К.Баялиновдун 120 жылдыгына арналган иш чара өттү

К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында КР Эл жазуучусу, котормочу К.Баялиновдун 120 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Иш чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл жазуучусу А.Жакшылыков, жазуучу Ж.Токтогазиев, китепкананын директору Р.Султангазиева, мектеп окуучулары жана китепкананын эмгек жамааты катышты. 120 жылдыкка карата КР Улуттук жазуучулар союзу менен К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы “Ажар” повестин китеп кылып чыгарышты. Аталган китепке автордун үй бүлөсү демөөрчүлүк кылган.

Касымалы Баялинов: Ажар

Ажар I Күн кылтылдап, уясына батып бара жатат. Ала-Тоонун чокусуна токтогон бирин-серин үлбүрөгөн ак булуттар күндүн батарда чачкан нуруна боёлуп, кызгылт тартып, дүйнөгө жаңылык киргизгендей. Учу түбү жок туңгуюк көк да, казанбактай көмкөрүлүп, бүткүл макулукту кучагына алып, өзүнүн кечки жумшак илеби менен алда кимди сүйүнткөндөй болот. Калың бейитти бет алган жалгыз аяк жол менен үч аял келе жатты. Бирөөнүн үстүндө шайы ала чапаны бар, жоолугу бош ийинине түшүп, жылаң баш, аягында кепич, маасы, өңү саргайыңкы, жүдөңкү, ак жүзүнүн көркү кетип, көзүнүн алды карарган. Жашы 15—16 чамасында, сенделип, буту араң гана толугу менен…..