Насыпбек Асанбаев: Сыйкырдуу балта

Сыйкырдуу балта Илгери ашынган сараң бай болуптур. Ал байлыгынын ашып-ташып турганына карабай, малчыларынын акысын бербей картайганча иштетип, кийин карыганда кууп жиберчү экен. Мына ошол бай бир койчусун кырк жыл иштетип туруп, аягында чычкак улак бербей кууп жиберет. Айласы кеткен абышка ачуусу келип байдын үстүнөн казыга арызданат. Бирок, казы кедейге болушкандын ордуна байдын сөзүн сүйлөп жардынын өзүн айыпка жыгат. -Ушунча жыл сени багып келген байга ырахмат айткандын ордуна, ага доомат койосуң, – дейт ал. Натыйжада бечара абышканын он чакты коюн, музоолуу уюн, минген өгүзүн тартып алат. Ошентип абышка кемпири менен же толугу менен…..