Шекербек Калыков: Лифт

Лифт Ошо күнү үйгө жетүү азап болду. Дагы түнөбөй каламынбы деп сарсанаа болгонуму айтпа. Зыңылдап эле баратабыз. Баягы тааныш теректи издейм. Көрүнбөйт. Улам эшик ачылганда эле издегеним бай түп терек. Канча сүздүм. Сүзбөсөм тааныбайт элем да. Андан калса, менин токтоочу жайымдын белгиси. Аялдаманын эле астанасында турат. Аны сүзбөй коюу мүмкүн эмес, соо эле болбосоң. Зыңылдап эле баратабыз. Баары масты биринчи жолу көргөнсүп оңурая тиктешет. Тегерегиме көз жүгүртсөм, өң тааныштай… Чыны кичине жетпей турду. “Жүр” десе эле макул болчудаймын. Эч ким менин дартимди билбейт. Чөнтөк эбак какталган. “Дагы жакшы жол киреге толугу менен…..

Айзада Эсенжан кызы: Көз тийген сырга (аңгеме)

Эсенжан кызы Айзада 1994-жылы Жалал-Абад областынын Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. 2001-жылы айылдагы Жеңижок атындагы орто мектебинин ак босогосун аттап, ушул мектепте окуп келет.       Жаш кезинен тарта ырларды жазат.Анын “Турар” басмасынан 2011-жылы “Акак” деген аталыштагы ырлар жыйнагы жарык көрүп окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынды. Ошону менен бирге эле “Жаңы Ала Тоо журналына” да ырлары жарыяланган. Областтык, республикалык газета журналдарга макалалары жарык көрүп келет. Көз тийген сырга (аңгеме) Апамдын сыргалуу болушу айылдагы келин-кезек, байбичелердин айтып түгөтө алгыс жаңылыгы болду да калды. А түгүл тигил Чомполдун үстүндөгү айылдан да апамдын эски толугу менен…..

Сагын Акматбекова: Кыргыз жазуучуларынын ичинен эң бактылуу жазуучу Кубатбек Жусубалиев (эсселер)

Ай күнөөлүү … Албетте, Ай күнөөлүү. Биз, адамдар, жаңылыш иш кылганда күнөөнү эч качан өзүбүздөн издебейбиз. Көбүнчө башкаларды күнөөлөйбүз. Ошол сыяктуу мен да өзүмдү күнөөлөбөй, Айды күнөөлөп жатам. Албетте, Ай күнөөлүү. Чачырап терезеден тийип турган. Айдын жарыгы эле жетет деп ошон үчүн чырак жакпай отурганбыз. Өзүмдү күнөөлөгөндөн коркуп, айды күнөөлөдүм. (Сыртымдагы мен ичимдеги мага: “сен күнөөлүү!” – десем эле күнөөнү шак мойнуна алганы турбайбы). Айтылбай турган сөздөрдүн айтылып, ачылбай турган сырлардын ачылып кетишине… Албетте, Ай күнөөлүү. Сентябрь, 1999 “Мне боль причиняет воздух…” “Мне боль причиняет воздух. Сердце. И даже шляпа!” толугу менен…..

Чыныгүл Анарбаева: Жөнөкөй кызганыч (аңгеме)

Арышың арымдуу болсун, Чыныгүл!! Эл ичинде таланттар жашай берет деген сөз туура экен. Эл кенч болот турбайбы. Жакында Кош-Дөбө айылындагы Темиркул Мавлянов атындагы орто мектепке барып калсам Чыныгүл Анарбаева деген мугалим мага келип жолугуп: -Сизге жетпей жүргөм, чыгармаларым бар эле, көрүп бербейсизби,- деп жупкадай бир дептер берди. Окуп көрсөм Чыныгүл чын эле таланттуу инсан экен. Чыныгүлдүн жаңы жазган чыгармаларын сиздерге сунуш кылып коюуну туура таптым. Окурмандан өткөн сынчы жок, мына өзүңүз карап көрүңүз. Жакса ак батаңызды ыроолоп коюңуз урматтуу окурман. Ал эми Чыныгүлгө айтарым арышың арымдуу болсун!! Абдымомун Калбаев, акын. толугу менен…..

Аалы Токомбаев: Күүнүн сыры

Аалы Токомбаев Күүнүн сыры Узак жолдо карыя менен жолдош болдук. Анын сыйда, буурул сакалы тараза боюнча атайлап жасап койгондой эле. Анын кебетесине караганда элүү, элүү беш жаштарда деп айтууга мүмкүн болучу. Ал сүйлөгөндө кандайдыр, бөтөнчө жалындуу күчү бар сыяктуу, тыңшаган адамдар магнитке жабышкан темирдей болуп сезилер эле. Жолоочуларга эмнелер жолукпайт, добулдуу нөшөргө дуушар келдик. Анда-санда жарк эткен чагылгандын учушу, көздү ачып жумгандай болот. Жүрүүгө мүмкүн эмес. Бир бирибизге сүйөнүп коргологон болдук. –Аттиң ай, мындай да коркунучтуу болорбу… Кыян жүрүп кетип жүрбөсүн, – деди жолоочунун бири. –Таң аман болсун. Кыянды таң толугу менен…..

