Зинакан ПАСАҢОВА: Айсберг оодарылганда…

Айсберг оодарылганда…

Аңгеме

-Эжеке?!. Амансызбы?!  Каердесиз?!  –  Жаш жигиттин дүрбөлөңдүү доошу. Негедир, үй телефонума чалыптыр. Бүгүн мени телефондон издешкендердин баарынын үнүндө ушундай  дүрбөлөң  бар эле.  Аман-эсен экенимди билишкенде тирүү экениме таң калгандар да, кубанып кеткендер да болду. Ооба, алардын бул сезимдери мага түшүнүктүү. Кечээтен бери кан төгүлүп, өрттөлүп, каракталып, будуң-чаң түшкөн чакан шаарда тирүү каларыбызга өзүмдүн да көзүм жетпей турган. Сабыркоо жана коркунуч үшүмдү алып койгонбу, азыр да ким чалганын үнүнөн тааный албадым.  Бизде “эжеке” деп демейде мугалим аялга кайрылат эмеспи, демек, окуучуларымдын бири.

-Ким элең? – дедим бүшүркөп.

-Мен, Кайратмын. Сизде, англис тили курсунда окуйм го.

– И-и, сенби?!  Өзүң амансыңбы?!

Мен сабак берүүчү англис тилин үйрөнүү курсуна жыл башынан бери келип жаткан айылдык уланды эстедим. Ал университеттин көркөм сүрөт факультетинин 2-курсунда окуучу.

-Үйдөмүн, – дедим токтоо, үнүмдүн калтырагын жутуп.  Жаш балага ыйлактамак белем.

-Сиз жак кандай? Тынч элесизби?

– Кудайга шүгүр.

-Кайсыл көчөдө жашайсыз? Өзүбүздүкүлөрбү?

-Биз өзбек маалада жашайбыз.

– Чыгып кетиңиздер эптеп, аларга ишенич жок.

– Азыр чыга албайбыз. Сыртта топтошуп турушат.  Көчөнүн башына кабаттап баррикада куруп алышкан.

Кайрат көпкө чейин үндөбөй калды. Ал менин туюкта турган оор абалымды элестетип жатабы, же эмне дээрин билбедиби, үшкүрүндү. Көз алдыма кара торусунан келген бир сырдуу улан тартылды. Негедир, сабакта олтурганда көп учурда башынан токулма топусун түшүрчү эмес.  Бир жолу: “Баш кийимиңди албайсыңбы?” –  деген суроомо: “Үшүп жатам”, – деп баарыбызды күлдүргөн. Анткени, үшүгүдөй суук түшө элек мезгил эле. Ошондой жупунулугуна карабастан, сүрөткерлик терең дүйнөсүн сезип, тымызын жан тартып турчумун.  Кайрат да бул мамилемди баалайбы, жакынсып сүйлөшчү.

– Өзүң каердесиң? Кантип жатасың? – дедим ага тынчсызданып.

– Мен да үйдөмүн. Базардын жанындагы көчөдө жашайм. Биз жакта атышуу, ызы-чуу, БТРлер жүрөт. Снайперлер атып жатышат дейт.

-Үйдө өзүң элеби. Чыкпай олтур!

– Бул жерде досум экөөбүз батирде турчубуз. Ал каникулга чыгып, айылга эртерээк кеткен эле.

– Өзүң каердик болосуң?

– Кара-Кулжадан. Айылга кетип калайын десем шаардын чыга беришинде жолду буктурма кылып, аткылап жатышыптыр.

-Эми эмне болот, эжеке?!

Окуучумдун бул жанды эзген суроосуна жооп берүү оор эле. Эми эмне болоруна өзүмдүн да көзүм жетпейт.  Бир калаада эзелтен чогуу жашашкан эки эл бир заматта кас болушуп, бири-бирин бычактап, атып, өрттөп, кыйнап өлтүргөн, барымтага алган акыр заман түштү. Шаардын жай жашоосу бир түнү эле астын-үстүн болуп, өрткө чулганып, кан төгүлүп, өлүм кадам сайын туш-тараптан акмалап турат.  Ажал суук чеңгээлин сага каяктан жана кантип матырарын билбейсиң.

