А.Сарманбетов: Мекенсиз

Капортосунан көпкөк суу мелт-калт толгон кууш капчыгайды бойлой кеткен кан жолдо жалтыраган кара “мерседес” зуулап келатты. Жайдын толуп турган маалы болгону менен капчыгай ичи салкын. Өрөөндү өрдөй чубалган Токтогул суу сактагычынан улам болсо керек. Саргарган тоо жонунда карайган кесек таштар менен анда-мында сейрек бадалдардан башка көзгө такоол эчтеме жок. Төбөдөгү көк асмандын тереңинде жалгыз бүркүтпү, кулаалыбы канатын калдайта жайып жай каалгыйт. Аң издеп жатса керек. Тоо боорундагы жазгы жашыл бетеге саргарып, күйүп кеткен. Зыпылдаган машина эңкейиш жолго өтүп, жайыкка чыга бере жол четине чыга токтоду. Арткы эшигинен сеңселген суюк ак толугу менен…..