Гүлзада Станалиева: Кирине

Кирине

Медер кечке чейин сайдагы сууга киринип, курсагы аябай ачканын сезгенде гана аргасыз үйгө чамынган эле. Ал үйгө сайдын төтө жолу менен өйдө карай жөнөгөн. Күнгө, сууга, жайдын билинер-билинбес желаргысына териси күйүп, чачтары бозоргон бала ошол жол менен энтигип үйгө жөнөгөн. Эгерде ошондо наркы кашка булактан суу ичкиси келип чоң бадалдын так түбүнөн бурулбаганда, жанагылеки сүт ооз күчүктүн күнү азыр кандай болот эле бир кудай билет. Медер эми гана тизеси менен бөк түшө отура калып, башын  булакка салып суу ичип жаткан учурда, нары топ бадалдын түбүндө күдүң-күдүң деген үндөр менен анда-санда күчүктүн али наристе кыңшылаганы анын көңүлүн бурду. Ал сууну шаша-буша ууртап-ууртап алды да, ошол тарапка обдула жүгүрдү.

Бадалдын так түбүндө, ала көлөкөдө төрт бала турат. Бири колуна саргыл түктүү күчүктү кармап туруптур. Медер аларга жакын барды:

-Эмне кылып жатасыңар? – деп, кадыресе чоң кишилердей колун ар бирине узатып, астейдил учурашты.

-Жөн эле турабыз. Сага эмне керек? Жолуңа түш, – деп бери чекедеги делдең кулак, бою узун бала жактырбай сүйлөдү. Калгандары унчукпай акырын анын колун кысып жай алик алышты. Булар Медер тааныган, айылдын тээ башындагы көчөнүн балдары экен.

-Сууга түшсөңөр, тетиги жакта жакшы көлчүк бар. Бул жер ыңгайсыз, Тайыз, өтө эле шар агат, суусу муздак, – деди Медер чын ниети менен.

-Кайсы, тиги чоң бадалдын ары жагындабы? – деп берки көзү көгүш келген, бети толо сепкил сары бала жандана тактап сурады.

-Ооба, – деди бала.

-Кеттик, ошол жерге, ошол жерден чөктүрөбүз, – деди сары бала. Беркилер обдулуп жөнөп калышты. Медер таӊыркай:

-Эмнени чөктүрөсүңөр? – деп сурады.

-Ишиң болбосун, – деп чорт жооп берди бою узуну.

-Мобу күчүктү, – деди сары бала, – тиги сайдын башы жагынан таап алдык. Ээси кереги жок деп таштап кетсе керек. Сууга чөктүрүп өлгөнүн көрөлү дейбиз.

Медердин көзү алая түштү.

-Токтогула, мен да силер менен, – деп энтигип тигилердин артынан ээрчиди.

Көлчүк чын эле балдардын кирингенине боло турган тереӊдикте экен. Узун бойлуу көлчүккө көӊүлү тойгондой маашырлана карап алды да:

-Келе мага, – деп күчүккө колун узатты. Берки бала колундагы тыбыраган байкуш күчүктү кармата берди. Тигил мыйыгынан жылмайып күчүктүн эки капталынан ныгыра кармады да, олуттуу бир ишти баштагандай түр менен, сууга сала баштады. Күчүк тыбырап, кыӊшылап жиберди. Күчүктүн тумшугу турган туштан сууну бүркүп көбүк көтөрүлүп чыга баштады. Күчүк буттарын тыбыратып жан алы калбай жулкунат. Балдар бул шумдук көрүнүштү тегеректеп тиктеп турушат. Балдар “кана, кана, нары жылчы, карасаӊ, карасаӊ” дешип өздөрү ойлоп тапкан “оюндарынын” кызыгына батып, бирде дымып, бирде чурулдай түшүп жатышты.

-Мелдешелиби, күчүк суунун астында 10 мүнөткө чейин тура алат, – деди сары бала жанындагысына.

-Койчу, тура албайт, сен кайдан билесиӊ? – деди беркиси.

-Билем интернеттен окугам, – деди беркиси.

-Тура алат, тура алат, беймарал турат – деп, камырабай сөзгө аралашты узун бала күчүктү ого бетер сууга матыра. Күчүк суу астында төрт туягын тыбыратып жан алы калбайт.

