Кубатбек Жусубалиев: Эне, үпүп сасык келди

Эне, үпүп сасык келди (үзүндү) …Булар каалгага жазылган сөздөр. Беш тилим карагай тактайдан кыналган каалгага жазылган сөздөр. Кубат менен Камбү, каалга – үчөө мокок бычактын учу менен оюлуп жазылыптыр. Биздин адрес – башка бирөөнүн жоргодой жоргологон колу. Калгандары Баланын үйрөнчүк колу. Кырмызы сыя калем менен жазылыптыр. Тактайды тили менен жалап-жалап, тилин тилдирип, тилин канатып, анан басып даана жазат деп кырмызы калемдин учун сындырып, кайра учтап, кайра сындырып, учун оозуна салып шилекейлеп, эриндери, колу, жүзү кырмызы сыяга боёлгон Баланын жазган сөздөрү бар, үстүнө дайым отун кыркылып жүрүп балтанын тишинин мизине барчаланып, толугу менен…..