Эрнест Хемингуэй: Он чакты индей

Он чакты индей

(аңгеме)

Төртүнчү июль күнү кечке маал шаардан Жо Гарнердин кенен арабасында аны үй-бүлөсү менен чогуу үйгө кайтып келаткан Ник жолдун ар жеринен мас болуп жүрүшкөн тогуз индейди жолуктурду. Эгер адашпаса, бул жол катар кезиккен тогузунчу индей, күүгүм талаш келаткан Жо Гарнер аттарды тык токтотуп, арабадан секирип түшүп, дөңгөлөк тушта жаткан индейди жол четине сүйрөп жөнөдү. Мас неме көмкөрөсүнөн кумга бети менен оонап жатат. Жо аны сүйрөп жол четине жаткыра салып, кайра арабага кайтып келди.

— Бул тогузунчу мас индей, – деди Жо, – шаар четинен ушул жерге жеткенге чейин.

— Эхх, индейлер, – Гарнер айым өзүнчө сүйлөнүп алды.

Ник арабанын арт жагында Гарнердин эки баласы менен чогуу келатат. Жо жол четине сүйрөп салган индейди араба артынан карап калды.

— Бул Билли Тейблшоу эмеспи? – деп сурады Карл.

— Жок.

— Кийген шымы Биллинин шымына окшошконунан айтканым.

— Индейлер баары окшош шым кийишет эмеспи.

— Мен аны такыр көрбөдүм, – Фрэнк кепке аралашты. – Атамдын арабадан түшүп, кайра кайтып келгенин көрүп, жолдо жаткан жыланды өлтүргөн го деп ойлогом.

— Бүгүн индей аттуунун баары таң аткыча жылан өлтүрүп чыгышат ко, – деди Жо Гарнер келекелүү түрдө.

— Эхх, индейлер, – Гарнер айым өзүнчө сүйлөнүп алды.

Алар жүрүп олтурду. Андан ары сапар чоң жолдон бурулуп, тоо тарапка бет алды. Өргө келгенде аттар тарта албай, балдар арабадан түшүп жөө басышка туура келди. Тоо таянган кумдуу жол. Мектеп тушуна келгенде, Ник артына бурулуп адырдан тээ төмөнгө көз жүгүрттү. Петоскинин жарык оту, Литл-Траверс-Бейдин артындагы Харбор-Спрингстин жарыгы көзгө урунду. Алар кайрадан арабага чыгышты.

— Жолго биртке шагыл төшөп коюшса боло, – деди Жо Гарнер.

Араба дарактарды аралай жүрүп баратты. Жо Гарнер менен аялы арабанын алдында бири-бирине ыктап жакын отуруп баратышат. Ник эки баланын ортосунда баратат. Жол ачык жайга чыга келди.

— Мына ушул жерде атам кашкулакты тебелетип кеткен.

— Мындан арыда болчу.

— Кайда экенин айырмасы канча, – Жо Гарнер башын бурбастан туруп айтты. – Кашкулактын жүрбөгөн жери барбы. Ар жерден сереңдеп чыга берет.

— Өткөн түнү мен эки кашкулак көрдүм, – деди Ник.

— Кайдан?

— Көлдүн этегинен. Жээктен өлгөн балык терип жеп жүрүшүптүр.

— Алар енот болсо керек, – деди Карл.

— Кашкулак болчу. Кашкулакты мен билбейт дейсиңби.

— Ии, сен муну билсең керек, – деди Карл чымчып сүйлөп. – Индей кыз менен жүргөндү билген бала кашкулакты билбей калмак беле.

— Жөн сүйлөчү, Карл, – Гарнер айым уулун кагып койду.

— Экөө окшош жыттанып жатышпайбы.

Атасы Жо Гарнер күлүп жиберди.

— Токтот ырсактап күлгөндү, – Гарнер айым эми күйөөсүн какты. – Карл, экинчи ушинтип сүйлөсөң, менден бирди көрөсүң.

— Индей кыз менен сүйлөшүп жатасыңбы, Ники? – Жо Гарнер калп эле билмексенге салып сурады.

— Жок.

— Жанын жейт. Сүйлөшөт, ата, – деди Фрэнк. – Индей кызы Пруденс Митчелл менен жүрөт.

— Койсоңчу. Ал эмес.

— Чын. Ага күндө барат.

— Андай эмес, – деди экөөнүн ортосунда бараткан Ник, ичи эмнегедир аңгырай түштү да, Пруденс Митчеллди ага жабыштырганына тескерисинче кайра ичи жылып: – Мен аны менен жүрбөйм.

— Муну карасаң, – деди Карл. – Экөөнү мен күндө көрөм.

— А менин эрке балам Карл кыздар менен эч сүйлөшө албайт, – деди Гарнер айым. – Эч болбосо индей кыз менен сүйлөшкөнгө жарабайт.

