Алыкул Осмонов атындагы салттуу адабий сыйлыгына сынак жарыяланат

ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! Урматтуу ыр ышкыбоздору, акындар жана жаш таланттар! Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы салттуу адабий сыйлыгына сынак жарыялайт! Сыйлыктын жаңыртылган жобосун жарыялоо менен талапкерлердин эмгектери ушул жылдын 1-ноябрынан баштап, 2023-жылдын 1-мартына чейин кабыл алынарын билдиребиз. Эмгектерге коюлуучу негизги талаптар: 1.Китеп 2020-2022-жылдар ичинде жарык көргөн болуусу керек; 2.Сунуштоо документтери (сунуштаган тараптын жолдомосу, протокол ж.б.) менен бирге талапкердин өзүнүн таржымал-резюмеси; 3.3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөтү. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы акыркы толугу менен…..

Республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгына сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу Республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын ЖОБОСУ Бул Республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жобосу (мындан ары-Жобо) калемгерлердин негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Сынактын максаттары: -Кыргыз тилинин көркөмдүгүн, байлыгын, тереңдигин даңазалоо; -Кыргыз тилинде чыгарма жараткан калемгерлердин мыкты чыгармаларын аныктоо; -Калемгерлердин талантын ачууга жана адабий жөндөмүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.   Сынактын уюштуруучулары төмөнкүлөрдү камсыз кылат: -Сынакты өткөрүүгө документтерди даярдоо; -Калыстар тобунун ишин аткара турган белгилүү адабият ишмерлеринен -турган компетенттүү Сынак комиссиясын түзүү; -Сынактын күнүн белгилөө жана Жобонун негизинде толугу менен…..

Абдиламит Матисаков “ТАНДЫР”

“Тандыр” (Апамдын жаркын элесине) Апамды көргөнү алыстан ат арытып келген тууган-туушкандарыбыздын да, айыл адамдарынын да аягы үйүбүздөн узакка үзүлбөдү… Апам бак ичиндеги сөрүдө. Астында калың төшөлгөн жумшак төшөк. Көргөнү келгендер менен баш ийкеше, жылуу учурашат. Жакшы элесиңби? Өткөндөгүгө караганда саал өңүң да түзүк, догдурдун колунда көп болдуң да. Берген дарылары деги жага турганбы? Дарт дабасын ошолор билчү эле, эмне дешет?.. Апамдын көңүлү айнып, жаны сыздап жатканын туюп атышкандай, жүздөрүндө кейиштин изи калып, узаткан суроолору аяр, ары жумшак. Тегеректей олтуруша калып, оозунан кеп чыкса илип алышып, баш ийкей коштоп олтургандарга апам толугу менен…..

Бейшебай Усубалиев: Бешик, же дил акыны

Бешик, же дил акыны (эссе) Азыркыларды билбейм, биз баарыбыз эле бешикте чоңойдук. Андыктан биздин үнүбүз чыкканда, апабыз чуркап келип, колун бешикке тийгизер замат, ушуну эле күтүп жаткансып тып басылган чыгарбыз, анан акырын жай терметип киргенде, магдырап уйкуга кеткендирбиз. Азыр мен ушинтип элестетем. Бирок рух бешигимди жакшы эле билем. Ал кичинекей кезимде бирде көзүмдү бакырайтып, бирде коркконумдан бүрүшүп уккан жомокторум, кийин өзүнчө эле бир ажайып дүйнөгө ээрчитип кеткен окуган китептерим эле. Ошол рух бешигимдин бири Гүлсайра эженин чыгармалары болчу, мен анын рух бешигине канча жашымдан термеле баштаганымды билбеймин, бир билгеним – мен толугу менен…..

Самат Уранкай: Базар дүйнө

Базар – дүйнө “Жол… жол… жол! Жылып коюңуз, өтүп кетейин. Жол! Жол!”- деген тачкечилер такымды шылый, биринин артынан бири шашыла өтөт. Жылыга ушул маалда Дордой базарынын соодасы кызыйт. Жаңы окуу жылына даярдык көрүү үчүн балдарын ээрчиткен ата-энелер, менчилеп ээрчитпей “эндей”, жалкы келип, таңдан бери таманы тешиле кыдырып жүргөндөр оголе көп. -Ак көйнөктөр канчадан?.. -Шымды да сизден алсак канчага бересиз?.. -Бизде тигилгенби? -Мындан чоңу барбы?.. -Баасын түшөсүзбү? -Жол, жол! Өтүп кетейин… -Жол!.. Сооданын жолун тапкандар, жол сураган тачкечилер, балдарын байпагынан баш кийимине чейин кийинтип, бакытын тилеп, мектепке берип, түбөлүгүн түздөөгө, жолун түптөөгө толугу менен…..

