Кубатбек Жусубалиев: Эне, үпүп сасык келди

Эне, үпүп сасык келди

(үзүндү)

…Булар каалгага жазылган сөздөр. Беш тилим карагай тактайдан кыналган каалгага жазылган сөздөр. Кубат менен Камбү, каалга – үчөө мокок бычактын учу менен оюлуп жазылыптыр. Биздин адрес – башка бирөөнүн жоргодой жоргологон колу. Калгандары Баланын үйрөнчүк колу. Кырмызы сыя калем менен жазылыптыр. Тактайды тили менен жалап-жалап, тилин тилдирип, тилин канатып, анан басып даана жазат деп кырмызы калемдин учун сындырып, кайра учтап, кайра сындырып, учун оозуна салып шилекейлеп, эриндери, колу, жүзү кырмызы сыяга боёлгон Баланын жазган сөздөрү бар, үстүнө дайым отун кыркылып жүрүп балтанын тишинин мизине барчаланып, бели үзүлөйүн деп калган астанасы бар, куркулдайдын уясындай пешейваны бар, пешейванында жылаңач, чоӊ жыгач чарпаясы бар, улуу кардан тебетей кийген тамдын каалгасы жабык турду. Каалга жабык турду. Түбүндө кужурап таранчылар турушат. Бир таранчынын куйругу жок.

Жабык каалганын ичинен чымчыктардай чүңкүлдөшкөн эки үн угулду.

-Үйгө жарык кирдиби, ата?

-Кирген жок.

-Каалганы ач, чымчыктар кирсин.

Темир илгич шылдыр деди, илгичинен бошонгон каалга шалак ачылды. Үйгө жарык кирди. Таранчылар учуп киришти.

Жарык үйгө кирди.

Төшөктүн үстүндө эшикти карап балпайган кемпир отурду. Дырдай жылаңач Бала кемпирдин далдоосуна кире качты.

-Эмнеден качтың, ата?

-Жарыктан

-А менден эмне качпайсың?

-Сен көрбөйсүң.

-Жарык кирдиби, ата?

-Кир-р-рр-рди…

Баланын ээги ээгине тийбейт. Жарык үйгө кирери менен Кемпирге барды. Жүзүнө тийди. Кемпир жүзүндөгү жарыкты кармап, сыйпалап көрдү.

-О, жарык, жарык! Атыңдан айланайын…

Сөздөрү үшкүрүгү менен кошо чыкты.

-Мен кир-рр-р-ргиздим…

-Кимди, ата?

-Жар-р-рр-ыкты.

-Сенин да атыңдан айланайын.

-Каалганын оозунда жалдыр-р-р-рап кир-р-р-е албай тур-р-руптур-р-р…

-Жер титирегендей титирейт, ким?

-Жар–ррр-рык.

-Дөөрүк! А мен курган жаным, Кара уй дагы бошонуп кетип, эшиктин түбүндө сагаалап, күтүп турабы деп ойлопмун…

-Мен кир-р-рр-ргиздим.

-Кара күчкө эле титирейт. Ааламдын суугунан баары коргологон экен, балам ий, ме, тезирээк кий!

Кемпир койнунан Баланын ыштан-көйнөгүн сууруп чыкты.

-Жашасын 28 баатыр! “Эр Панфилов элге сиңген эмгегиң!..” Бала уктаган төшөгүнүн үстүндө кулундай туйлап, так секирип кийине баштады. Дубалдын бооруна камыр менен чапталып “Кызыл Кыргызстан” газетасы турат. Бетинде 28 БААТЫР деген чоң тамгалуу жазуу көрүнөт…

-Түн ортосунан бери жылаңач боорума катып жылытып отурам. Эч жылыбайт! Кыш коргологон экен… Көйнөгүңдүн бир жери сөгүлүп кетиптир, этияттап кий, ата. Окуудан келгениңде таап, жамап берем.

-Келбей калсамчы?

-Эмне дейт, бул дөөрүк?

-Дөөрүк окуудан келбей калсамчы, – дейт.

