Платон Ойунский: Александр Македонский

Боордош элдердин адабиятынан

П.А.ОЙУНСКИЙ

Саха-Якут элинин көрүнүктүү классик жазуучусу Платон Ойунский (Ойуунускай) саха элинин ХХ-кылымдын башындагы алгачкы жазма акыны, драматургу, прозачысы жана коомдук ишмери болгон. 1938-жылы  кандуу репрессияга тушуккан. Артында калган көптөгөн чыгармалары кийин театрларда коюлуп, дүйнөлүк тилдерге которулуп, китептери чыккан. Ал жарык дүйнөгө келген Татты улусунда, кыштактарда, борбор шаарында анын атындагы көчөлөр, Якутск шаарында чоң адабий музей, мамлекеттик башкы аэропорт, Улуттук драма театры бар. Бул аңгеме саха тилинен орус тилине мыкты которгон Альбина Слепцова-Борисовадан кыргыз тилине которулду.

Александр Македонский

Эзелтеде, качанкы бир жылдар-күндөрдө, эч бир кычыраган  кышы жок, мемиреген жай өкүм сүргөн аймакта, бийик тоонун түбүндөгү жылуу деңиз жээгинде, жылдыздуу, акылдуу; сапарын дайым өрт менен кан, кыргын коштоп, атагы таш жарган өкүмдар, айтылуу Александр Македонский жашаган дешет.

Александр Македонский, атасынын алтын тактысына алгач отурарда,  мырзалар жана мырзайымдар менен биринчи салтанаттуу жүздөшөрдө, жоо кийимин кийинет. Үстүнө алтын соот-чопкут, башына; маңдайында чоң жакут ташы жылдыздай жаркыраган, чокусунда үкүсү желбиреген алтын туулганы кийип, бир колуна түпөктүү курч найза; бир колуна кош миздүү, узун албарс кылычын алып, учун жерге матап калбаат карманат. Төбө жагына чоктой кызыл асаба желбирете илдирет. Нака жоокердик сүргө келет. Туулгада жылдызы жаркырап, көздөрү жанып, тактысы да, жаш өкүмдар өзү да оттой нурга чагылышып, кандуу түскө чулганып албырып турат.

Ошондо гана, мырза-мырзайымдарды кийиртип, бейиштин дасторконун жайдырат: дүйүм тамактар жайнап, суусундуктар куюлат. Баары көңүл ачып, сайрандап киришет. Жалгыз, акылман ойчулдардын даанышманы Аристотель карыя кабагын ачпайт, эч даам сызбай, башын көтөрбөй отура берет.

– О, кадырлуу устатым, эмнеге кападарсың, эмнеге алтын шилекейиңди чачыратып, бир ооз сөз айтып койбой отурасың? Эртең сен да кетесиң, мен болсо жаңы жеңиштерге, жаңы даңкка ээ болуу үчүн чоң казатка жөнөйм… Сен өз атыңды бийик, терең акылың менен кылымдарга калтырасың, сенин улуу осуяттарың бардык адамзатка чоң жол ачып берет, келечекке жаркыраган жылдыздай жол көрсөтөт… Менин атым, эгерде ал өзүн тааныта алса, улуу даанышмандыгым менен эмес, суудай аккан кан, аёосуз канкордугум менен даңазаланат, – деген дешет, Александр Македонский.

– Ошол себептен мен үн катпай олтурам… Сенин жолуң – кандуу жол, меники – даанышмандыктын туу чокусуна жетүү, илим-билим, агартуучулукту салтанаттоо. Адамдарды кырып, адам тукумун жок кылуу үчүн, аёосуз кан төгүүгө баратканыңа мен батамды бере албайм, антүүгө күчүм жетпейт – сен ошону менен атыңды даңазалайм деп атасыңбы? Канчалаган жашы жете элек акыл ээлерин жок кыласың? Канчалаган али төрөлө элек, улуу даанышмандарды энесинин курсагында мерт кыласың? Адамзаттын келечекте гүлдөп-өсүшү кылымдарга токтойт… Мында, мен кубанарлык эчтеке жок. Экөөбүздүн жолубуз эки башка, кечир! Мен кеттим, – деп Аристотель, үч ирет таазим эте, четке чыкты…

