Мырзаян Төлөмүшевдин 80 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акын, жазуучу жана котормочу Мырзаян Төлөмүшевдин 80 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Аталган иш-чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл жазуучулары К.Ашымбаев, М.Абакиров, КР Эл акындары Т.Самудинов, Т.Мамеев, М.Мамазаирова, Л.Үкүбаева, О.Ибраимов, Б.Усубалиев, Э.Кылычев ж.б. адабиятчылар, акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү катышты. М.Төлөмүшевдин өмүр баянын чагылдырган документалдуу тасма көрсөтүлүп, чыгармачылыгы боюнча кеңири сөз болду. Мырзаян Төлөмүшев кыска аңгемелерден турган “Деген экен” аттуу китеби менен окурмандарга кеңири таанымал. Мындан тышкары “Жан эрмек”, “Тоолуктардын эрмеги”, “Кечки серенада” китептеринин автору. Р.Жованьолинин “Спартак” тарыхый романын, Ч.Айтматовдун “Кассандра тамгасы”, толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: Айсулуу Көкөеванын «Аялдын күндөлүгү»: экзистенциалдык кризис же жашоо маӊызын издөө

Айсулуу Көкөеванын «Аялдын күндөлүгү»: экзистенциалдык кризис же жашоо маӊызын издөө А.Көкөеванын «Аялдын күндөлүгү» аттуу жанры, баяндоо стили боюнча өзгөчөлөнгөн адаттан тыш чыгарма. Темасы айтып тургандай, чыгарма күндөлүк түрүндө жазылган. «Күндөлүктө» аял турмуш деген улуу сыноону түзгөн башынан өткөн күндөрү тууралуу баяндап отуруп, өзүнүн жан дүйнөсүн кыйнаган суроолордун үстүндө ой жүгүртөт. Чындыгында чыгарманы үстүртөн караганда, анда оор тагдырды башынан кечирген аялдын күндөрү ирээтсиз, баш аламан баяндалгандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок, эгер чыгармадагы подтекстке, баш каармандын образына көӊүл коюп карай турган болсок, «Аялдын күндөлүгүндө» бир аял кишинин башынан өткөргөн жеке тагдыры менен бирге толугу менен…..