-Эмне, дөөрүк башка буту майрык эне таап алыптырбы?

-Бүгүн уруш.

-Силердин урушуӊар качан бүтөт?

-Биздин урушубуз бүтпөйт.

-Дөөрүк. Кийинип бүттүӊбү, жылыптырбы?

-Ой, жыргализм! Жашасын каракемпиризм!

-Чулдураган орус…

Бала кийинип бүтүп, Кемпирдин жанына лак отура калып, өтүгүнө асылды. Күшүлдөп-бышылдап кончунан эки колдоп тартса да кайкайып башы тоӊгон өтүгүнө буту батпады. Алы жетпеди. Чиренип тартып жатып “дырт” эткизип коюп, өзү күлүп жиберди. Айласы кеткенде Кемпирдин алдына көчүгү менен жылып барып отуруп калды.

-Энем күчтүү өзү…

-Багып атпайсыӊбы…

Кемпир Баланы кучагында отургузуп алып өтүгүн тартып кийгизе баштады.

-Жатаарда очокко кактап кургатып ал деп миӊ айтам. Эмне, кулагыӊа сөз кирбейби, ата?

-Кирбейт.

-Пахта тыгып алгансыӊбы?

-Пахта тыгып алгам.

-Тешикпи, ата?

-Тешигине пахта тыгып алгам.

-Тур эми, болду.

-Согончогум батпай калды.

-Жерди тээп-тээп ал…

Бала ыргып туруп жерди тарсылдатып тепкилеп кирди.

-Үйдүн ичин казып бүтүрмөй болдуӊ, астананы теп, ата.

Бала дөӊгөч ордуна отун кыркып жүрүп бели үзүлөйүн деп калган астанага соксоӊдоп жүгүрүп барып тарсылдатып тээп кирди.

-Батты!

-Эчкинин майы менен майлап ал, калды беле?

Казандын түбүндө курут бар, ысыт, нандан туурап ич, ата.

-Есть! ысытып ич.

-Карды качан күрөйсүӊ, ата?

-Окуудан келгенде.

-Тамдын башын эки күн, алдын эки күн күрөйсүӊ…

-Төрт күн күрөйм.

-Бүткөнүӊчө дагы кар жаап коет…

-Дагы кар жаап коет.

-Мен эми кудайга кошамат кылайын…

Кемпир жайнамазын жая баштады.

-Есть, кудайга кошамат кылайын…

-Эми сүйлөбө, ата.

-Есть, товарищ майор, аталага тоёр!

-Курутка тоёр!

Кемпир намазга жыгыла баштады.

Күкүрт жок. Коломтого чок көөмп коюшат.

Күлдү көөлөп отуруп көздүн карегиндей чок тапты. Көздүн карегиндей чок калыптыр. Бала куурайдан уя жасады. Чокту уяга салды. Чокту колу менен кармап туруп уяга салды. Тербетип, үйлөп атып от тамызды. Көӊ калады. Казан асты. Чагыр ысыганча Кемпирдин намаз окуганын тыӊшап жөн отурду. Чагыр ысыды. Чагырды жыгач чөмүч менен аякка куйду. Төрдөгү үстүнө жүк жыйылган эки көздүү жабандын бир көзүнөн казанга жапкан нан алып келди. Нанды жабанга сакташат. Нан муздак экен. Тоӊбоптур. Муздак экен. Адатындай коломтого калап ысыткан жок. Нанды аяктагы чагырга туураганча Кемпирди дагы тыӊшады. Унутуп калганын ойлоду. “Карга жууп алам” деди.  Бала бети колун жууганды унутуп калыптыр. “Карга жууп алам” деди. Келишти. Бала таранчылардын астанага секирип чыгып, секирип түшүп үйгө кире албай турушканын көрдү. Нанды туурап бүттү. Нанды чоӊ-чоӊ туурады. Чагыр менен нан жегенче таранчылардын кужурашып сүйлөшкөндөрүн тыӊшады: “ Эмне карап турасыӊар?”, “Кемпирди карап турабыз”, “Кемпир эмне кылып атат?”, “Кемпир жыгылып туруп намаз окуп жатат”, “Бала эмне кылып атат?”, “Бала чагырга нан туурап жеп отурат”, “Сени көрүп күлүп атат”… Бала куйругу жок чымчыкты көрүп күлүп жиберди. Таранчылардын келгенин угуп Кемпир чапанынын коюн чөнтөгүнөн таруу уучтап чыгып чымчыктарга чачты. Эки ууч чачты. Чымчыктар үйгө учуп кирип жатышты. Биринин үстүнө бири түштү. Кумаланып-тумаланып жүрүшүп бир паста тарууну жеп бүтүштү. Бала да тамагын ичип бүттү. Кемпирди тыӊшап отурушкан чымчыктарды үйдөн айдап чыкты. Китеп баштыгын асынды. Китеп баштыгында жалгыз китеби бар. “Эне тил”. Чөк түшүп намазга жыгылган Кемпирге акырын басып барды. Кемпир шыбыраганча Баланын бетинен жыттап койду. Кемпирдин жүзү муздак эле.