– О, Күнгө теңдеш өкүмдарыбыз, улуу бийибиз, атың көкөлөй берсин, даңкың далайга жетсин! Душмандарыңды талкала да асмандап салтанат кур! Курбалдаш-атаандаштарыңды жыгып, ийгиликке мары! Бул дүйнөдө улуу өкүмдарлар үчүн анын бийик аты менен дүңгүрөгөн даңазасынан өткөн чоң бак-дөөлөт жок! Жеңиш кубанычынан өткөн бакыт жок! Канга жуулган кылычты дат баспайт, жеңилген душман жеңүүчүгө баш көтөрүп карай албайт… Ийгилигиң, жеңген бактың – аны жок кылат, сага төшөгүн бастырган аялы – атын өчүрөт… Эртеңки күнү кылычыңан кан таамп, курч найзаңан кан оргуштаса – бүт дүйнөгө, кылымдар бою даңазаң артат, атың түбөлүк өчпөс болот! – деген ооз көптүргөн мактоолорун күнгө теңдеш өз өкүмдарына айткан башкы жоокер башчы, үч ирет таазим кылып, шарап куюлган алтын чөйчөгүн жогору көтөрдү. Бардык мырза-мырзайымдар ордуларынан шак туруп, ийилип таазим этише: “Даңк! Даңк! Даңк! Биздин жогорку бийлик эгебиз Александр Македонский көкөлөй берсин, бүт дүйнөгө аты даңазалансын!” – деп, аны ого бетер учура макташып, алтын чөйчөктөрүн оболотушту.

Анан, бүтүндөй Мидия мамлекети бир чоң жалындаган отко айланып, кара түтүн күндүн бетин каптады. Канды суудай агызып жиниккен аскерлер, жаш балабы, карыябы, карабай, баарын тең найзанын учуна сайып отко ыргыта беришти. Жалмаңдаган от учкуну ого бетер чатырап күйүп, тирүүлөй тозок отунда кыйналгандардын аянычтуу кебетеси Александр Македонскийдин аскерлеринин күлкүсүн гана келтирип, жин ургандай каткырышты.

Тирүү калган эркектерге кишен салышып, кулга айлантышты. Аялдар, кыздар жеңген зордукчулардын аңгилик кумарынын курмандыгы болушту… Кан шоркурап агып, тирүүлөрдүн көз жашы шоро болду; буттарына кишен, моюндарына сыйыртмак салынып, кыйналып онтогондор, каргышка калгандай азап-тозокко түшүштү.

Укмуш сонун ак сарай жалбырттап өрттөнүп атты. Коюу кара түтүнү асманга  атылды. Ак сарайдын алдында үч аскер, чачы куудай кадырлуу карыяга үч жактан найзаларын матырып, асманга көтөрүштү, канын шорголото найза учунда айлангөчөк аттырышты. Муну көрүп байкуш карыянын уулу менен кызы чыңырып өксүп чуркап келишти, аскерлердин бутун кучактап жалдырап ыйлашты: “Ай менен Күндөй айкөл болгула! Боор ооругула! Бейкүнөө атабыздын атын булгабагыла, карыган денесин кор кылбагыла!.. Анын алтын сөөктөрүн өзүбүз көмөлү, күмүш сөөктөрүн кадырлап жерге берели… Боор ооруп койгула, бизге бергиле!..” Муну уккан үч аскер карыянын денесин бет талаштыра жерге чаап, байкушту ылайдай тебелешти. Жигитти кармап алышып отко ыргытышты… Кызга жабылып, кийимдерин тыткылашты. “Меники! – Жок, меники!” – деп талашып, мушташа кетишти. Экөө биригип үчүнчүсүн отко ыргытты. Анан экөө сайыша баштады. Кыз, өлгөн аскердин найзасын ала коюп, бирөөсүн артынан сайып калды. “Ата, ага, силер үчүн, канга-кан! Бул ак сарай менин алтын бешигим эле… Азыр эми, алтындай болгон ата-энемдин, жалгыз бир тууганымдын бейитине айланды!” – деп өксүп, айбат бере кыйкырган кыз, кайрадан түпөктүү найзаны колуна алды. Аны тик көтөрүп, башынан алыс ыргытты да, арты менен отко карай кетенчиктеди. Тирүү калган аскер ага карай жылып кызды кармап алууга үмүттөндү.