-Токтогула… азыр… муну чыгарайын, кайра салабыз, саатты карап… – деп ал күчүктү суудан көтөрдү. Күчүктүн денеси калч-калч титиреп, өзү какап-чакап жатып алсыз кыӊшылайт. Арык денесине жабышкан түгү салаа-салаа болуп бөлүнүп, териси көрүнөт. Күчүктүн мындай түрү балдардын ого бетер кызыгууларын арттырды. Медер да күчүктү “эми кантээр экен” дегендей көзүн алайтып карайт, анын дирилдеген денесине колун тийгизет. Жерге түшкөн күчүк денесиндеги сууну силкип салгысы келип, булкунгандай болот, бирок шайы келбегендиктен, араӊ гана кыймылга келет.

-Ии, эс алдыӊ окшойт. Бас бери, кана көрөлүчү алыӊды, – деп узун бойлуу күчүктү кайра колуна алды. – Силер санагыла. Канчага чейин чыдаар экен. Жаны чыккыча кармайм, – деди чечкиндүү делдеӊ кулак бою узун бала. Араӊ жан күчүк кайрадан сууга матырылды.

-Бир, эки, үч, төрт, беш… он беш…жыйырма,  – деп чурулдап бир ооздон балдар санай башташты. Улам катуулап чыккан балдардын үнү бара-бара акырындай баштады. Тыбырап жаткан күчүк да жандалбаска түшкөнүн коюп, кыймылдабай каалгып калгандай болду. “Өлүп баратат, өлүп баратат, кара, кара” дешип балдар санагын токтотушуп, чурулдап барып дымып, тыӊшап калышты. Медердин көзү акырын дирт-дирт этип жаткан күчүктүн алдыӊкы бутуна кадалды. Күчүктүн көздөрү не ачык экени, не жабык экени билинбейт. Ушул маалда анын жүрөгү бир башкача дүкүлдөп чыкты, көӊүлү да айнып кеткенсиди. Күчүккө дагы бир ирет бурулуп карады. Күчүк денеси кыймылсыз. Билинер-билинбес баягыдай эле бир буту гана диртилдеп коёт. Медер балдардын катарынан суурулуп нары кетенчиктеди. Ал бул тири укмуш көрүнүштү, күчүктүн жан берип жатканын көргүсү келбеди. Бирок, кетип кала алган жок. Нарыраак барып, кайра артка жүгүрдү. Балдардын катарын буза кирип келип, күчүккө обдула карады.  Күчүктүн жанагы диртилдеп жаткан буту тынчып калыптыр. Бала чыдабай кетти:

-Чыгар, чыгар дейм, өлтүрдүӊ, – деп ал узун бойлуунун колунан бекем кармап өйдө тартты. Балдар чочугандай ага карап калышты. Берки күчүктү кармаган бойдон колун суудан чыгарды. Бала анын колунан күчүктү шап алып, арткы буттарынан кармап жерге башын салаӊдатып кармай калды. Балдар эмне болуп кеткенин түшүнбөй, дел болуп туруп калышты.

-Эмне… эмне болду сага?.. – деп узун бала ороӊдой балага тигилди. Бала бул саам күчүктүн оозунанбы, же сызылып бүт тулку боюнанбы куюлуп жаткан сууну карап, бирде анын төшүн каккылап, бирде арткы буттарынан силкип убараланып жатты. Күчүктүн түгү жабышкан денесинин капталы билинер-билинбес кыймылдагансыйт.

-Эч нерсе, – деди бала, – көрбөй турасыӊбы. Өлтүрүп койдуӊ, – деди үнү мукактана, ыйлап жибербеске тырышып, өзүн араӊ кармап.

-Муну кара. Өлтүрөбүз деп келбедик беле. Келе бери, кайра салам. Мүнөтүнө жеткирбей колдон сууруп алдыӊ, – деп тигил колун сунуп калды. Бала тигинин көзүнө тике карап, күчүктү бир жагына жантайлата кармап туруп:

-Бербейм, – деп кесе айтты. – Бербейм. Балдар экөөнө алмак-салмак карап, кимисиникин туура көрүшөрүн билбей ортодо делдейишет.

