Муратбек Рысбеков: Инсандын калыптанышы

Инсандын калыптанышы (поэма-эсседен үзүндү ) Пролог ордуна … кандай сонун алтын жаштык кезибиз, бүткөн окуу ар кимибиз- ар кай жакка тарадык, буйрук экен тоолуу аймак болду энчи үлүшүм, бойдок кезим ал кездерде жогор жактан камкордуктар болчу эле, мага болсо- курулушта колдонуучу вагон дом жашоо үчүн убактылуу болду шарты жөнөкөй, жаңы жерди элетти көрүү укмуш турбайбы (?) алигүнчө ал элестер жады эсте сакталуу… жазгы баар убак болчу… чоң мектептин курулушу объектим, узун бойлуу ак жуумал радиодон келип калды кабарчы, жергиликтүү экен ал- аймагында курулушу мектептин, өзүн дагы сүйүнткөнү жаш жүзүнөн байкалат, толугу менен…..

Эрнест Хемингуэй: Он чакты индей

Он чакты индей (аңгеме) Төртүнчү июль күнү кечке маал шаардан Жо Гарнердин кенен арабасында аны үй-бүлөсү менен чогуу үйгө кайтып келаткан Ник жолдун ар жеринен мас болуп жүрүшкөн тогуз индейди жолуктурду. Эгер адашпаса, бул жол катар кезиккен тогузунчу индей, күүгүм талаш келаткан Жо Гарнер аттарды тык токтотуп, арабадан секирип түшүп, дөңгөлөк тушта жаткан индейди жол четине сүйрөп жөнөдү. Мас неме көмкөрөсүнөн кумга бети менен оонап жатат. Жо аны сүйрөп жол четине жаткыра салып, кайра арабага кайтып келди. — Бул тогузунчу мас индей, – деди Жо, – шаар четинен ушул жерге толугу менен…..

Догдурбек Юсупов: Көл толкуну

Көл толкуну “Көз жетпеген көктүгүңдүн үстүндө, Күнөөсү жок толкунуңду сагынам”   Айлык сапар кетсең дагы агылып, Жүз көрүшөр ырыстуу күн табылып. Жыл айланбай кайра келем кайрылып, Ысык-Көлдү жан боорумдай сагынып… (Алыкул Осмонов) *** Онду бүткөндө журналист болот элем, акын болот элем деп, Кыргыз улуттук университетинин филфагына тапшырып, жакшы эле келатып, төртүнчү сынактан кулап калдым. Бир жыл орто мектепте улук пионердик жетекчи болуп иштеп, кийинки жылы Пржевальск педагогикалык университетинин литфагына тагдыр буйруп өтүп кеттим. Өтүүмө мектептеги менин мурдагы класс жетекчим, орус тили мугалими, кадимки Чыңгыз Айтматовдун кайнежеси Анипа Урматова эже түздөн-түз толугу менен…..

Бурул Калчабаева: Ээң кайда, Акжолтой?

Ээң кайда, Акжолтой? социалдык драма Катышуучулар: Бектур– сүрөтчү Асмат– аялы Чубак–  Бектурдун мурдагы шакирти Акжолтой– Сүрөтчүнүн ити Сонун– базарда отурган аял Гезит саткан киши– Рыспек– айылдан сүт, нан апкелип сатат. Райкүл(Рая) – базарда отурган аял Окуя 2000-жылдардын ортосунда өтөт. Биринчи бөлүм Биринчи көрүнүш Чакан базарча. Аялдаманын четин базарчага айландырып алышкан. Арткы планда кабат үйлөр. Газдалган суунун аппараты турат. Ал иштебей калган. Орто ченде комок. Анын эки капталында кыдыракей коюлган чакан столдор. Кээ бир столдун үстү жабык. Жөн эле орун ээлеп койгон. Тамеки, конфет, сагыз, калем, нан, суу… айтор күнүмдүк тиричиликке керектүү толугу менен…..

Ырысбай Абдыраимов: Казына

Казына (аңгеме) Эрмек ишке жалакай болуп өстү. Анткени, ал чоңойгуча ата-энеси ашып-ташыган мүлк, байлыкты камдап койгон болчу: короо-короо кою, бодо – бодо малы эсепсиз, үйүр-үйүр жылкысы сан жеткис, каз катар, көк тиреген там-ташы белен асман бою. Ал байлыгына магдырап, үй курбады, эңкейип чөп орбоду. Жадесе арык казып, суу чыгарып, бак-дарак тигип койбоду. Келечекти ойлонбоду. Атасы оо дүйнө салды. Энеси Акылай байбиченин бала-чака, бир туугандары, кайын журту жанында калды. Атасынын ашы берилип бүткөндөн кийин Эрмектин көрөр көз туугандары: “Биздин да энчибиз бар. Бүтүн байлыкты калыс бөлөлү. Атадан ашкан мурасты чогуубуз менен толугу менен…..

