Муратбек Рысбеков: Инсандын калыптанышы

Инсандын калыптанышы

(поэма-эсседен үзүндү )

Пролог ордуна

… кандай сонун

алтын жаштык кезибиз,

бүткөн окуу

ар кимибиз-

ар кай жакка тарадык,

буйрук экен

тоолуу аймак

болду энчи үлүшүм,

бойдок кезим

ал кездерде

жогор жактан камкордуктар

болчу эле,

мага болсо-

курулушта колдонуучу

вагон дом

жашоо үчүн

убактылуу болду шарты жөнөкөй,

жаңы жерди элетти

көрүү укмуш турбайбы (?)

алигүнчө ал элестер

жады эсте сакталуу…

жазгы баар убак болчу…

чоң мектептин курулушу объектим,

узун бойлуу ак жуумал

радиодон келип калды кабарчы,

жергиликтүү экен ал-

аймагында

курулушу мектептин,

өзүн дагы сүйүнткөнү

жаш жүзүнөн байкалат,

эң биринчи болгон эле-

менин берген интервьюм…

 

***

…иштеп жүрдүк

жаштык күүдө зуулдап,

1980 жыл…

СССРде

бүт дүйнөлүк-

олимпиадалык оюндар,

Владимир Высоцкий өлгөн эле ошондо,-

…курулушта мектепте-

мамлекеттик тапшыруунун

жылы эле,

вагон үйлөр үчөө катар

туруучу…

а бирөөндө,

куруучулар ашканасы

жайгашкан,

ашпозчулар улуу кичүү

арасында болтойгон

сары аял,

биз жүгүрүп иштеп жүрсөк

ыр чыгарып алыптыр;

«кара каштуу Хашымжан»

«жакылдаган Жаныбек»

«сапсарысы Сатыбалды, сайдан элик атып алды»

«упузуну Кубаныч»

«кубаттуусу Кубатбек»

«муруттуусу Муратбек»

«жакылдаган Жаныбек»

«эң жаманы-Саман сары»,

дагы бир топ,

узак эле ал төкмө…

 

***

… ошол жайда

кашы кара чийилген

а көздөрү, ичкерээк да, акылдуу

кара тору жаш жигит

сылык сыпаа

бүтүрүүчү студент

практикага бизге келип

кошулду…

 

***

союз кезде бир өңчөйлүү

кары дебей, жаш дебей,

шляпачан жүрүшкөн…

партбийликтин укуругу

зор эле,

биринчинин күчү менен

ал аймакта кыргыз калпак

кийүү доору башталган,

элди тейлөө комбинаты

улуттагы кийимдерди көбөйтүп,

куттуу элибиз эски салтын-

күтүрөтө жаңырта,

дуулдата башташып

аш тойлордо;

улак тартыш, ат чабыш-

балбан күрөш, эңишмей,

кайра баштан өнүп өсө баштаган…

 

Керээз

… ал кездеги жетекчилер

жүрөктөрү түшкөндөй,

москвага-борборго

сырдуу каттар,

жөнөтүлүп туруучу…

авторлорун каттардын,

көпчүлүк эл билчү эмес;

чарбаларда чоң кемчилик-

мүчүлүш,

даана гана жазылчу…

ал арыздар

жергиликтүү почталарда

артка алынып салынчы,

арызчылар маш келип…

өзбек жактан-

андижанда-наманганда

почта марка басылып,

борбор жакка кетүүчү…

көп узабай ошол каттар аркылуу,

тоолуу аймакка москвадан,

текшерүүлөр келүүчү…

ортолукта будуң-чадаң,

арыз ээси ким алар

«……… былк десе

москва солк этет» деп…

ошол кезден эл ичинде

аңыз кептер айтылат…

 

***

… эң негизги арыз ээси,

тээ илгертен райборбордо

почточу эле ал адам;

ошол кездин билимдүүсү-

кемчиликти көрө билген,

жазмалыкка шар эле…

 

***

… ошол кезде,

жатак мектеп директору-

почточуну билчү эле,

ал кишини көп балалуу экен деп,

мыйзамдан сырт-

чоң баласын мектепке;

окутууга алыптыр-

тизмеде жок окуучу

абдан зирек тың чыгып,

ал мектепти жалаң «5» ке

бүтүптүр…

 

***

… почточунун уулуна

мына ошентип,

чоң жашоого

жол ачылып баштаптыр…

окуусун бүтүп,

курулуштун багытына

жаңы гана аттанса,

почточу ата көз өтөт-

тоону көздөй айылга,

туугандары-

эми алып,

жөнөөрдө…

апасынын кеп чыгат;

«атаңардан чоң таарыныч-

туугандарга бар мында,

райборбордо адырга

сөөгү атаңдын коюлсун»

почточунун

керээз сөзүн угузат…