Сооронбай Жусуев: Кокусунан өлбөй калган денемде, Немец аткан эки огунун тагы бар

Жеңиш жөнүндө ой Согуштук чоң кезинде мекенибиз, Кыргыздар жоокер калктан экенибиз. Көмүнүп, Европанын ар жеринде, Окко учуп, жатып калды неченибиз.   Ар күндүн узактыгы доор болду, Ар бир күн кандуу болду, оор болду. Жоолаштык кычыратып азуубузду, Жоо менен бөрү көздүү, жоон колдуу.   Согуштук түн ичинде, таң атарда, Согуштук кыш чилдеде, саратанда. Жергеге жетсек дедик кут сыяктуу, Жеңишти салып ыйык алаканга.   Согуштун жазын көрдүк, күзүн көрдүк, Кыйраткыч, талкалагыч күчүн көрдүк. Жексур жоо мерт болгондо бели сынып, Жеңиштин ырайымдуу жүзүн көрдүк.   Сазайын мыкаачынын анык бердик, Жергеге жайнап келдик, жанып толугу менен…..

Муратбек Рысбеков (РУМ): Миң шайтанга мингизсең да, кыйшайбоого даярмын!

… “Кыскалык – таланттын белгиси!” дедик. Байыркы Сафодон тартып, ХХ кылымдагы Гарсиа Лорка, Исика Токубокуга чейин кыска саптарга эң чоң ойду батыра алган зергер акындар болгон. Японияда Басё же Токубоку ырларды үч гана саптан же беш саптан жазышкан. Беш саптан турган ырларды Японияда “танка” деп аташат. Мына, ушул ыкма, ушул манера акынга эң жакшы атакты камсыз кылган. Муратбектин ырлары да кыскалыгы жана ойду каймана маанисинде айтуу жагынан ошол Басё менен Исика Токубоконун ырларына окшоп кетет… Кыргыз Республикасынын Эл акыны Эрнис Турсунов “Үндүү жарык” китебинен Акылдуу көз Акылдуу көз Континенттен, континенттер толугу менен…..

Мээркан Токсобаева: Жаздыгымды суулаган күндөр өттү, бир жолу сүйүп калуу – миң жолу өлүү

***** Булуттар туш-тушка чачылган, буюккан бороон да басылган. Баштарын көтөрдү кылтыйтып, бакалар көлчүккө жашынган.   Аңгыча кызарып күн батты, айлана мемиреп тим жатты. Чалп этип секирип бакалар, чурулдап хорлорун ырдашты.   Теребел тынчыды мемиреп, түн дагы алдыга теминет. Караңгы кең жайып кучагын, келатат  дабышсыз берилеп.   ***** Агарып туш-туш жактары, асманда нурдун ак шаңы. Албырып атып келатат, аяздуу кыштын ак таңы.   Эх, чиркин алды жактагы, эң укмуш көрктүү бак дагы. Элп эткен желге куланып, эленет ак кар шактагы.   Чүмбөтү түндүн, түрүлүп, чүрөк таң атат сүрүлүп. Чар тарап келип  толугу менен…..

Абдыжапар Эгембердиев: Унутпасам кантип сени унутуп, Сүйүп турсам кантип сүйбөй коё алам?!

Кыргыз эл акыны Абдыжапар Эгембердиев Өмүр Нух пайгамбар 950 жыл жашаган экен. Анан жан алгыч периште: “Ушул өмүрдө эмнени көрдүң?” – деп сурап атпайбы. “Эч нерсени, – дейт пайгамбар, – бир эшиктен кирип, бир эшиктен чыккандай эле болдум”. Кыялга окшоп түркүн түстө өрүлгөн, Таңдай таза, аппак болуп сөгүлгөн. О-о өмүр ай, чалкып жаткан көл болуп, Чайпалбастай, кемибестей көрүнгөн.   Обон салып арыкта суу акканы, Таңда-кечте малын тосуп жаш-кары. Түтүн жыттуу айыл турмуш башка эле, Башка болчу балалыктын асманы.   Бул жашоону билбей накта өңүндө, Бүгүн көргөн эртең чыгып төгүнгө. Чындык толугу менен…..

Осмонакун Ибраимов: Бу Жамгырчынын Бердибегине Көкө Теңир берчүсүн жакшы эле берген окшойт

Бердибектин ырлары Мен Бердибектин ырларын тие качып окуп жүргөнүмө, интернеттен көзгө чалынса «эмнени жазды экен» деген кыязда көз токтото калганыма бир топ убакыт болуп калды. Адегенде анча деле маани бербей, бир сыйра кыйгачынан көз жүгүртө салып, башка темаларга аттап кетип жүрдүм. Бирок чыныгы ыр менен ыр сөрөйдүн, жармач жазмакерчиликтин айырмасы алыстан эле байкалып турат эмеспи. Интернеттен окусам да, бу Жамгырчынын Бердибеги жыл санап өсүп, жетилип келатканын байкадым. Кийинки убактагы ырлары табияттан айткан таланты жок болсо да үстү-үстүнө теминген ортозаардын эмес, чыгармачылык чыныгы зардеси бар жаш калемдин табылгалары экенин байкатты. Ошентип толугу менен…..