Карл унчукпай калды.

— Ушул кантип кыздар менен сүйлөшө алсын, – деди агасы.

— Оозуңду жапчы.

— Туура кыласың, Карл. Жайлайсың, балам, – атасы Жо Гарнер кепке аралашты. – Кыздар эркекти жакшы жолго алпармак беле. Мына менден үлгү алсаң болот.

— Об-боо, мына эмне дейт? – деди Гарнер айым араба өпөңдөй бергенде күйөөсүнө ыктай жабышып. – Убагында сүйлөшкөн кыздарың толтура эмес беле.

— Атам индей кыздар менен жүрбөгөнүнө бөркүмдөй ишенем, – арттан баласы үн катты.

— Сен кайдан билесин аны? – деди атасы. – Ник, индейдин чүрөгү Пруди сулууну колдон чыгарба эми, балам.

Гарнер айым күйөөсүнө бирдеме деп шыбырады эле, күйөөсү Жо Гарнер буга каткырып күлүп калды.

— Эй, ата – арттан Фрэнк үн катты.

-Ии?

— Эмнеге күлүп жатасың?

— Жөн, айтпа, жинди, – апасынын буга чый-пыйы чыга түштү эле, атасы буга дагы каткырып күлдү.

— Пруди сулууну Ники ала берсин дегеним, – деди Жо Гарнер. – Азыр менде ансыз деле эстүү сүйгөнүм бар.

— Бул айтканың башка кеп, – деди Гарнер айым.

Аттар кумдуу жолдо арабаны араң тартып барат. Жо Гарнер караңгылыкты көздөй камчы үйрүп:

— Чу, жаныбарым, чу! Эртең дагы эзиле араба тартасыңар.

Узатасынан кеткен адырдагы эңкейиш жолдо аттардын басыгы тездеп, араба ары-бери чайпала жүрүп баратты. Фермага келгенде баары арабадан түштү. Гарнер айым үйдүн эшигин ачып, ичкери кирди да, колуна чырак көтөрүп чыга келди. Карл менен Ник арабадагы жүктөрдү жерге түшүрдү. Фрэнк арабанын алдында олтуруп, арабаны атканага киргизип, андан ары аттарды жайлаганга камданып алган. Ник тепкич менен чыгып, ашкананын эшигин ачты. Гарнер айым мешке отун калап жатыптыр. Мешке каланган отунга керосинден чачып жиберип, күйгөн отту карап туруп калды.

— Жакшы калыңыз, Гарнер апа, – деди Ник. – Мени ала келгениңерге чоң ыракмат.

— Ой, кайда сен? Туруп тур.

— Жок, ыракмат. Бүгүнкү күн сонун өттү.

— Садагаң кетейин, тамак ичип кетсеңчи?

— Жок, ыракмат, кетейин. Атам күтүп калды.

— Мейли, каралдым, барсаң бар. Карлга апаң чакырып жатат деп койчу.

— Макул.

— Ники, жакшы бар, балам!

— Жакшы калыңыз, Гарнер апа.

Ник сыртка чыгып, малканага кирсе, Жо менен Фрэнк уй саап жатышыптыр.

— Жакшы калыңыз, – деди Ник. – Бүгүнкү күн сонун өттү.

— Жакшы бар, Ник, – деди Жо Гарнер. – Биз менен калып, тамак ичип кетсең боло.

— Жок, ыракмат. Эртерээк кетейин. Карлды апаң чакырып жатат деп коюңузчу.

— Макул. Кетсең жакшы бар, балам.

Ник малкана артындагы чабынды аянтындагы жалгыз аяк жолдо жылаңаяк желип-жортуп жөнөдү. Жалгыз аяк тайгалак жолдогу шүүдүрүм анын таманын муздатты. Чабынды жайдын этегиндеги кашааны ашып өтүп, жар менен ылдыйлай түшүп, саздак сайдын баткагын кечип, андан ары чынар теректүү токойду аралап жепирейген үйлөрдүн жарыгы көрүнгүчө өйдөлөп жүрүп олтурду. Кашаадан ашып өтүп, үй алдына жетип келди. Терезеден үстөлдө чоң чырактын жарыгында окуп олтурган атасы көрүндү. Эшикти ачты да, үйгө кирип барды.

— Ии, Ники, кел, – деди атасы. – Баары жакшы өттүбү?

— Албетте, ата, баары сонун. Июлдун ажайып төртүнчү күнү.

— Курсак ачтыбы?

— Айтпа.

— Бут кийимиң кайда?

— Гарнердин арабасында калып кетти.

— Жүр. Ашканага кирели.