Мехмет Акиф Эрсой: Чанаккале шейиттерине

Мехмет Акиф Эрсой – (20.12.1873 – 27.12.1936) түрк акыны. Ветеринар, педагог, эл өкүлү, котормочу кызматтарын аркалаган. Түркия Республикасынын Гимнинин автору. М.А.Эрсой 1873-жылы Стамбулдун Фатих районунун Сарыгүзел махаллесинде туулган. Алгачкы ырларын мектепте окуп жүргөндө жазган. 1889-1893-жылдары ветеринардык колледжде окуп, 1906-1907-жылдары айылдык мектепте сабак берген. 1908-жылы египеттик акындардын ырларын которуп жарыялаган. “Себилүррешад” журналынын башкы редактору кызматын аткарган. 1913-жылы ветеринардык кызматтын директорунун орун басарлыгынан кетип, адабият менен алектенген. Түрк, арап, перс жана француз тилдерин жакшы билген акын 1925-1936-жылдары Египеттин Каирдеги “Жамиатүл Мысыриййе” университетинде түрк тили жана адабияты сабагынан дарс окуган. 1930-жылдары боордун циррозу толугу менен…..

Бактыбек Максүтов: Каргашалуу түн

Каргашалуу түн (аңгеме) Акылбек үй-бүлөсү менен мурдагы колхоздун кыркын сарайына көчүп келип, акысын алып, кышында ар кимдин жылкысын багып жүргөнүнө быйыл үчүнчү жыл болду. Күндүз жылкыларды жайытка чыгарып жибергени менен түнкүсүн такай жанында болуш керек. Ит-куштун колдон талашып турган учуру. Ал бүгүн да адатынча жылкыларды жайып коюп, үйдөй чоң кара таштын далдоосунда отурду. Бутуна калың чокой, ичинен жылууланып, сыртынан тон кийгенине карабай, түнкү ызгаарлуу суукка кайыгып баратты. Мурда даярдап койгон отундан жагып, жылынды. Ай сүттөй жарык. Жылкы жаныбар кыштын кыраан чилдесине карабай аяздуу суукта калың карды тээп, астынан тоют таап толугу менен…..

Түрк тилдүү элдердин жаш калемгерлерин колдоо максатында беш тараптуу меморандум түзүлдү

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаш акындарын  колдоо, түрк элдеринин мыкты поэтикалык чыгармаларын элге жайылтуу, түрк элдеринин маданий потенциалын сактоо, улуттук мурастарды өнүктүрүү сыяктуу жалпы эле адабиятты колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Мааният, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук Адабиятты өнүктүрүү борбору, Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ),  Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу,  Евразия жазуучулар союзу жана “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд” коомдук фонду тарабынан беш тараптуу келишимге кол коюлду. Кол коюлган меморандумда  тараптардын биргеликте 5 жыл иш алып баруусу белгиленген. Эске сала кетсек, “Чыныбай Турсунбеков атындагы “фонд жаш акындарды колдоо үчүн акыркы эки жылда толугу менен…..

Мажар акыны Шандор Петефинин 200 жылдыгына карата адабий конкурс жарыяланат

Дүйнөлүк поэзиянын классиги, мажар (венгер) акыны Шандор Петефинин 200 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн акындарынын арасында “Түрксой” эл аралык уюму жана Мажарстандын (Лекетилек) маданий коомдук фонду адабий конкурс жарыялайт. Конкурстун шарты жөнөкөй: Ыр орус, англис, түрк, француз тилдеринен жана мажар тилинен (бул тилди билген болсо) түз которсо болот. Которуу үчүн берилген ыр – акындын өтө кыска, өтө терең “Сүйүү жана Азаттык” деген ыры. Аталган ыр төмөндө: Любовь и Свобода… Любовь и свобода — Вот все, что мне надо! Любовь ценою смерти я Добыть готов, За вольность я пожертвую Тобой, любовь! Мындан толугу менен…..

Абдыжалил Бетегеев: Бир ордумда моло таштай селейип, Көөдөнүмдү уулап турдум чылымга.

Бабаларым (Улуу кыргыз) Улуу көчтүн башаты бабаларым, Ат жалында атырып талаа таңын. Урпактардын уучтап уюткусун, Бапестеген барчындай балапанын.   Жеңиштериң желбиреп байрагыңда, Эрдиктериң тамырлап айбатыңда. Жоолашканды жапырып жагалмайдай, Сан кылымды сапырып айдагыңда.   Түгөнөөрдө түтөгөн түгөнбөгөн, Шамалды да азоодой жүгөндөгөн. Жашык жандай жашытып булуттарды, Жылдыздарды жылкыдай түгөлдөгөн.   Доор тамырын үч кылдай дирилдетип, Көктө күндөй көөдөнүн күлүңдөтүп. Касына да кымындай зыяны жок, Калпагындай пейили, дили тетик.   Улуу тоонун бүткөндөй мөңгүсүнөн, Айкөл Манас урпагы өң түсүнөн. Алты айланып ааламды таба албасмын, Кыраан калкты өзүңдөй жер жүзүнөн.   Бир ууч журтпуз толугу менен…..