-Муну мен тапкам. Ошондуктан меники. Бер дейм, – узун бала умтулуп , муштумун түйө жакындады. Бала бир аз кетенчиктей түштү да, азыр тигинин колунан күчүктү тартып аларына көзү жетип:

-Мен сатып алам сенден. Менде 200 сом бар, – дей салды энтиге.

Узун бойлуу токтой калды. Балдар делдейип туруп калышты. Жанатан бери теңтуштарынын алдында күчүктү өлтүрүү менен эстерин оодарам деп шымаланган эргул акча тууралуу укканда жандана түштү.

-Кана көрсөтчү, – деп ишенкиребей, бирок кызыгып сурады. Делдейип экөөнү алмак-салмак тиктеп турган беркилер текши Медерге тигилишти. Медер күчүктү коё бергенден чочулап, бооруна кыскан бойдон чөнтөгүнөн төрт бүктөлгөн бир аз эскире түшкөн 200 сомдукту сууруп чыгып көргөздү:

-Мына.

-Келе, – деди узун бойлуу.

-Ме.

Медер 200 сомдукту узун бойлуу баланын колуна карматты. Беркилер акчадан көздөрү өтүп, тигинин колун карашат.

-Бизге акчаңды бергениңди үйүңдөгүлөргө айтчу болбо, – деди узун бойлуу, – эгер айтсаң, бирди көрөсүң, уктуңбу? – деп муштумун түйүп, колун кезеп койду. Бала “айтпайм, айтпайм” деп кайталап айтты да, колундагы күчүктү тигилердин көзүнөн далдаа алып кетүүгө ашыгып, тызылдаган бойдон дыр койду.

Жол катар күчүк какап-чакап, суу бүркүп, кыӊкыстап алсыз онтоп келди. Улам жүгүрүп, кайра кадамын жайлата басып келатты бала. Үйүнө жетсе эле колундагы күчүктүн жаны жай алып, өзүнө келе тургандай сезилди ага. Күчүктүн өтө эле аянычтуу ушул түрүнө анын боору ооруду. Бул байкуштун ушундай оор абалга туш болушуна өзүн күнөөлүү сезди, ошого кыйналды, ошого ого бетер күчүктү аяды.

Үйүнүн короосуна киргенде  күчүктү койнунан аяр чыгарып, сөрүнүн жанына жаткызды. Күчүктүн саргыл түгү денесине жабышкан бойдон кургап калган экен.  Бала үйүнө кирип, бир кесеге сүт алып чыгып, күчүктүн алдына койду. Күчүк кеседеги сүттүн жытын алдыбы, айтор акырын кыӊшылап койду.

Эртеси турар менен Медер күчүккө жүгүрдү. Күчүк кечээ өзү жаткырган жерде жок болуп чыкты. Тегерете айлананы караса, тээ нары жакта темселеп бош аяктарга тумшугун салып жүрүптүр. Медер сүйүнүп кетти. “Демек, оӊолуптур да” деди ичинен. Кайра шып үйгө кирип, кесеге сүт куюп алып чыкты. “Күчү, күчү, ме, ме” деп чакыра баштады. Күчүк анын үнүн угар менен куйругун шыйпаӊдатып жакын келди. Кеседеги сүттү анын алдына койду. Бирөө алып кетчүдөн бетер күчүк жан талашып кесеге башын салып, сүттү шорулдата шимирип ичип жатты, ал гана эмес баланын күлкүсүн келтирип, куйругун нары-бери шыйпаӊдатып жатып сүттү төгүп ала да жаздады. Андыктан ичип алгыча, кесени кармап турууга Медер аргасыз болду.

Үйдөгүлөр кечээ төмөнкү айылдагы жакын туугандардын тоюна кетишкен. Медер менен күчүк ушинтип курсакты тойгузуш менен алек болуп жатышканда, келип калышты. Бала апасынын колундагы дастаркон оролгон табакты алып, сөрүнүн үстүнө жая салды. Апасы “өхөлөп” сөрүгө чыгып, колундагы ымыркайын төшөккө отургузду. Байкеси сөрүнүн жанындагы күчүктү көрө салып:

-Бул кайдан? – деп сурады анын моюн-башынан сылап.

