Элмирбек Иманалиев: Жабылуу аяк

Жабылуу аяк Атам совхоздо жумушчу болуп көп жыл иштеген. Таң менен кетип кеч менен келет. Иштен келгенче сагынчумун. Бир күнү атамды ээрчип ыйладым эле, атам мага кылчайбастан кетип калды. Апам мени жонуна көтөрүп сайдагы сууну жээктеп, бир өйдө, бир ылдый басып сооротуу менен алек. Болушунча кежирлендим окшойт. Бир убакта мени жонунан түшүрүп, намазга жыгылгандай колун бетине төшөп: «анда мен өлдүм»,-деп чөк түшүп жатып калды. Болбой эле чапкылап атып «тирилтип» алдым. Атамдын мүнөзү жаз күнүндөй болчу. Ачуусу бат келип, бат жазылган, жүргөн жери күлкү, сөзмөр, тамашакөй эле. Үчтерек аймагында Калил аттуу толугу менен…..