Бала үйдөн жүгүрүп тышка чыкты. Каалганы жапкан жок. Бала кеткенден кийин чымчыктар кайрадан үйгө жөөлөп кире башташты: “Кеттиби”, “Окууга кетти”, “Кемпир эмне кылып атат?”, “Намаз окуп атат”, “Эми эмне кылабыз?”, “Кемпирди тыӊшайбыз”…

Бала карга бети-колун жууду. Кургак кар экен. Кургак кар жааптыр. Бетин жууп атып унутуп калганын ойлоду. “Эртеӊ кургатып туруп майлап алам” деди. Эчкинин майы менен өтүгүн майлаганды унутуп калыптыр. Өтүгүн карап койду. “Эртеӊ майлап алам” деди. Кар өтүгүнө жуккан жок. Карды буту менен күрөп сапырып көрдү. Кургак, жеӊил, суук кар жааптыр. Бассаӊ да кычырайт, баспасаӊ да кычырайт. Асман да кычырайт, жер да кычырайт… Тоолордун түбүнө чейин аппак туман каптап турду. Өмүрзак тамынын алдын күрөп жатат. Эргеш тамбашысын күрөп жатат…  Ашим кибир чаркарынын төбөсүн күрөп болуп, малдарына чөп, саман таштап жатат… Камилдин үйүнөн түтүн кучак-кучак болуп бурулдап чыгат. Кар көөмп калган морунан кээде жалмаӊ этип от жалын кошо чыгат. Саман жагып атышат окшойт. Окууга өткөн бир бала көрүнбөйт… Бала коркуп кетти. “Баары кетишиптир, агай бүгүн уруш болот дебеди беле”. Бала оюнан мурун чуркап жөнөдү. Кар малтап чуркап баратып дагы ойлоду: “Агай бүгүн жомок айтып берем дебеди беле!” Сеӊирге чыкканда дагы үйдөй саман көтөргөн Чпокуга оро-пара чыкты. Экөө жолдо сүзүшүп калды.

-Ассалоом алейкум! – деди Бала.

Чпоку унчуккан жок. Самандан башы көрүнбөйт. Кардан буту көрүнбөйт. Жол бошотом деп Бала карга тыгылып калды. Кончуна кар тыгылды. Бала тебетейине жуккан карды жейм деп келаткан уйду тумшукка бир койду. Чпокуну ээрчип, жолго чачылган самандардын күкүмүн терип жеп келаткан арык, кунаажын уй Баланы карап туруп калды.