Бирок, мугалимдик каадамды жоготкум келген жок:

– Азыр эң башкысы аман калуу. Өзүңдү сактай бил!

– Кантип?!

Окуучумдун суроосуна жооп бере албаганым үчүн өзүмдү мугалим катары биринчи жолу дараметсиз сездим. Чындыгында, кантип аман калууга болорун өзүм да билбейм.

– Коогалаң да басылат, баары жайына келет.  Кайрадан эки эл чогуу жашоону улантабыз, – дедим бар күчүмдү жыйып.

Кайрат менен сүйлөшүп жатып терезенин айнегинен жел учурган майда күйүндүлөр абада каалгып жүргөнүн көрдүм. Шаар эки күндөн бери өрттөнөт. Күйүк жыттанган кара түтүндөн тумчуга баштадык.  Эшик-терезелерди жаап, үйдүн ичиндеги аба менен гана дем алууга мүмкүн эле.

– Эми ошондой боло бекен?, – деди ал арсарсып.

– Болот, буюрса!

***

Кайрат эртеси дагы кечинде үй телефонума чалды. Билем, уюлдук телефонунун бирдиги түгөнгөн. Шаарда бирдик жүктөөчү жайлар иштебей турат. Мен дагы алыс-жууктагы дос-жарлардан бир гана нерсени: “бирдик салгылачы?” – деп суранып жаттым.

-Эжеке, кандайсыз? Тынчсыздарбы?

– Аман-эсенбиз, Кайрат. Өзүң канттиң? Тынччылыкпы?

– Билбейм, эже. Үйдөн чыга албай эле олтурам. Көчөдө жан адам жок. БТРден аткылап, ар коңулдан снайперлер да терип атып жатышат дешкенинен терезени да карай албадым. Эмне болуп жатат өзү? Кабарыңыз барбы?

Мен жүрөктүн үшүн ала турган “миш-миштерден” ага айткым келген жок. Суроосун укмамышка салып:

– Үйдөн чыкпай олтур.  Тамак-ашың барбы?

Кайрат мукактана түштү:

– Үйдө эч нерсе калбай калды.  Нан да жок.

– Коңшуларың барбы? Кимдер алар?

– Бул үйдө бүт эле квартиранттар жашашат. Алар да ачка олтурушат.

Мен канчалык кааласам да окуучума жардам бере албайт элем. Ачкачылык көйгөйүн биз да тарта баштаганбыз.  Базар, дүкөндөр коогалаң башталган күнү жабылып, эртеси эле тамак-аштын таңсыгы башталды. Адегенде нан түгөндү. Тирүү болгондон кийин ачкачылыкты жеңүү кыйын экен. Коңшулардан карызга ун сурадым. Үй-бүлөсү чоң болгондуктанбы, тандырына нан жапчу Карамат эже эки килодой ун берейин деди:

– Карыз дебей эле ала берчи, болгонун бөлүшүп жеп туралы!

Карамат эженин үйүнө баруу үчүн бензин куюлган желим идиштерди, таяк, темир шиштерди көчөгө тизип алып күнү-түнү даяр турушкан эркектердин жанынан өтүүгө бел байладым. Алар эмнеге даярданып жатышканын билбейм. Арасында короолош коңшум Салимбай да туруптур. Четке чыга калып: “Көрүнмаң, көрүнмаң!..”, –  деп шыбырай айтты. Негедир, коркунучка да үйрөнө түшөт экенсиң.

Ундан камыр жууруп, очокко нан бышырып жеп, кардыбызды чала тоют алдамыш болдук. Коогалаң башталгандан күнү кечинде эле газды өчүрүшкөн. Суу ууландырылыптыр деп да каңшаар тарады.  Буга ишенээр-ишенбесиңди билбейсиң. Арга жок, тобокел деп ичип жатабыз.  Бизди ойлогон эч ким жок. Өкмөт азырынча козголоңчуларды басуу аракети менен гана алек.