– Токто! Тирүүлөй колго түшпөйм! Эми менин жарым – күйгөн от!.. Мээрман Күн кечир! Жарык дүйнө, кечир!.. Каргыш тийгир жат колунда денем макүрөө болбой, күлүбүз да ага буюрбасын! – кыз айкыра, найзаны аскерге шилтеп, мойнун жыра сайды. Аскер коркурап, колдорун тарбалаңдата чалкалады, анан, аста-аа отуруп калды… Кыз колдорун көккө сунуп, кубанычтан учуп кете жаздай: “Канга-кан!”-деп кыйкырды, капыс ошол кезде ак сарайдын дубалы урап, кап-кара түтүнү уюлгуй, кызыл жалын жалбырттады.

Ошентип, маскара болуп, душманга багынгысы келбегендер, жат душмандар өз жерин тебелегенин, кымбат адамдарын кантип кордогондорун  көргүсү келбегендер бул дүйнөнү таштап кете беришти… Ажалга тик караган бүркүттөр, кармашуудан кайра тартпаган кайраттуулар, эр жүрөк баатырлар намыска жарап, мактоого арзып, түбөлүк даңкталышты…

Күн кечтеп, кечки булуттар манаттай жанган учурда, күйүп бүткөн өрттүн кызыл чокторун бозоргон күл каптап, ачуу түтүнүн шамал алыска үйлөп айдаган кезде, – бийик кырдын башында, алтын дөңгөлөктөрүнө Александр Македонскийди кондурган  куюндай тогуз ат пайда болду. Түрмөктөлгөн түтүндөр менен  албырган кечки күндүн алоосунда, ал кийген алтын соот-чопкут да кандуу түскө боёлуп турду. Жылдызы жаркыраган туулгачан башын чалкалата, жалаңдаган кылычына таянып, оттой жанган каректерин тээ төмөнгө мелжеди… Кыр ылдыйда Мидиянын падышасы, сөзгө чечен, акылман карыя Солон – жеңилген, аброю кеткен, маскараланып жоон жыгачка мыктап кадалган… Жеңилген жан башка кандай болмок эле?! Башын көкүрөгүнө шылкыйтып отуру… Жаркыраган өңү канга боёлуп, таажысы баштан учкан, куудай башы жылаңбаш. Чала күйгөн ак саамайын муздак шамал бейкапар уйпалоодо…

Жеңүүчүнүн кебетеси башка… Көптөгөн шаарлар менен чептерди талкалоо үчүн эле сансыз аскер жыйнаган, аёосуз өрткө чулгап, канды суудай агызган, ошону менен атын чыгарып, даңкын арттырган Александр Македонский, заар чачкан каардуу көздөрүн ойноктото, минтип айткан дешет: “Биз күчөп салтанат куруудабыз! Намысыбыз бийиктеди! Жеңүүчүлөргө – даңк! Баарыңарга – алкыш жарыялайм!” Анын айтылуу сансыз армиясы буга жооп кылып, түрмөктөшкөн түтүндөрдү селт эттире, бозоргон күлдү көккө куюндай көтөрүлтө, асманды жарып жибере жаздай, жер дүңгүрөткөн үндөрү менен: “Улуу бийлик ээси, жаангер Александрга – даңк! Даңк! Даңк!” – дешип, күчтөрүнүн барынча күркүрөштү.

– Жеңгенге – бакыт, жеңилгенге – кайгы! – деген башкы жоокер башчы, Солон падышанын, деңиз букасынын мүйүзүнөн жасалган тактысында турган, асыл таштар менен кооздолгон жаркыраган алтын  таажысын Александр Македонскийдин бут алдына койду. Таажынын бир жагына таягын, экинчи жагына кылычын таштады. Андан соң, канга сугарылган найзасын башынан өйдө көтөрүп, үн катты: “Жашасын дөөлөттүү Мидиянын улуу бийлик эгеси, күндөй болгон өкүмдары Александр Македонский! Өкүмдарга Даңк!” Буга анын сансыз аскерлеринин атактуу  армиясы  үч жолу жер дүңгүрөтө жооптоду: “Даңк! Даңк! Даңк! Жашасын Александр Македонский!

