Зинакан Пасанова: Уулума кат

Уулума кат (ыр түрмөк) Перзент Ак-карасы аралашып бириккен, Аңтарылып акса дүйнө жиниккен. Ала-салбай, бек карматкан өзүмдү, Балдарыма байлап турган илинчек.   Жол арбыта жүрмөйүнчө билбеген, Жадаганда жалганы көп дүйнөдөн, Жашоого мас жаш баламдын жарыгы, Жаз чакырат жан дүйнөмө кирдеген.   Уяң мүнөз, мажүрөөмүн, чабалмын, Түз эместир дайым эле кадамым. Арданбасын деп азамат уулдарым, Ар-намысты гана бийик кармадым.   Элдей эле пендечилик жактарым, Улуулугум: энелик барк-салмагым. Улашар деп өмүрүмдүн  чаласын, Уулдарыма улуу үмүт артамын.   Турмушумдун катасы көп бейчеки, Түзөөр аны артымдагы перзентим. Өз ордумду басуучулар турганда, Өмүрдөн эч арманы жок толугу менен…..