-Таап алдым, – деди Медер камырабай, – сай жактан, – деп кошумчалап койду. Апасы күчүктү сөрүнүн үстүнөн эңкейип карап:

-Ии, тигини, тың тура. Байкушту бирөө атайын эле сайга алпарып таштап кеткен го, – деди сөрүнүн жанындагы баланын чечип койгон бутка сүйрөмөсүн тарткылап ойноп жаткан күчүктү сүймөнчүк менен карап.

Түштөн кийин апасынын колундагы кичинекей бөбөгү ыйлап, кыңкыстап табы айнып калды. Апасы менен байкеси алмак-салмак көтөрүп, ал менен алек болуп жатышты.

-Ии, кирине кирип калган окшойт буга, – деди апасы эч нерсеге көнбөй жаткан наристесине үңүлө карап. Ал аңгыча колундагы бала кусуп жиберди.

-Ана, айтпадым беле, кирине кирип калыптыр буга. Айылга көтөрүп барбай эле койбой, баланы кыйнап… – деп кейип-кепчип жатты. Байкеси шаарда доктурдун окуусунда окуйт. Андыктан ал көзүгүп калыптыр дегенге ишенбейт. Ал инисине карап:

-Мен сага берген эки жүз сомдукка дары алып келе койчу. Менде майда калбаптыр, – дей салды. Медер эмне дээрин билбей, бозоруп туруп калды.

-Барбайсыңбы, эмне турасың, – деп апасы үнүн бек чыгарды. Бала агасын карап, апасы укпагыдай кылып:

-Мен аны сайда сууга киринип жүрүп, түшүрүп коюптурмун, -деп күнөөлүү көздөрү менен жалдырай карады. Керектүү дарыларды кагазга жазып жаткан байкеси балага тигиле карап, унчукпастан, сол чөнтөгүнөн миң сомдук акчаны алып чыгып, кагаз менен кошо сунду.

-Ме, муну жоготпо, жакшылап чөнтөгүңө сал. Тың болбойсуңбу. Тез учуп барып кел, – деди. Бала акча менен дары жазылган кагазды чөнтөгүнө салды да, дыр койду.

Дарыканага жеткенде, анын эшиги бек болуп чыкты. Нан саткан киши сатуучу бир жакка басып кеткенин, азыр келип каларын айтты. Бала тынчсызданып күттү. Тигил жакта бөбөгү ооруп жатса, сатуучунун кетип калганын карабайсыңбы. Эми качан келет?

Бул убакыттын ичинде Медердин чыдамы кетип, алмак-салмак эки терезеден дарыкананын ичине кеминде беш-алты жолудан шыкаалап карады. Акыры сатуучу жарым саатча убакытты өткөрүп, анан кийин келди.  Сатуучу келер менен байкеси жазып берген дарыларды алып, үйдү көздөй тызылдап жүгүрдү. Дарыкана менен үйдүн ортосу бир топ эле бар болчу. Медер үйгө жеткиче жол бир арбысачы. Медердин көзүнө чыңырып ыйлап, жаны кыйналып ооруп жаткан бөбөгү элестеп, азыр ал барып дарыны бере калса эле, бөбөгү айыгып, куландан соо боло кала тургансып, аябай ашыкты. Үйдүн короосуна киргенде, бөбөгүнүн ыйы угулбады, кыязы, басылган окшойт.

-Келдиңби? Тим эле жоголуп кеттиң да, – деди апасы.

-Ии. Аптекачы ордунда жок экен. Бир аз күтүп калдым, – деди Медер актана. – Уктап калдыбы?

-Ооба, кана, дарың, апкелдиңби? Акча коротуп тим эле койбойт байкең да. Тим эле очойтуп апкелген турбайсыңбы? Кичине балага да ушунча дары беремби?.. – деп күбүрөп жатты апасы, уулунун колундагы баштыктагы дарыларды жана арткан акчаны алып жатып. Анан баланын үрөйү учкан түрүн көрүп:

-Коркпо, кирине кириптир. Киринелеп койсом, дароо басылып калды. Киринелер замат эле уктап кетти.

-Жакшы болуптур, – деди Медер.