Баскынчылардын күркүрөгөн добуштары жер жайнаган өлүктөргө жабылып учуп-конгон каргалардын тобун үркүттү. Каркылдаган үндөрү аба жарып, жемсөөлөрүн араң көтөрө, канаттарын оор шилтеп асманда айланып каалгышты. Көңүлү карк толгон Александр Македонский  тактысынан шарт ыргып тура, – карыя Солондун бут алдына кандуу канжарын матырды, үнү жаңырды: “Бул эмне?..” Жеңилген падыша чоочуп кетип, калтаарый түштү. Адамдар дымыды. Жымжырт. Солон карыянын каректери жалт этип, кишендерин шалдырата үн катты: “Булбу?.. Бул – күчтүүнүн багы, акылдуунун – азабы!”.

Македонскийдин жүзүн кан тээп, устаты Аристотелдин сөзүн эстеди. “Карыя туура айтыптыр.  Мен акылым менен эмес, кан тамган куралым менен даңкым чыгат,” – үнсүз ойго батты. Капыс таң кала түштү: “А бул бирок… жеңилип, тактан куласа да… акыл күчү менен өзүн өлбөс кылат… Мен болсо, өзүмдүн атымды булгап, жок кылам, шермендем чыгат”, – деген ой келип, Солонго чечкиндүү кайрылды: “Туура айтасың! Чындык салтанат курсун!”, – деген ал Солон карыяны жыгач мамыдан чечтирип, кишендерин чыгарып жанына отургузду…

Жеңүүчүлөр кубаныч-шаттыкка батып, майрам-сайранга түштү. Түн жармында көптөгөн оттор жагылып, миңдеген чайыр шамдалдар күйгүзүлдү. Караңгыда адамдардын көлөкөлөрү калкылдап турду. Александр Македонский байкаларлык кызып калды, ошол себептенби, карыя Солонго минтип кайрылды: “Чындыкты айткандан коркпойсуңбу?!

– Оо, чындыкты айтыш кооптуу. Анын айынан кээде – баш кетет, кээ бирөөнүн даңкы күчөйт, – жооп берди карыя Солон.

– Ал жөнүндө эмне билесиң, айтчы, мага сабак болсун.

Канга капталып, күлгө басырылган, чаңга оролгон Мидиянын мурунку өкүмдары, улуу падыша – карыя Солон, ошондо чындык жөнүндө мындай деген нускалуу  кеп  калтырган экен…

Кайсы бир өткөн жылдар-күндөрдө Персиянын өкүмдарларынын бири,  өзүнүн мырза-мырзайымдарын, ойчул акылмандарын, чебер чечендерин чогултуп, башына таажысын кийип, айдалыга кызыл манат жамынып, кош миздүү кылычын тактыга сүйөп, өзү бийик даражасын билдирген таягын таянып, ыңгайсыздана суроо салды: “Силер баарыңар акыйкат, чынчыл болобуз деп, каныңар менен ант бергенсиңер…  Эми чындыкты угаар мезгил келди… Ким чындыкты айтса – аты чыгып, сыйлыкка ээ болот; ким калп айтса – анын башы желдеттин  дөңгөчүндө болот… Ошондой эле, меникин ким айтат?  Эмне болом? Башымда багым барбы? Же азап күтүп турабы? Келечегим кандай?” – деп сурады ал, каректеринен от чачып…

Муну укканда баары үн чыгарбай дымып калышты. Сөз айтарга бир киши чыкпады. Ың-жың боло түштү. Өкүмдар ого бетер бушайман болуп, каны кайнап, көздөрүнөн заардуу от чачылды. Түнөргөндөн түнөрүп сүрү артты, колдору кош миздүү кылычынын сабынан кетпей улам бекем мыкчыды. Каары кайнады, кол алдындагылардан күйүп-жанган каректерин алалбай сабылып турду. Капысынан:  “Мен!” – деген  өтө күңүрт, жоон үн, жер астынан чыгып аткансып күңгүрөп, адамдардын төбөсүнөн таман астына чейин тепчип кеткенсиди. Чоочуй, таң кала, караган каректерге – куудай ак чачтары ийиндерин жапкан, сакалы көкүрөгүнө түшкөн, көздөрү кайнаган албеттүү, сөөлөттүү карыя урунду. Ал бир колуна таягын таянып, экинчи колун өкүмдар тарапка сунуп, сөз айтууга камданды… Ак сарайда отурган мырзалар-айымдардын баары жеңилдене аны күтүп карап калышты. Алардын күндөй көргөн өкүмдары күтүүсүздөн шашкалактай, ордунан ыргып туруп, анан, өзүнүн чебер чечен, көсөмдөрүнө бурула карап алып: “Айт!”, – деди. Бир колу менен кош миздүү кылычын таянып, экинчи колу менен бөйрөгүн таянган калыпта күйүп-жанган каректери карыяга тигилди…