Элмирбек Иманалиев: Экөөбүздөн жетим калган күндөргө, Ээр токумсуз – жайдак кетип барамын

Пенделер маршы Мезгилдин агымында калдалактап, Мен да, сен да, ал дагы карбаластап, Агып бара жатабыз кайда, кайдаа… Асыл, асыл күндөрдү чаңга таштап. Көр тирлик эй, көргө көр жетеленип, Көрө албастык, ач көздүк, текеберлик, Көмкөрүлүп турса да үстүбүздө Көрбөй койдук, көрмөксөн кете бердик. Жалганынан чындыгын айрый алгыс, Оо не деген өмүрсүң, кайрый алгыс?! Ийинибиз тийишип турган менен Иңир соруп баратат жалгыз, жалгыз… Пенде экенбиз кантели өлүп-талып, Периштесин пейилдин көмүп салдык. Басып жүргөн боюнча өлүп калдык Байкабайбыз ошого көнүп калдык… Алганыбыз көп болду, беребизби? Келген жээкке кетирдик кемебизди. Күүгүм кирип келатат, мен толугу менен…..

Зайырбек Ажыматов: Жүдөп бүттүм Зайыр деген денеден, Жүзү жарык Зайырбекти таба албай

Кыргыз болгум келет Ушул күнү негедир кайыкты дил, Урпактар э-эй, биздеги айыпты бил. Кыргызмын деп мен азыр турган менен, Кыргыздарга окшобойм байыркы бир.   Кадыр, каадаң бул күндө кайда калган, Кайран кыргыз өз баркын жайлап алган. Манас биздин бабабыз деген уят, Майдаланган калк үчүн, майдаланган.   Биз бир кезде тоолордой бийик элек, Биз бир кезде майда эмес, ирик элек. Жакшылыктар башталып биздин элден, Жаратканга жардамчы билик элек.   Арамдыкты сындырып түзөчүбүз, Адалдыкты, актыкты күсөчүбүз. Сактап турган теңдикти бардык жерде, Окшош болчу Теңирге мүнөзүбүз.   Калбаганбы уруктук кайрандардан, Карайлаймын нускасын тангандардан. толугу менен…..

Калчоро Көкүлов: Мен таарынсам таалайыма таарынып, Мен сүйлөшсөм теңир менен сүйлөшөм.

****** Табияттын таза түшкөн жаштыгы, Таазим сага татынакай жаз сулуу. Сени күткөн үмүт кандай таттуу да, Сени көргөн өмүр кандай бактылуу. Адал ээрчип, арам ээрчип соңуман, Алаканда айла амалым жогунан. Алда кимге арка болоор, дем болоор, Андай деле иш бүткөн жок колуман. Ак карасы тосуп чыгып жолуман, Анча алыстап кете албадым тобуман. Ары кетип, бери кетип толгонуп, Айлам түгөп алда неден корунам. Ырыс кутту мен ыроолой албадым, Элге-жерге тийгени жок жардамым. Ыр түгөнүп, дем кагылып калганда, Ырас болду сенин келип калганың. Бирде толсо, бирде толбой сандыгым, Көрдүм далай бул дүйнөнүн толугу менен…..

Акбар Рыскулов: Көрбөй, билбей жаңылышкан чыгармын, көрүп туруп жасабадым жамандык

***** Баягычы, сууга барганы, тентек улан эс-эс эсинде… Өткөндөрдү ойлойт жаш келин төрөт үйдүн терезесинде.   Көз алдында аппак бантиги, эселектин ойлуу кареги, мотурайган манжаларында “А”ны чиет мултук калеми.   Беш көкүлүн шамал сылаган, батинкеси кызыл, татына, көрөр эле көлдү суктанып, чыгып алып жыгач шатыга.   Баягычы, сууга барганы, тентек улан эс-эс эсинде… Өткөндөрдү эңсейт жаш келин төрөт үйдүн терезесинде.   Камыш ай Канышай Ал анда күз эле. Эле күз. Ааламда экөөбүз элебиз. Ай карайт, жүзүңдү аймалайт. Аралап камышты келебиз.   Камыштар шуудурап, шыгырап, камыштар алдыңа жыгылат. “Канышай! Канышай! Канышай!”– толугу менен…..

Төлөгөн Мамеев: Ажайып бир сулуулук бүтүп калган, Алайга – бүркүттөрдүн мекенине

Алай Тоолорду көктү челген алайдагы, Бир көрсөң унутпайсың далайга аны. Тоолордун жыйын курчу жериби дейм, Борбордук Азиянын ал аймагы.   Жапжакын турганга окшойт асман ага, Жуурулуп, дене болуп таштар ага. Жылдыздар булуту жок ачык түндө, Жаткансыйт уялашып аскаларга.   Карасам чокуларды ойлор учуп, Тургансыйт көктү тиктеп ойлонушуп. Таң алды сапар тартат уктап калган, Булуттар зоокалардан ойгонушуп.   Таң алды жылдыздар да жымыңдаган, Шамалга чыдай албай тыйылбаган. Болушат көздөн кайым уядагы, Балдарын таштап коюп чырылдаган.   Төмөндө ак жал дайра күр-шар этет, Арча өскөн анын өйүз-бүйүзүнө. Ай конуп турганга окшойт жаңы толугу менен…..