Мелис Абакиров: Аза ыры

АЗА ЫРЫ (Даректүү аңгеме)       Жүрөктү титиреткен суук кабарды тилмечибиз Шахназ айым апкелди. Ал Баязит университети өткөрүп жаткан эл аралык симпозиумдагы биздин котормочу эле. Баязит университети Анкаранын четки райондорунун бири, Түркиянын орто кылымдагы борбору болгон Чубук калаасынын аймагында, өкмөттүк мекеме-уюмдар жайгашкан ордодон – башкы аянттан кырк чакырымдай алыста экен. Бизди жайгаштырган мейманкана да университетке жакын жерде болчу. Шахназ айым эки күндөн бери, аэропорттон тосуп алгандан тарта биз менен чогуу жүргөн, мейманканада да өзүнчө бөлмөдө түнөп, тургандан жатканга – таң эртеден түндүн бир оокумуна чейин жаныбыздан чыкпай саксактап жүрдү. Эртең менен мейманкананын толугу менен…..