. Автордун тунгуч ыр китеби мага жакшы таасир калтыргандыктан өз оюмду гезит окурмандары аркылуу бөлүшкүм келет. Жаш акындар менен толугу менен…..

Садырбек Турдубек уулу: Үрккөн аттай ай – күнүм таскак салса, Үрөй учат сүйрөлгөн чабандестей

Темир жол Суктантат темир жол ой өстүрө, Сулаган бир гана поездине. Тепселбес машина, атка дагы, Темир жол сымалдар чогуу өткүлө.   Темир жол башкага жол болбогон, Тешилип асфальттай кордолбогон. Поруму түгөйүн күтүп жашап, Поездден бөлөктү ойлонбогон.   Рельсага лирика ырын ырдайт, Дөңгөлөк тынымсыз шарактаган. Эң таза сүйүүгө үлгү — поезд, Эч качан жолунан адашпаган.   Жашоодо бир‐бирин сүйгөн жарлар, Жашайлы рельсадан үлгү алганча. Көп күтүп көмүлөт топуракка, Көмүр кан — поезди жүрбөй калса.   Өлбөс болуп жаралдым Өмүр деген кыска тура деп кейип, Өксүп жатып мен бир түнү уктадым. Өлүмү толугу менен…..

Бешболуш Матисаков: Туура эмес жолго түшсөк кечиргиле, туу сайган Улуу өлкө Баатырлары

Ак халатчандарга алкыш Түндөбү, күндүз? А балким убак таң аткан? Туулгандан баштап өмүрдү коштоп бараткан Таттуусун кечип уйкунун, күн-түн иш менен, тагдырлар сенин колуңда аппак халатчан. Чырактай жанып, мээримин төгүп жүзүнөн, чынжырын улап үмүттүн далай үзүлгөн. Чындыгы сөздүн, эң ыйык кесип ардактуу, чыдабайт ар ким, эмгеги татаал күжүрмөн. Тилектер кабыл, ачылып далай көңүлдөр. Тирүүлүк даамын татышып далай өмүрлөр. Тигинен туруп колдошот сени калың эл, тизелеп таазим кылабыз сага, дарыгер! Асылы белең адамзат баткан ааламдын? Акылы белең абайлап баскан кадамдын? Баарыбыз үйдө, үзүлбөйт үмүт сен барда, баатыры белең бактысы тайган замандын? толугу менен…..

Сүйүнбай Эралиев: Фронтто жаз. А мен чөптө жатамын, Жаткан өңдүү чоң атамдын төрүндө

Темиркул Үмөталиев Түбөлүк оттой Кеттиң эле майданга ушул жерден, Кубат коюп атыңды, өмүр берген. Кайсы тоонун бүркүтү дебедиби, Кызыл кыргын чабуулда сени көргөн!   Күйгүзүүчү чок болуп чачылгансың, Каарданган жолборстой качыргансың. Баатырсынган фашисттин башын жулган, Жазайылдын огундай атылгансың!   Курбалдашым согушка бирге кирген, Тозок отун бир кечип, бирге жүргөн. Карап турган ажыдаардан жалтанбастан, Найза сунуп качырган, кайра сүргөн!   Сүйүнбай Эралиев ****** Мына, дагы Тогузунчу Май келди, Жаркын жаздын коштоосунда акырын. Ал жылдарда бут баспады кай жерди, Баарын кошсо, болмок канча чакырым?   Жеңиш күнүн күтүп алган кез жакшы! Согуш толугу менен…..