Чпокунун артында көзү бар дейсиӊби, сууруп жеп кете бербейсиӊби, итке окшоп шимшилебей, мени карабай! – деди Бала. Бала сайдан өтүп баратканда чалкасынан жыгылды. Карга көмүлүп калды. Алды муз, үстү кар экен. Сайдан өттү. Кош-Дөбөгө жеткенде бир токтоду. Кыстап кетти. Жолдон чыккан жок. Кончуна дагы кар кирет, аппак, суук таптаза күзгүдөй кардын бетине өз атын жазып кирди. Эӊ акыркы тамгасына сийдиги жетпей калды. Өтө  кыстаганда жетчү эле. Бүгүн жетпей калды. “Окуудан келатып жазам” деди. Дагы чуркап жөнөдү. Кош-Дөбөдөн ашканда мектеп көрүндү. Мектеп чоӊ колоттун үстүндө. Арын чолок мектептин тамбашысын күрөп жатат. Бүтөйүн деп калыптыр. Мектептин алдында колхоздун кампасы бар. Экөөнүн ортосунан жол өтөт. Арын чолок мектеп менен кампаны карайт… Чпокунун саманы жолго куюлуп, чачылыптыр. Каргалар майпаӊдашып, карга батып, саман менен кошо түшкөн буудайдын данын терип жеп жүрүшөт…

Бала мектебине жетти.

Күн сайын мектебине ушинтип жетет…

Бала биринчи келгенин ойлоду. Көӊүлү тына түштү. Мектепке туш тараптан келип кирген издер жок… Көк сыр менен сырдалган каалгасы ачык турду. Каалга сыртка ачылат. Оозунан караӊгы чыгып турат. Бала каалганын темир туткасына тилин тосту. Тили темир туткага жабышып калды. кайра араӊ жулуп алды. Муздап таш боло түшкөн тилин  таӊдайына катып ысытканча коридорго кирди. Кичинекей коридордун ичи караӊгы, суук эле. Терезеси жок. Ичине үч эшиктен жарык түшөт. Эки класста экиден төрт терезе бар. Бирөө жол тарапта, бирөө тоо тарапта, терезелери чоӊ, тоонун баары, жолдун баары көрүнөт. Эшиктерин ачып койсо, коридорго жарык түшөт. Сол бурчунда отункана бар. Отункананын терезеси жок. Эшиги дайыма ачык. Ичи дайыма караӊгы. Эки класс менен отункананын ортосунда кичине далис бар. Далистин ичинде эки эшик бар. Экөө теӊ кымындай бөлмө. Сол жагында кароолчу. Арын чолок эки кызы, аялы менен жашайт. Оӊ тарабындагы бөлмө мугалимдердики. Мектеп ушул. Эки класстын эшиги аӊырайып ачык эле. Коридорго үч эшиктен жарык түшүп турду. Бала ээн, суук коридордо турду. Жылаӊач дубалдын бетине камыр менен чапталган Сталин баш болуп Советтер Союзунун Маршалдарынын сүрөттөрүнө карап турду. Маршалдардын баары Балага карашты. Адатынча маршалдардын медаль, орден, жылдыздарын кармалап көрдү. Кулагына медалдардын, ордендердин, жылдыздардын шагыраганы угулду. Бала маршалдардын тике, сүрдүү карашкандарынан сүрдөп класска кире качты. Класстын ичи жарык эле. Кара сыр менен сырдалган эки катар парта коюлган. Терезе жак катарында биринчилер отурушат, дубал жак катарында экинчилер отурушат. Бирге окушат. Ортосунда эски темир печке турат. Кернейи шыптын төбөсүнө чыгат. Бала терезенин түбүнө барып олтурду. Партасы терезенин түбүндө эле…  Арын чолок эшиктен баш багып, терезенин түбүндө туман баскан тоолорду карап олтурган Баланы көрдү. Экөө унчукпай тиктешип калышты.

-Ассалоом алейкум! – деди Бала, ордунан туруп.

-Жүр, отко жылынабыз – деди Арын чолок.

Бала Арын чолоктун кымындай бөлмөсүндө олтурду. Арын чолок ушерде эки кичинекей кызы, аялы менен жашайт. Кыздарынын аты Уял, Салтанат. Аялынын аты – Рапия. Терезелери жок. Бир гана очогу бар. Очоктору чоӊ. Морусунан жарык түшөт. Бала очоктогу отко жылынып отурду. Салтанат, Уял экөө төшөктө базар, сегодня воскресенье, друг – деди. Арын чолок жатышат. Ойгоо жатышат. Рапия эже бозо сүзүп жатат. Бала менен Арын чолок отко жылынганча сүйлөшүп отурушту.

