Бегайым Нурланова: “Оболу үйрөнгүн сүйгөндү, Сүйгөндү билгендер сүйүлөт!”

Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата жарыяланган сынакта баш байгеге ээ болгон жаш калемгер Бегайым Нурланованын ырларын назарыңыздарга тартуулайбыз. Көңүл Ачуу айтпа, мейли болсом акылуу, Ченем-өмүр, чегерилген жыргал-муң. же сен менин табытыма баш уруп, же мен сенин табытыңда ыйлаймын!   Катуу айтпа, каргышы көп бу турмуш! Канатыңдан кыркканга маш, неликтен?- ар жылыңда башатың кыш, учуң кыш, Ар сыйында аркы дүйнөң жеп ичтен!   Татаал жолдо биз жоголгон  аң-дөңдөр, Таарынычтуу артта канча күн өлдү? Сен Кудайды кандай көрсөң, андай көр! Мен Кудайды эч көрбөгөм- күнөөм бу…   Күн төбөдө күлмүң этпей, аты толугу менен…..