Жараткандан коркпой, сен өзүңдүн акыр түбү эмне болооруң жөнүндө сурап атасың… Анда угуп тур! Бул дүйнөдө, мобу жарык күн астында, ушунчалык  маңдайы тайкы, таалайсыз  башка бир жан жок… Сенин мобу кубаттуу урууң, көп сандаган урук-тукумуң түбү менен жок болот, өрттөн кийин күлгө айланган токойдо чала күйгөн дүмүрдөй болуп коколой башың калат. Баарынан айрылып, көздөрүңөн кандуу жаш агып, кайгыдан сокур болосуң. Коңшу өкүмдар мамлекетиңди басып алып, улуу элиңди күнкор кылат, өзүңдүн мойнуңа каргы салып, атынын  куйругуна ит сыяктуу байлап  алат, – ушундай коркунучтуу, жан күйдүргөн, акылга сыйбаган  сөздөрдү жолдоду карыя.

– Э-э, байкуш, менин бак-дөөлөттүү тагдырыма зулум каргышыңды  айтып, душманымдын зоболосун көтөрдүң, сен мага ыроологон жазмышты көрүшөбү-көрүшпөйбү?!.. Угушабы-угушпайбы?!.. Баары бир, сен менин душманымды кубантып, көз көрүнөө жан кашайта басмырладың, ушул оор ишиң үчүн – башың баталгада алынат, – деп каары кайнап айкырды, күндөй өкүмдар, улуу бийлик ээси.

Карыянын башы алынып, мойну шишке сайылып, кандуу баталганын бетине кагыла, душманына сатылган чыккынчынын башы катары маскарачылык мамысына илинди. Мурдагыдан да каары күчөп, ашынып заарын чачты өкүмдар. Андагы мырзалар-айымдар эми үшү кетип убайымга батты: “Эмки кезек кимдики, кимдин каны төгүлөт бул жолу? О, кет-кет, жамандык! Эртеңки күндү аман-эсен көрөр бекенбиз?” – деген  оор сар-санаага батышты алар да.

Алардын күндөй өкүмдары үч ай ойлонуп-толгонуп кыйноого батты, андан соң бий-бектерин, аттуу-баштуу бай-байбичелерин, акылга бай көсөм чечендерин, даанышмандарын жыйды да минтип кайрылды: “Менин  келечегимди ким алдын-ала айта алат?” Ал оозун жыйып-жыя электе, сарайдын эшиги ачылып, куудай чачтары белине жеткен, сакалы тизеден ашкан, каректери канталаган карыя кирип келди. Аяздуу күнү чартылдап сынган бутактардын үнүндөй, үнү бийик жана таасирдүү экен. Коркконунан адамдардын денеси калтырап, чачтары тик турду: “О-о, кет-кет, жамандык! Дагы бирөөнүн башы кеткени туру, дагы кан төгүлөт!” – деп ойлошо, тил-оозу жок дымып олтурушту.

– О, күндөй өкүмдар,  биздин  улуу бийибиз, сен өзүңдүн келечегиңди билгиң келип, ошонун азабынан, сар-санаага чөмүп кыйналганың жөнүндө кабар бизге да келип жетти… Андыктан мени жиберишти. Жакшылап ук! Көкүрөгүңө түйүп ал! Бул дүйнөдө, мобу жарык күн астында, сенин кубаты мол урууңдун ичинде, көп сандаган элиңдин арасында сенден ашып кылым арытып  узак  жана бактылуу жашаган бир да жан болбойт. Сенин бийик тагыңа отурууну самаган кандай гана жан болбосун, сенин таажыңды башына кийип, ордуңа өкүмдар болууну канчалык көксөбөсүн – сенин жашыңа жетпейт, сенден ашып жашай албайт.