-Үйүӊөн жылан чыктыбы?

-Үйүбүздө жылан бар. Кышында чыкпайт.

-Кышында эмне кылат?

-Уктайт – деди Бала.

-А жазында эмне кылат?

-Чычкан уулайт.

-А жайында эмне кылат?

-Балапан уулайт.

-А күзүндө эмне кылат,

-Билбейм. Эшикке чыгып кетет – деди Бала.

-А качан тууйт?

-Билбейм…

Арын чолок каткырып күлүп калды…

– Энеӊ демдүү отурабы?

– Отурат.

– Бозо ичесиӊби?

– Чагыр ичтим-деди Бала.

Бул баланын: чагырдын үстүнө бозо ичсе болбойт, убал болот дегени эле.

-Үйүӊө кет, анда – деди Арын чолок. – Бүгүн базар, сегодня воскресенье, друг – деди Арын чолок орусча да, кыргызча да айтты. Арын чолок орусча билет. Бала уялып жер карады. Унутуп калганын ойлоду. Бүгүн базар экенин дагы унутуп калыптыр…

Үйдүн ичи. Түн.

Терезеден үйгө Ай кирип, Баланын жанында отурат. Бала айдын жарыгына салып, ийне учтап жатат. Бирок, учтай албайт. Көзү да талыды. Колу да талыды…  Кемпир жанында чыдап, күтүп отурат. Колуна Баланын көйнөгүн кармаганча чыдап, күтүп отурат.

-Эмне, биздин үйдө канча киши отурат?

-Экөө.

-Үчөө! Тапчы, биз менен дагы ким отурат?

-Билбейм.

-Ай!

-Дөөрүк, келе бери, көзүӊ көзбү, же постектин тешигиби? Баятан бери күтүп отурам, күтүп отурам…

Бала ушуну эле күтүп отургандай ийне менен жипти Кемпирге кармата салды да жууркандын ичине култ этип кирип кетти. Жууркан жүн жыттанды…

-Көзүм сенден жакшы көрөт деди Кемпир.

Бала жууркандан башын чыгарып караса, ийнени саптап алыптыр. Көйнөгүн жамай баштаптыр…

-Былтыр жайында чөптүн арасында жатып уктап калыпмын. Күн көйнөгүмдүн жыртыгынан кирип, далымдын этин жеп кетиптир, эсиӊдеби Эне?

-Бүгүн жуурканыӊ кандай экен, ата?

-Ух, жылуу! Күн жыттанат!

Бала жуурканды тепкилеп, кулундай тыбырчылады.

– Бүгүн күн экөөбүз жакшы иш кылдык. Адегенде жууркандарды карга күүдүм, анан күнгө жайдым.

–  Экөөӊөр азаматсыӊар!

–  Кардын бетинде чаӊ аз бекен, ата?..

– Байкаган жокмун.

– Анда айтып бер, ата. Бүгүн эмне көрдүӊ, эмне уктуӊ, эмне ойлодуӊ?

– Баары эскиче эле…

– Жакшы айтып бересиӊ го, айтып берчи, ата.

– Арын чолокту көрдүм… Экөөбүз сүйлөштүк…

– Эмнени сүйлөштүӊөр?

– Өөдө – ылдыйды эле…

– Чоӊ атамдай болбой жөн айт.

– Атом бомбаны билесиӊби дейт.

– А сен эмне дедиӊ, ата?

– Билбейм дедим.

– Ал эмне экен, ата?..

Бала унчукпай калды. Ойлонуп калды.

-Айтса, бүгүн атаӊдын жуурканын да күнгө жайдым – деди Кемпир.

Бала унчуккан жок. Эми бир оюна дагы бир ой кошулду. Кемпир көйнөгүн жамап жатты. Ай жанында отурат. Эшикте ачык, аппак, айлуу түн.

-Бүгүн базар экенин унутуп калыптырмын – деди Бала.

-Кемакыл.