Насыпбек Асанбаев: Сыйкырдуу балта

Сыйкырдуу балта Илгери ашынган сараң бай болуптур. Ал байлыгынын ашып-ташып турганына карабай, малчыларынын акысын бербей картайганча иштетип, кийин карыганда кууп жиберчү экен. Мына ошол бай бир койчусун кырк жыл иштетип туруп, аягында чычкак улак бербей кууп жиберет. Айласы кеткен абышка ачуусу келип байдын үстүнөн казыга арызданат. Бирок, казы кедейге болушкандын ордуна байдын сөзүн сүйлөп жардынын өзүн айыпка жыгат. -Ушунча жыл сени багып келген байга ырахмат айткандын ордуна, ага доомат койосуң, – дейт ал. Натыйжада бечара абышканын он чакты коюн, музоолуу уюн, минген өгүзүн тартып алат. Ошентип абышка кемпири менен же толугу менен…..

Эгемберди Эрматов: Адабият институту

Адабият институту * * * Насип буйруп Москвадагы Адабият институтунда окуп калдым. Башка окуу жайларда кандай экендигин билбеймин, бизде жумасына бир күндү «чыгармачылык күн» деп койчу. Бул күнү жалаң семинарда бири-бирибиздин ырларыбызды талкуулап өткөрчүбүз. Кемчилдиктерибизди аябай бетке айтар элек. Ачуу сындарга чыдабай ыйлаган күндөрүбүз да болду. Мындан сырткары айына үч-төрт жолу шаардын театрларына кирүү үчүн ар бирибизге бекер билет таратып берчү. Кап, ошондо кийинчерээк драма жазарымды билсем, бир да билетимди күйгүзбөй спектаклдерге барып турмакмын. Ошондой болсо да шаардагы дээрлик бардык театрлардын босогосун аттап, чыгармачылык дем-илебин туюп калганыма азыр ичимен сыймыктанам. Көз алдыман Чоң театр, МХАТ, Пушкин, толугу менен…..

Элмирбек Иманалиев: Жабылуу аяк

Жабылуу аяк Атам совхоздо жумушчу болуп көп жыл иштеген. Таң менен кетип кеч менен келет. Иштен келгенче сагынчумун. Бир күнү атамды ээрчип ыйладым эле, атам мага кылчайбастан кетип калды. Апам мени жонуна көтөрүп сайдагы сууну жээктеп, бир өйдө, бир ылдый басып сооротуу менен алек. Болушунча кежирлендим окшойт. Бир убакта мени жонунан түшүрүп, намазга жыгылгандай колун бетине төшөп: «анда мен өлдүм»,-деп чөк түшүп жатып калды. Болбой эле чапкылап атып «тирилтип» алдым. Атамдын мүнөзү жаз күнүндөй болчу. Ачуусу бат келип, бат жазылган, жүргөн жери күлкү, сөзмөр, тамашакөй эле. Үчтерек аймагында Калил аттуу толугу менен…..

Элмирбек Иманалиев: Жабылуу аяк

Элмирбек Иманалиев “Жабылуу аяк” Атам совхоздо жумушчу болуп көп жыл иштеген. Таң менен кетип кеч менен келет. Иштен келгенче сагынчумун. Бир күнү атамды ээрчип ыйладым эле, атам мага кылчайбастан кетип калды. Апам мени жонуна көтөрүп сайдагы сууну жээктеп, бир өйдө, бир ылдый басып сооротуу менен алек. Болушунча кежирлендим окшойт. Бир убакта мени жонунан түшүрүп, намазга жыгылгандай колун бетине төшөп: «анда мен өлдүм»,-деп чөк түшүп жатып калды. Болбой эле чапкылап атып «тирилтип» алдым. Атамдын мүнөзү жаз күнүндөй болчу. Ачуусу бат келип, бат жазылган, жүргөн жери күлкү, сөзмөр, тамашакөй эле. Үчтерек аймагында толугу менен…..

Садырбек Турдубек уулу: Арышымды кере чуркап алайын, Арабаны чечкилечи бир азга!?

*** Маданиятты ичип алып мас болдум, Мактап турдум чаңын дагы таш жолдун. Апийимдин сүтүнө окшош – поэзия, Алды жашын мендей далай автордун.   Бөлөктөрдүн оюн, жолун жолдобой, Бөөдө наалат, кылча кыйкым ойлобой. Кууйм ойду миң кайталап бир сөздү, Кудай атын зикир кылган молдодой.   Толсо экен деп улуу ойго ар сабым, Тоодой ойдон, алтын сөздү чайкадым. Байып жүрүп, ырдан каухар таап алып, Байкабапмын жыртыктыгын байпагым.   Циклоп же эгиз тоолор Көрө албастык айынан оңолбогон, Көркоом болдук капкара ой ойлогон. Циклоп мени суктантып турат бүгүн, Бир көзүнө бир көзү жоо болбогон. толугу менен…..