Беганас Сартов: Эксперимент

Акын, жазуучу-фантаст Беганас Сартов 1945-жылы Москва районунун Чичерин айылында жарык дүйнөгө келген. 1952-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. “Жылдыздар балладасы” деген алгачкы китеби 1971-жылы чыккан. “Тоо жылдызы” адабий ийримин жетектеген. “Ааламда адашкандар” (1974), “Маанай” (1976), “Мамыры гүлдөгөн маалда” (1978), “Эридиана” (1981), “Сары азезил” (1987) китептери жарык көргөн. Автордун негизги чыгармачылыгы фантастика болгон. Б.Сартов тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак. Эксперимент Закирия азилкеч неме болчу. Тамашага шоотуп аркы беркини айтып, тааныштарына жолукса калжаңдай сүйлөп, кеби даамдуураак болсун үчүн кээде “өрдөктөрдү” да учуруп койчу. Бирок бир таң калыштуу нерсе – эмнени толугу менен…..

Аман Саспаев: Татым туз

ТАТЫМ ТУЗ Суу айрыгына жакын, саздакка чыккан кыяк чөптү ыктап жалгыз түтүн кыргыз жашады. Эзелтен эле жергиликтүү дыйкан уйгурлар конуш тээп, төшкө такай соккон корук тамдын калдыгынан башка ал жерде дагы бул күнгө  чейин  төрт  түтүн  уйгурдун  эски  тамы  сакталып  калган.  Уезддик шаар мындан алысыраак жерге жайгашкан. Бирок, көндүм адат катары, ага каттаган жөө базарчылар көп деле кыйначу эмес. Элдин айтымына караганда, илгерки бир жылдары көл кыргыздары ушул жакка ооп келип кайткан имиш. Ошолордон Келгинбай аттуу бир түтүн кыргыз ушул жерди мекендеп калыптыр. Ал кезде Келгинбай отуздун ортон белине келип калган жигит экен да, оор келте оорусуна кирептер толугу менен…..

Платон Ойунский: Александр Македонский

Боордош элдердин адабиятынан П.А.ОЙУНСКИЙ Саха-Якут элинин көрүнүктүү классик жазуучусу Платон Ойунский (Ойуунускай) саха элинин ХХ-кылымдын башындагы алгачкы жазма акыны, драматургу, прозачысы жана коомдук ишмери болгон. 1938-жылы  кандуу репрессияга тушуккан. Артында калган көптөгөн чыгармалары кийин театрларда коюлуп, дүйнөлүк тилдерге которулуп, китептери чыккан. Ал жарык дүйнөгө келген Татты улусунда, кыштактарда, борбор шаарында анын атындагы көчөлөр, Якутск шаарында чоң адабий музей, мамлекеттик башкы аэропорт, Улуттук драма театры бар. Бул аңгеме саха тилинен орус тилине мыкты которгон Альбина Слепцова-Борисовадан кыргыз тилине которулду. Александр Македонский Эзелтеде, качанкы бир жылдар-күндөрдө, эч бир кычыраган  кышы жок, мемиреген толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: Кирине

Кирине Медер кечке чейин сайдагы сууга киринип, курсагы аябай ачканын сезгенде гана аргасыз үйгө чамынган эле. Ал үйгө сайдын төтө жолу менен өйдө карай жөнөгөн. Күнгө, сууга, жайдын билинер-билинбес желаргысына териси күйүп, чачтары бозоргон бала ошол жол менен энтигип үйгө жөнөгөн. Эгерде ошондо наркы кашка булактан суу ичкиси келип чоң бадалдын так түбүнөн бурулбаганда, жанагылеки сүт ооз күчүктүн күнү азыр кандай болот эле бир кудай билет. Медер эми гана тизеси менен бөк түшө отура калып, башын  булакка салып суу ичип жаткан учурда, нары топ бадалдын түбүндө күдүң-күдүң деген үндөр менен толугу менен…..

Мелис Абакиров: Аза ыры

АЗА ЫРЫ (Даректүү аңгеме)       Жүрөктү титиреткен суук кабарды тилмечибиз Шахназ айым апкелди. Ал Баязит университети өткөрүп жаткан эл аралык симпозиумдагы биздин котормочу эле. Баязит университети Анкаранын четки райондорунун бири, Түркиянын орто кылымдагы борбору болгон Чубук калаасынын аймагында, өкмөттүк мекеме-уюмдар жайгашкан ордодон – башкы аянттан кырк чакырымдай алыста экен. Бизди жайгаштырган мейманкана да университетке жакын жерде болчу. Шахназ айым эки күндөн бери, аэропорттон тосуп алгандан тарта биз менен чогуу жүргөн, мейманканада да өзүнчө бөлмөдө түнөп, тургандан жатканга – таң эртеден түндүн бир оокумуна чейин жаныбыздан чыкпай саксактап жүрдү. Эртең менен мейманкананын толугу менен…..