Колуна чырак кармаган атасы жол баштап жөнөдү. Токтой калып, муздаткычтын капкагын ачты. Ник ашканага кирип кетти. Атасы бир кесим тооктун муздак этин табакка салып көтөрүп келди. Үстөлгө сүт куюлган карапа менен чыракты койду.

— Кааласаң пирог бар, – деди атасы, – Жейсиңби?

— Ананчы.

Атасы үстөл четиндеги отургучка олтурганда, көлөкөсүнөн бөлмө ичи карангылай түштү.

— Топтон ким утту? – атасы сурады.

— Петоски. Беш – үч.

Тамак жеп жаткан баласын карап олтурган атасы карападан стаканга сүт куюп, баласына сунду. Ник стакандагы сүттү ичип жиберип, оозун майлык менен аарчыды. Атасы текчеде турган пирогду алып, бир чоң кесим пирогду баласынын алдына койду. Пирог бөрү карагат кошуп жасалыптыр.

— Бүгүн эмне иш кылдың, ата?

— Балык уулого бардым.

— Илештиби бирдеме?

— Болгону алабуга балыктан бирди кармадым.

Атасы пирог жеп жаткан баласын карап олтурду.

— Түштөн кийин эмне иш бүтүрдүң? – Ник атасына суроо узатты.

— Индей айылы тарапта эс алып жүрдүм.

— Бирөө-жарымды көрдүңбү?

— Бүгүн индейдин баары шаарга түшүп, индей аттуунун бири калбай мас имиш ко.

— Бир да адамды көрбөдүңбү?

— Жанагы сенин досуң Прудини көрдүм.

— Кайдан көрдүң? – Ник атасын жалт карады.

— Токойдон, Фрэнк Уэшберн экөө жүргөн жеринен. Экөө сырдашып олтурганын байкабай жанына чуркап бара калганымды айт, атаңгөрү.

Атасы баласын карабай сүйлөп жатты.

— Эмне кылып жатышыптыр? – Никтин көзү чекчейди.

— Мен кайдан билейин.

— Чынын айтчы. Экөө эмне кылып жатышыптыр?

— Билбейм дедим го – деди атасы. – Өздөрүнчө күбүр-шыбыр болуп жатышканын гана угуп калдым.

— Сен алар экенин кайдан билдиң?

— Көрдүм дебедимби. Кантет бу?

— Мен аларды сен көрбөгөн экен деп ойлосо.

— Жок, көрдүм.

— Жанындагы ким дедиң?

— Фрэнк Уэшберн.

— Алар өздөрүнчө… Алар өздөрүнчө…

— Эмне «алар өздөрүнчө»? – атасы баласына таңдана карады.

— Алар өздөрүнчө бактылуу олтурушканбы?

— Ошондой го.

Атасы ордунан туруп, ашканадан чыгып кетти. Кайтып келсе, Ник башын шылкыйтып табакты мелтиреп тиктеп туруптур. Ник ыйлап жаткан.

— Дагы жейсиңби? – атасы бычакты алып, пирог кескени калды.

— Жок, – деди Ник.

— Дагы бир кесим жеп алсаңчы.

— Жок, ыракмат, ата. Тамагымдан эчтеке өтпөй калды.

Атасы үстөл бетин жыйнады.

— Аларды токойдун кайсы жеринен көрдүң? – Ник атасынан такып сурады.

— Индей айылынын четинен.

Никтин башы дагы шылкыйды. Анан атасы үн катты:

— Кой. Жат эми, балам.

— Жарайт.

Ник өз бөлмөсүнө кирди да, төшөккө чечинип жатты. Атасынын чоң бөлмөгө кирип кеткени угулду. Ник көмкөрөсүнөн жүзүн жаздыкка катып жатты.

«Жүрөктү жаралап кеттиң» – деп ойлоду көмкөрөсүнөн жаткан Ник. – «Жүрөгүмдү айыккыс кылып жаралап кеттиң…»

Бир аз өтпөй атасы чыракты үйлөп өчүрүп, өз бөлмөсүнө кирип кеткени угулду. Сырттан дарактардын шамалга шуудураганы угулуп, сырттын муздак жели терезенин тор пардасынан киргенин сезди. Ага карабастан көмкөрөсүнөн жаздыкка бетин жапкан бойдон жата берди, андан соң Пруди тууралуу аруу-таза ойлор аз-аздан унутулуп, анан уктап калды. Түн жарымда ойгонуп кетсе, балтыркандын шамалдан шуудураган үнү, шамал айдаган көл толкуну угулуп жатты, тыңшап жатып дагы уктап калды. Эрте менен катуу шамал согуп, көлдөгү бийик толкундар жээкке шарпылдай урунуп жаткан үндөн ойгоно түшкөн Ник жараланган жүрөгүн эстешке алы келбей уйку-соонун арасында көпкө турбай жатты.

Которгон: Кубантай Эрназаров