Бектурали Исамидин уулу: “Бир ооз сөз  сактап калса  өлүмдөн, Бир ооз сөз уккан үчүн  жан чыгат.”

Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата жарыяланган сынакта 1-орунду ээлеген Бектурали Исамидин уулунун ырлары. ҮЧ КАЛЫҢА АШЫКМЫН Жасалгандай нур жүзүң бермет менен, Жарыштагы маарасың эл жетпеген. Болгон чындык дүйнөнүн сулуулугун, Бото көздүүм, мен аны СЕН деп келем.   Кирбей калсаң түшүмө жатканымда, Куйкаланат бүт денем ак жалынга. Бар бакытты өзүң деп сезген үчүн, Баягыдай эмесмин, башкамын да.   Кубат берип калемдин күч, табына, Канат болсоң ырымдын учканына. Ай шооласын акмалап караттырган, Ашык болдум жүзүңдүн үч калына.   Куп жарашса бир калың маңдайыңда, Келбетиңди саламын кандай ырга. Кийинкиси көз асты, эриниңде, Көргөнүмдө төгүлөт толугу менен…..