Кубатбек Жусубалиев: Эне, үпүп сасык келди

Эне, үпүп сасык келди (үзүндү) …Булар каалгага жазылган сөздөр. Беш тилим карагай тактайдан кыналган каалгага жазылган сөздөр. Кубат менен Камбү, каалга – үчөө мокок бычактын учу менен оюлуп жазылыптыр. Биздин адрес – башка бирөөнүн жоргодой жоргологон колу. Калгандары Баланын үйрөнчүк колу. Кырмызы сыя калем менен жазылыптыр. Тактайды тили менен жалап-жалап, тилин тилдирип, тилин канатып, анан басып даана жазат деп кырмызы калемдин учун сындырып, кайра учтап, кайра сындырып, учун оозуна салып шилекейлеп, эриндери, колу, жүзү кырмызы сыяга боёлгон Баланын жазган сөздөрү бар, үстүнө дайым отун кыркылып жүрүп балтанын тишинин мизине барчаланып, толугу менен…..

Зинакан ПАСАҢОВА: Айсберг оодарылганда…

Айсберг оодарылганда… Аңгеме -Эжеке?!. Амансызбы?!  Каердесиз?!  –  Жаш жигиттин дүрбөлөңдүү доошу. Негедир, үй телефонума чалыптыр. Бүгүн мени телефондон издешкендердин баарынын үнүндө ушундай  дүрбөлөң  бар эле.  Аман-эсен экенимди билишкенде тирүү экениме таң калгандар да, кубанып кеткендер да болду. Ооба, алардын бул сезимдери мага түшүнүктүү. Кечээтен бери кан төгүлүп, өрттөлүп, каракталып, будуң-чаң түшкөн чакан шаарда тирүү каларыбызга өзүмдүн да көзүм жетпей турган. Сабыркоо жана коркунуч үшүмдү алып койгонбу, азыр да ким чалганын үнүнөн тааный албадым.  Бизде “эжеке” деп демейде мугалим аялга кайрылат эмеспи, демек, окуучуларымдын бири. -Ким элең? – дедим бүшүркөп. -Мен, толугу менен…..

Касымалы Баялинов: Ажар

Ажар I Күн кылтылдап, уясына батып бара жатат. Ала-Тоонун чокусуна токтогон бирин-серин үлбүрөгөн ак булуттар күндүн батарда чачкан нуруна боёлуп, кызгылт тартып, дүйнөгө жаңылык киргизгендей. Учу түбү жок туңгуюк көк да, казанбактай көмкөрүлүп, бүткүл макулукту кучагына алып, өзүнүн кечки жумшак илеби менен алда кимди сүйүнткөндөй болот. Калың бейитти бет алган жалгыз аяк жол менен үч аял келе жатты. Бирөөнүн үстүндө шайы ала чапаны бар, жоолугу бош ийинине түшүп, жылаң баш, аягында кепич, маасы, өңү саргайыңкы, жүдөңкү, ак жүзүнүн көркү кетип, көзүнүн алды карарган. Жашы 15—16 чамасында, сенделип, буту араң гана толугу менен…..

А.Сарманбетов: Мекенсиз

Капортосунан көпкөк суу мелт-калт толгон кууш капчыгайды бойлой кеткен кан жолдо жалтыраган кара “мерседес” зуулап келатты. Жайдын толуп турган маалы болгону менен капчыгай ичи салкын. Өрөөндү өрдөй чубалган Токтогул суу сактагычынан улам болсо керек. Саргарган тоо жонунда карайган кесек таштар менен анда-мында сейрек бадалдардан башка көзгө такоол эчтеме жок. Төбөдөгү көк асмандын тереңинде жалгыз бүркүтпү, кулаалыбы канатын калдайта жайып жай каалгыйт. Аң издеп жатса керек. Тоо боорундагы жазгы жашыл бетеге саргарып, күйүп кеткен. Зыпылдаган машина эңкейиш жолго өтүп, жайыкка чыга бере жол четине чыга токтоду. Арткы эшигинен сеңселген суюк ак толугу менен…..

Ч.Айтматов: Гезитчи Дзюйо

(аңгеме) – Жаңы гезит!… Гезит! Жаңылыктарды окуганга ашыккыла!.. Дзюйо эки чоң жолдун айрылышында туруп алып кыйкырып жатты. Кээде япон баланын үнү көчөнүн ызы-чуусунан угулбай калат. Бул чоң порт шаарынын эл эң көп жүргөн көчөлөрүнөн болот. Көчөдөгү машиналардын түтүлдөгүнөн, бош-боштогон рикшалардын кыйкырыктарынан, полициялардын чурулдаган ышкырыгынан, тротуарда менменсине баскан америкалык жоокердин дабышынан Дзюйонун үнү жутулуп кетет. Оозун чоң ачканында жүзүнде ойной калган ичке бырыштар таң каларлыктай көрсөтүп, гезитчинин жалооруган көздөрүн, анын кыйкырганын эч ким этибарга албайт. Бир гана: – Гезиттер!.. жаңылыктар!.. Өрт!..— дегени үзүл-кесил эшитилет. Бирок, Дзюйо жалыкчу эмес. Эртеден кечке дейре толугу менен…..