Өзүм жаш балдарым менен аргамды таппай жатып, Кайратка кандай жардам берсем деп ойлоно баштадым. Ал жашаган эки кабат эски үй кайсыл жерде экенин жакшы билчүмүн. Борбордук базардын жанында, чоң көчөнүн боюнда бузулбай калып калган атам замандагы үйлөр көп эле. Чоң, кичине дүкөндөр жыш жайгашып, базары кайнаган, автоунаалар менен жөө адамдар да кымгуут, тынч күндөрү деле баш айлана турган аймак. Угушума караганда, тополоңдун чордону да ошол жер болуп жатат.  Бирок, канчалык эстөөгө тырышсам да, окуучума жакын жерде жашаган таанышым жок болуп чыкты.

***

Кайрат үчүнчү күнү да күүгүмдө чалды. Мен анын себебин түшүндүм. Күүгүм адамдын коркуу, жалгыздык сезимдерин күчөтүп жиберет. Бул жолу анын үнү кыжырдуу чыкты:

-Эжеке, мындай шумдукту көргөн эмесмин!

-Эмне болду, Кайрат! Тынччылыкпы?

-Адамдар жырткыч экен! Бүгүн көчөгө чыктым. Биздин үйдө жашашкан эжелер, жаш балдар ачка олтурушат. Аларга жей турган бир нерсе алып келип берейин деп тобокелдикке салып көчөгө чыксам…

-Ии?!

-Билесизби, көргөн көзүмө ишенбедим. Көчөдө, арыкта өлүктөр жатса, адамдар аларды карап да коюшпай, дүкөндөрдү талап-тоноп, машинелерге жүктөп ташып жатышыптыр.

-Койчу?!

– А түгүл бири-биринен талашып, ырылдап-чырылдашып, мушташканга чейин барышты. Алардын жүзүнө карасам адам кейпи жок экен.

Кайраттын бул айткандарына мен да дал болдум. Бир чети элестете албадым.  Кантип эле?! Бейкүнөө адамдар, жаш балдар жүздөп өлүп, көмүлбөй талаада жаткан мүшкүлдүү күндө кайсыл эки аяктуу пенделер дүкөндөрдү талап-тоноого, болор-болбос нерсе үчүн ыркырашууга дити барды экен?!  Мен үчүн үстүмө асман кулап түшкөнгө тете эле. Аруу дүйнөсү бир заматта аңтар-теңтер болгон окуучума эмне деп айтаарымды да билбей турдум. Адамдарга жийиркенип, жек көргөн сөздөрүнүн бир учу менин да арыма тийип, жүрөгүмө сайылды.

-Бул жашоо!  – дедим акыры ачуу үн менен. – Мына сага сюжет!  “Тозоктун оту” картинасындагыдай сүрөт тарт!  Шедевр жарат!  Тарыхый трагедияга күбө болуп жатасың! Мындай тагдыр да ар бир эле сүрөтчүгө буюра бербейт!

Ооба, доошум катуу чыгып кетти. Үч күндөн бери өлүү-тирүүнүн ортосунда жан серек болуп жашап жатканыбыз, жай турмуш көздөн учканы, өзүмдүн жана балдарымдын өмүрү кылыч мизинде турганы, ачкачылык, бул тозоктон суурулуп чыгууга дараметсиздигим үчүн каным кайнап, жаным ачып турган эмоциям оргумадай атылды.  Эч күнөөсүз окуучума, негедир, кыйкырына сүйлөдүм.

-Жок! – Кайрат акырын, бирок кескин доош менен. – Мен эми адамдарды сүрөткө тарткым келбейт!  Жек көрүп калдым аларды!. Адамды улуу, кудуреттүү кылып тарткым келчү. Эми мен үчүн ал улуулук кыйрап калды!  Адамдан өткөн жырткыч жок экен! – Ошентти да телефонду шак коюп койду.

“Айсберг оодарылды”, – деп ойлодум. Кайсыл бир китептен окуганым бар. Муз өлкөсүндөгү гигант айсбергдердин негизги тулкусу суу алдында катылып, аз гана бөлүгү суу үстүндө калкып турат экен. Муз тоонун ошол суу алдындагы чоң бөлүгү эригенде ал оодарылат. Бул жөнүндө жакында эле Кайратка айтып бергемин, “Сүрөткерлер да айсбергдерге окшош, шедевр жаратыш үчүн оодарылышы керек”, – дегеним эсимде. Бирок, ошондо окуучумдун алдында кандай сыноо күтүп турганы оюма да келбептир.