Ордуңа падыша-өкүмдар болом деген балдарыңдын кимиси болбосун, сени канчалык эрте өлсүн десе да, кандай жаман ойлорго алдырса да – ал максатына жетпейт. Канча коңшу өкүмдар-падышалар, канчалаган көп сандагы душмандарың качан көз жумат деп күтүшпөсүн, сен аларга андай мүмкүнчүлүк бербейсиң – алардан мурда көз жумбайсың… Сен узак өмүр сүрүп, көптөгөн өлкөлөрдү өз таажыңа багынтасың жана атагың бүт дүйнөгө тарайт! Маңдайыңа жазылган тагдыр-жазмышың ушундай. Шаттангын! Демденгин! Сага түбөлүк даңк, күндөй улук өкүмдар! – деди карыя, үч жолу жүгүнүп бийлик ээсине.

Бул жерде отурган мырзалар-айымдар оор жүктөн кутулгандай, жарптары жазыла кубанып, көздөрү жайнай орундарынан ыргып тура келишти, өкүмдарына сый-урмат көрсөтүштү: “Даңк!!! Даңк!!! Даңк!!!!” Улуу өкүмдар кубанычтан жарк этип, сар-санаасын алыс кууй, жүзүнө нур кирди, тактыдан өйдө боло, маңдайына жазылган жазмыш-буйругун айтып келген карыяга кайрылды: “Келечегим жөнүндө жакшы сөзүң үчүн алкышымды билдирем!” – таазим эте, баалуу белек-бечкектерге бөлөдү. Төргө отургузуп аябай сыйлады…” – деп сөзүн аяктады карыя Солон чындык жөнүндө аңгемесин.

Александр Македонский анын аңгемесине абдан таң калды: “Чын эле! Биринчи байкуш, жүрөккө жете турган керектүү сөздөрдү таба албай, оро-пара айтыптыр. Экинчиси, чындыкты да мыктылап айта алды, даңкын да, байлыгын да арттырды… А, негизи… экөө тең эле, бир гана нерсени айтышты да!”

– Өкүмдарга кубануу эмне берет? – деди Александр Македонский. Карыя Солон: “Менимче, аптапта кургап турган чөлдү жанданткан суу тамчыларындай керек”.

Аны уккан Александр Македонский ойго батты: “Мына эмесе! Бул айтылган сөздөрүнүн мааниси өтө терең… Менин кубанычым да, мен үчүн эми,  аптапта кургап турган чөлгө түшкөн суу тамчыларындай. Мүмкүн, эртеңки күнү дүйнөдө дагы бир улуу жаангер пайда болуп, менин жеңиштеримдин кыпынын да калтырбай бузуп өтөр, менин улуу өлкөмдү күлгө айлантып, өз  билгениндей жаңы мамлекетин кураар…

Менин бактым го – кан чубурган куралымда, а бу кишинин бактысы эмнеде? Тапкан пайдасы эмне?” – деген ойдо боло, бирок үн катпады… Акырындап, аны ээлеген кубанычтын шапатасы тарады, ындыны өчүп, жеңиши өз маанисин жоготту, көз алдында түтүндөй тарап, тумандай жылып, тап-такыр жок болду…

Александр Македонский өкүнүчкө чөмүп, кандуу куралына таянды: “Чындыкты билүү – каргышыма айланды… Бул жердеги мамлекетти аёосуз талкалап, тып-тыйпыл өрттөттүм, адамдарынын канын төгүп, уругун тукум курут кыла, дүйнөнүн чокусуна чыгам, ишенимдүү кылычымдын албарс учун салтанаттуу түрдө ага саям, артымдан каргышка толгон кандуу изим калат… Менин бактым – ошо!” – деген ойго чөгүп, муну өзүнүн кылымдарга калчу каргышындай кабылдады, бул айыкпас жаратын  жүрөгүнө бекем катты… Ошол жараттын оордугун көтөрө албай, өтө жаш кете берди…

Ушундай  аңыз кепти айтып келишкен экен адамдар, тээ эзелки замандардан бери.

                                                                                                                                                                        1925-жыл

 Орус тилинен которгон: Алтынай Темирова