Бөбөгүнөн көӊүлү тынчыган Медердин эсине күчүгү келди. Эки жакка көз чаптырып издеди. Күчүгү көзгө илинген жок. Сөрүнүн астын эңкее берип караса, күчүгү төр жакта бүрүшүп жатыптыр. Медердин “күчү, күчү” деп үн салганына ал үн каткан жок. Ушул тушта сырттан кошунанын баласы Жусуп дарбазадан баш багып:

-Үйдөсүӊбү? Жүрү, компьютердик клубга. Акчам бар деп жатпайт белеӊ. Тигилерди жеӊебиз, – деди дердеӊдеп. Медер сүйүнүп кетти. Азыр эле тигил менен кошо компьютердик клубга чуу коймокко камданып калды. Ошол замат кечээ 200 сомун узун балага күчүк үчүн берип койгонун эстеди. Бүгүн булар наркы көчөнүн балдары менен компьютер оюнун ойношмок. Акчаны ошого деп чоттогон болчу. Кашайып эсинен чыгып кеткенин кара. Бирок, кечээ кантмек эле… Мейли, ал акчасы болбосо да, тиги бала менен кошо барып оюн көрүп келмекчи болду.

Клубда балдар көп экен. Баары баштары менен сайылышып, тирмийип мониторго тигилип отурушуптур. Буларды көрөр замат эшик тарапта отурган үч бала сүйүнүп кетишти.

-О, келишти тигилер. Баскыла, тезирээк. Тигинде эки компьютер бош, отура калгыла, – деди кара тору бала. Беркилер булар азыр оюнга кошулса, шумдук оюн болот дегендей, көздөрү жанданып, мониторду эми көргөнсүп, ого бетер жабыла тигилишет. Баланын да канчалык бүйүрү кызыбасын, өзүнчө компьютерге эмес, өзү ээрчип келген тигил сары чийкил жолдошунун жанынан орун алды.

-Сен ойнобойсуӊбу? – деди алаӊ көз арык бала монитордон мойнун созуп ага.

-Жок. Акчам жок, – деп кыска гана жооп кайтарды бала.

Оюн кызыгына батып олтуруп убакыттын кантип өткөнүн да байкашпады балдар.  Бир маалда гана акчалары түгөнгөн кезде соодасы бүткөн соодагердей отургучтарынан шыпырылып түшүшүп, сыртты көздөй чыга башташты. Медер бүгүн тигилер менен компьютер ойнобой калганына бир аз ичи ачышып калды. “Кап жана дарыдан арткан акчадан биртике алып калбай”, – деп кейип да алды ичинен.

Үйүнө киргенде, күчүгү дагеле баягы жерде козголбой жатыптыр. Медер курсагы ачканына карабай, аны менен бир аз ойноп, анан үйгө кирип, тамактанайын деп ойлоду. Сөрүнүн астына жата калып, күчүгүн чакырды. Күчүк камырабайт, жада калса башын да көтөрбөйт.  “Күчү, күчү, ме, ме” деп кайра-кайра чакырды. Күчүк башын көтөрүп, алсыз кыңшылап койду, бирок ордунан козголгон жок. Акыры боло бербегенде, Медер сөрүнүн артына өттү. Акырын колун созуп, күчүктү алып чыкты. Кечээ эле оюнкараактыгы жерде жок, курсагы тойбогон күчүк бүгүн минтип шалдайып калганы эмнеси? Медер айран-таң. Бир убакта нары жактан бөбөгүн көтөрүп апасы чыга келди. Жанараак эле чаңырып ыйлап, баарынын шайын оодарган наристе апасынын колунда тим эле жайдары, көңүлү ачык.

-Кайда жүрдүӊ? Кир, тамак ич. Тигиниӊе да бирдеме бересиӊби?.. – деди апасы жакындай берип.

-Ооруп калыптыр, шалдайып бутуна тура албайтат, – деди бала маанайы пасыңкы күчүктү тигиле караган таризде.

-Я, кана?.. Э кокуй, мунуң жана мен киринелеген нанды жегенден кийин ушинтип калган жокпу? – дей салды апасы. Бала апасына бир, күчүгүнө бир, бөбөгүнө бир карап алды да, көзүнө жаш тегеренип кетти:

-И-ии, сиз кылган турбайсызбы? Эмнеге бересиз андай нанды буга!? Эми.. карачы.. ооруп атат, кыйналып… – деп, акыры ээрди кемшийип ыйлап жиберди. Бала күчүктүн кечээги балдар кыйнаган учурун көз алдына элестетип, бул байкуш күчүктүн кайра-кайра эле бир балээге жолугуп, азап чегип жатканына көӊүлү чындап ооруганынан улам тамагы буулуп, көзүнөн жаш өзүнөн-өзү куюлуп кетти.