Кайрат ошол бойдон мага телефон чалган жок. Экинчи күнү да кабар болбогонунан өзүм чалсам телефону өчүк. Буга адегенде аябай тынчым кетти.  Шаарда өлүм дагы эле кадам сайын аңдып турган убак эле. Жакын адамың бир саатка кабарсыз кетсе эле оюң жамандыкка бурулат. Окуучумдун аманчылыгына кабатырланып жүргөнүмдө телефонума кыска билдирүү түштү: “Саламатсызбы, эжеке! Мен айылдамын”.   “Эң сонун!” деп быйтыкча жөнөттүм да, ошол боюнча көңүлүм андан тынып, өз башымдын таш-пишине бурулду.

***

Ал күндөр да өттү. Жаңжал тынчыса да, жаңырыгы акырындык менен тынчыды. Күзгө жакын шаардын жашоосу акырындап болсо да нугуна түштү. Сентябрдын биринде окууну баштадык. Англис тили курсуна мурдагы окуучуларымдын көбү аман-эсен кайтып келишкенине кубандым. Эки-үчөөсү ата-энеси менен башка жакка көчүп кетишиптир.  Дагы экөө колледжди бүтүрүп ишке орношуп,  окуганга убактылары жок экен. Бир гана Кайраттын курска келбегенинин себеби белгисиз болду.

Андан бери бир топ жылдар өттү. Кайрат менен ошол бойдон көрүшкөн жокпуз. Бирок, инстаграммдагы анын баракчасына жазылып, жашоосуна сырттан көз салып жүрдүм.  Эң оор күндөрдө мени эш тутуп, коркунучун, түңүлүүсүн, үмүтүн бөлүшкөн окуучумдун чыгармачылык ийгиликтерине кубанчумун.  Рас, ал жаш болсо да дымагы бийик эле. Атактуу сүрөтчү болуп, дүйнөнү таң калтырар шедевр тартаарына ишенчү. “Ошондо мен окуткамын деп сыймыктанасыз”, – десе күлкүмдү зорго тыйгам. Жыл өткөн сайын ошол күн да жакындап келе жатканына ишенчү болдум.

Кайрат инстаграммдагы таанымал блогерлердин бири эле. Анын күйөрмандары өтө көп экен. Сүрөтчүлөр үчүн ар кандай эл аралык сынактарга катышып, бара-бара тааныла баштады. Мен үчүн кол жеткис көрүнгөн Швейцария, Франция, Италия сыяктуу өлкөлөрдү кыдырып жүргөнүн окуп калчу болдум.

Ал мен билгенден дээрлик пейзаж жанрында гана иштейт экен. Тарткан  картиналарында көз уялткан ак карлуу кыргыз тоолору, жашыл жайлоолор, айылдын табигаты, турмушу жүрөк көлкүлдөткөн сагынычты ойготсо, байыркы Италия, Европанын айыл-кыштактарындагы жай мемиреген шалбаалар, кеңирсиген өрөөндөр, кыштак четиндеги күзгү боектор ой-кыялды козгоп, көз көрө элек жерлерге кусаландырат.

Бирок, бул пейзаждар канчалык суктанарлык болсо да Кайраттан бир бурулушту күтүп жүрөм.  Качандыр болсо да анын жүрөгүндөгү муз эрийт деп ишенем.  Анын сүрөттөрүнөн адамды, анын бардык ички карама-каршылыгын: улуулугун жана мажирөөлүгүн, мыкаачылыгын жана боорукердигин, сүйүүсүн жана таш жүрөктүгүн сезимталдык менен ачкан образдарды көргүм келет.

Кайраттын баёо дүйнөсү кандуу кагылышта аңтар-теңтер болгон. Эми ал ошол күм-жам болуп талкаланган көз караштарын, сезимдерин кайрадан куруп туруп, улуу чыгарма жаратат деп күтөм.