Зинакан ПАСАҢОВА: Айсберг оодарылганда…

Айсберг оодарылганда… Аңгеме -Эжеке?!. Амансызбы?!  Каердесиз?!  –  Жаш жигиттин дүрбөлөңдүү доошу. Негедир, үй телефонума чалыптыр. Бүгүн мени телефондон издешкендердин баарынын үнүндө ушундай  дүрбөлөң  бар эле.  Аман-эсен экенимди билишкенде тирүү экениме таң калгандар да, кубанып кеткендер да болду. Ооба, алардын бул сезимдери мага түшүнүктүү. Кечээтен бери кан төгүлүп, өрттөлүп, каракталып, будуң-чаң түшкөн чакан шаарда тирүү каларыбызга өзүмдүн да көзүм жетпей турган. Сабыркоо жана коркунуч үшүмдү алып койгонбу, азыр да ким чалганын үнүнөн тааный албадым.  Бизде “эжеке” деп демейде мугалим аялга кайрылат эмеспи, демек, окуучуларымдын бири. -Ким элең? – дедим бүшүркөп. -Мен, толугу менен…..