Касым Сулайманов: Норка шуба

Касым Сулайманов Норка шуба Нурлан мектептен карындашы Алияны ээрчитип сабыры суз келди. Чоң энеси Алмагүл онтолоп жатып, башын араң көтөрдү. “Келдиңби, балам, курсагың ачкандыр, Алияны жаныңа чакырып чай ичип алгыла”,- деп керебетинде ары оодарылып жатты. -Эне, сиз да биз менен бирге чай ичиңиз,- деди Нурлан. -Көңүлүмө эч нерсе барбай жатат. -Ачка жата бересизби? -Анан кантейин, башым айланып жатат. -Атамдар качан келишет, доктур чакырып, сизди көрсөтсө болот эле. -Э, балам, жанагы Айнура эжеңдин биз менен иши болбой калды го, ошол келсе, атаң да кошо келет. Ээ, кудай! Бир өзүң сакта, өзүң толугу менен…..

Данияр Исанов: Жашап жазган жазуучу

Жашап жазган жазуучу Кантип эле? – дедим, башымдан ылдый муздак сууну жаба куйгандай гезиттеги суук кабарды окуп алып денем ичиркене. Анан бир орунга казык болуп кадалып көпкө турган соң өзүмдү өзүм жектей баштадым. Ошол күнү анын мага дагы айтайын деген эмне кеп-сөзү калды эле? Оо, курган баш! Эмнеге биз анча-мынчаны этибар албайбыз? Эмнеге жаныңда турган адам эле бир күнү жылдыз болуп көккө учаарын ойлоно бербейбиз? А балким, мага дагы айтчу арманы, калтырчу кеби бар болгон чыгар?! Жолдо аркы-терки агылган адамдар мени акырая карашып, айланып өтүп атышты. Ээнирээк жерге барып отура толугу менен…..

Сулайман Рысбаев: Пандемия (аңгеме)

Пандемия (аӊгеме) Курсташым мыкты мугалим Солталиева Гүлгакынын жаркын элесине арнайм Автор Кечки тамак ичилип жаткан. Кубан чыныдагы шорпону ичип бүтүп, адатынча телефонун колуна алды да, бир нерселерди окуп отурду. Аялы Гүлгакы телевизорду тиктеп, “Ала-Тоо-24” каналынан жаӊылыктарды карап отурган. Азыр кайсы каналды бурабагын, баарында “дүйнөлүк пандемия” жана “каронавирус” деген гана эки сөз тууралуу үрөй учурган окуяларды айтып калбадыбы. Бул вирустун Кытай жеринен тарап, андан Европага өткөнү, айрыкча, андан Италия, Испания, Франция, Германия жана да Америка сыяктуу мактанган мамлекеттер жабыр тартып жатканын диктор айтып жатты… -Ушу вирустун атын “таажы вирус” деп аташып, толугу менен…..

Ырызалы Жанчаров: Күүнүн сыры

Күүнүн сыры (Даректүү аңгеме) XIX кылымдын аягы, XX кылымдын баш чендеринде Аксы, Кетмен – Төбө аймактарында болуш болуп өткөн Сулайманкулдун Тору ала ат деген күлүгү болуптур. Бул аттын Аксы, Талас, Анжиян, Алай чөлкөмүндө байгеде алдына ат салдырбаган буудан чыкканын узун кулак санжырачылар азыр деле жомоктото айтып калышат. Далай аш, той, чоң мааракелерде баш байге алып, “көз тийбесин” – деп, кулакчын, үртүктөрүнө, жал, куйрук, көкүлдөрүнүн арасына көз мончок тактырып, аспиеттеп, атайын бир саяпкер дайындап, таптатып жүргөн учурлардын биринде Таластан тээ айтылуу Бостон бий дегендин Жанболот, Бекболот деген балдарынын Баит бий дегенинин толугу менен…..

Абдиламит Матисаков: Жаннат эне, бешик жана жарты нан

Жаннат эне, бешик жана жарты нан Новелла Билинбей он эки айдын бирине учкашып, отпусканын кезеги да келген экен. Барар жак менен бүтүрөр иштин чети оюлбаса да, айыл менен амандык сурашууну, көз өткөнчө көңүл улап, келин алган үйгө тилек каалоону ыраак жүрсөк да ыймандын иши дедик. Көздүн жашындай болгон отуз күн а-бу дегиче ортосунан ооп, калааны көздөй шаштырды. Билет кечки рейске алынган. Убакыт бар. Фрунзеге он барып, он келсе болот. Эски адат азгырып, Оштун базарын аралап кеттим. Аяк талыганда, кумар таркаганда Ак-Бууранын боюндагы чайканада отурдум. Шашпай бир чайнек чайды дем жедирип, толугу менен…..