-Тигини, кантет ботом… Кой ыйлаба. Мен кайдан билдим, күчүк көтөрө албасын?.. Эми жакшы болуп калар өзү эле… – деп апасы бир күчүктү, бир баласын күнөөлүүдөй карап алдастай түштү.

-Киринелеңиз, – деди бала. Апасы түшүнбөй:

-Эмне-е?.. – деп карап калды.

-Киринелеңиз дейм күчүктү, – деди бала көзүнүн жашын аарчып, апасынын бетине карабай.

-Койсоңчу, – деп апасы же жылмаярын билбей, же урушарын билбей туруп калды. Акыры баласын соорото албагандан кийин “ыйлап басылар” дегенчелик нары басып, тирилигине киришип кетти.

Баланын колундагы күчүк көзүн араң эле ачат. Жерге койсо, сулк түшөт, өзүнүн боюн кармап турууга дарманы жок. Көзүнүн жашын тыялбай, эки ийни солуктаган бойдон бала күчүгүнүн башын, тулку-боюн сылап жатты. Ошентип отуруп, бир убакта эсине бирдеме келгендей селт этти да, шарт тура калып, үйдү көздөй жөнөдү. Бир убактан кийин ал апасынын эски халатын ийнине жамынып, башына жоолугун ороп, колуна бир сындырым нан алып чыга келди. Жерде сулк жаткан күчүктү колуна алып, кудум апасы киринелегендей, күчүктү киринелей баштады:

-Бисмиллахи рахмани рахим. Чык, кирине, чык. Чык кирине, чык. Бул менин колум эмес, чоӊ киринечилердин колу, бул менин колум эмес, Умай эненин колу. Чык кирине, чык! – деп күбүрөдү ал. Үнү бир аз мукактанып чыкты. Күчүк боюн көтөргүсү жок. “Ишенимдүү, айбаттуу айта албай жатам”, – деп ойлоду ал. – Минтсем, кирине менден коркпойт, чыкпайт”. Тулку-боюн түзөп, кайра башынан баштады: “Бисмиллахи рахмани рахим. Чык кирине чык. Чык кирине, чык. Сөзү жаманга бар, менин жаман күчүгүмдө кандай акыӊ бар!. Чык кирине, чык. Ою жаманга бар, менин эссиз күчүгүмдө эмне акыӊ бар?..”.  Колундагы күчүк, оозун кере  ачып эсинегендей болду, бала өзү да оозун ачып эсинеди. Күчүгү экөө бирдей ооздорун ачып эсинеп киргенинен улам, өзүнө ишеним пайда боло түштү. “Кирине укмуш кирген турбайбы”? – деди ичинен. Ушул саам таенесинин киринелегенде айткан сөздөрү эсине кылт эте түштү. Ошол сөздөрдү айтмакчы болду, өзүнүн бул оюна биринчи күлкүсү да келип кетти. Бирок, ошол замат өзүн тыйып, олуттуу түр менен: “Чык кирине, чык. Төбөӊө төрт коём, көтүӊө өрт коём. Чы-ык кирине-е, чы-ык.” – деп үнүн катуураак чыгарып, куду таенесичилеп “Чы-ык” деген сөздү созуп айтып жатты. “Чык кирине, чык. Сөзү жаманга бар, менин жаман күчүгүмдө кандай акыӊ бар!. Чы-ык кирине, чы-ык. Ою жаманга бар, менин эссиз күчүгүмдө эмне акыӊ бар?..”

Акыры киринелөө ырымын бүтүргөн бала, “эми болду го” дегендей, күчүктү жерге жаткызды. Өзү өйдө туруп, үстүндөгү апасынын жоолугу менен халатын, сөрүгө ыргытты да, дарбазага карай бет алды. Бул убакта байкеси үйдөн чыгып келе жаткан. Ал инисинин алаӊдаган бойдон сыртка чу коюп баратканын көрүп:

-Сен кайда? – деп кыйкырды.

-Азыр, – деди бала. – Бат эле.

Бала колуна киринеленген нанды алып, көчөнүн башында жашаган таятасынын үйүндөгү апсайган дөбөткө бараткан.