Блог

ТҮБӨЛҮК – СӨЗ МЕНЕН МУЗЫКА

Учурдагы, заманбап поэзия ааламынын көрүнүктүү өкүлү, акын – Вадим Терёхин, Россиянын жазуучулар Союзунун тең төрагасы. Москвада орус тилинин эл аралык академиясынын вице-президенти жана академиянын анык мүчөсү, Россия боюнча жалпы “Россия жазуучулар Союзунун” Калуга областындагы бөлүмүнүн төрагасы жана Калуга областынын II даражадагы мамлекеттик кеңешчиси, “Дубалсыз дүйнө” эл аралык поэтикалык кыймылынын координациялык Кеңешинин мүчөсү, Санк-Петербургдагы Петровдук илимдер академиясы менен искусствонун анык мүчөсү. 1963-ж. Тула областында төрөлүп, Казандагы жогорку аскердик ракеталык команданын инженердик адистигин ата-энесинин талабы менен мыкты окуп, көп жыл “Байкоңур” космодромунда кызмат өтөгөн. Адабиятка болгон кызыгуусу аны өмүр бою коштоп жүргөндүктөн, толугу менен…..

Султан Раев Казакстандын “Бирлик” алтын медалы менен сыйланды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Султан Раевди Казакстандын абройлуу сыйлыгы – Казакстан калкы ассамблеясынын «Биpлик» алтын медалы менен сыйлады. Ал Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы, ошондой эле элдердин ортосундагы ынтымакты, кызматташтыкты чыңдоодо, улуттук маданияттарды, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди жакындаштыруу, өз ара байытуу, достук мамилелерди сактоо жана өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн сыйланган. Султан Раев Кара-Суу районунун Жоош айылында 1958-жылы 13-июлда туулган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика жана коомдук коммуникация факультетинин стажировкасын бүтүргөн. Республикалык «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил Жаш», толугу менен…..

Иван Бунин: Муза

Муза Ал кезде мен өтө деле жаш эмес болчумун. Ошого карабастан эмнегедир живопистен сабак алгым келди. Деги эле мен живописти жанымдай жакшы көрчүмүн. Ошентип Тамбов губерниясындагы өз үйүм, өлөң төшөгүмдү таштап, кышты Москвадан өткөрдүм: сабакты болсо анча-мынча тармалдашкан узун майлуу чачын кежигесин көздөй бура таштаган, оозунан мүштөгү, үстүнөн анар түстүү баркыт курткасы, бутунан кыжырыма өзгөчө тийген киргилт, боз түстөгү байпагы түшпөгөн, анан калса, адам менен сүйлөшүп жатканда кербезденип, окуучусунун ишине көзүн жүлжүйтө баа беримиш болуп, ар дайым: – Дурус, дурус… Ийгилик алыс эмес – деп кайталай берчү талантсыз, бирок кыйла толугу менен…..

Догдурбек Юсупов: Карапайымдыктын тийгизген жарыгы

Окугандан кийинки ой Карапайымдыктын тийгизген жарыгы  “Краткость – сестра таланта” Антон Чехов “Начар аңгемечи жакшы тарыхты жеңил-желпи эле бузуп коюшу мүмкүн” Мортимер Адлер Адабият күнүнө карата улуттук Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, бир катар таланттуу калемгерлер “Алтын калем” статуэткасы, диплом жана сертификат менен сыйланышты. Алардын ичинен эң татыктуусу таланттуу жазуучу Топчугүл Шайдуллаева деп эсептейм. Көптөн бери кыска, бирок нуска аңгемелерине көңүлүм түшүп жүргөн жазуучунун чыгармачылык лабораториясына колдон келишинче реалдуу сереп салып көрүүнү чечтим. Чынында эле роман менен повесттин сюжетин чакан аңгеме менен эле берип койсо боло тургандыгын айрым таланттуу прозаиктер иш жүзүндө толугу менен…..

Тамара Добул кызы: Ата үйү – ыйык бизге Меккедей, Ага баруу – сыймык, бакыт биз үчүн!

Атанын үйү Бир атадан, бир энеден төрөлүп, Бир бешикке өссөк дагы бөлөнүп, Бул турмуштун жазмышына баш ийип, Бой жеткенде ар кай жакка жөнөдүк.   Эх кантели, турмуш башка, шарт башка, Эң кичүүбүз жашайт азыр ал тамда. Балдарыбыз, жарыбыз бар, мүмкүндүк Боло бербейт күн өткөрбөй барганга.   Атабыздын курган үйү биз өскөн, Алтын мамы – байланганбыз жүрөктөн. Ата-энебиз өздөрү жок, эми биз Аларды тек көрөбүз да сүрөттөн.   Бардык жерде ойго түшүп күнү-түн, Байлап турган көңүлдөрдүн бир учун, Ата үйү – ыйык бизге Меккедей, Ага баруу – сыймык, бакыт биз үчүн! толугу менен…..

Садык Алахан: Семён Липкиндин “Айкөл Манас” повесть-жомогунда баяндоонун көп түрдүүлүгү

Семён Липкиндин “Айкөл Манас” повесть-жомогунда баяндоонун көп түрдүүлүгү (2-макала) Семён Липкиндин “Айкөл Манас” деп аталган романы улуу эпосубузду кара сөзгө айлантып кагаз бетине түшүрүүнүн алгачкы үлгүсү болуп эсептелет. Бул жумушту ишке ашырууда залкар калемгер прозанын ички мыйзам ченемдерин мүмкүн болушунча пайдаланууга аракет жасаган. Прозалык чыгармалардагы андай мыйзам ченемдүүлүктөрдүн бири –локанизм. Баарыга белгилүү болгондой, элдик эпос кылымдардан бери оозеки түрдө, болгондо да импровизация түрүндө жашап келгендиктен анда оозеки сүйлөө эрежелеринин бөтөнчөлүктөрү көбүрөөк сакталып, ошондон улам көбүртүп-жабыртып баяндоо басымдуулук кылган учурлар арбын кездешет. Мындай учурлар айрыкча жаратылыш көрүнүштөрүн, табият көркүн, жер, суулардын толугу менен…..

Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдык мааракеси Талас шаарында белгиленди

Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрь күнү Капар Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө Сүйүнбай Эралиевдин өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча көргөзмө уюштурулуп атайын видео тасма көрсөтүлдү. Аталган адабий-музыкалык эскерүү иш-чарасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Талас облустук Аман Токтогулов атындагы китепканасы, Талас райондук мамлекеттик администрациясы, Талас ТВ МТРКсынын колдоосу менен уюштурулду. Облус жетекчиси Бакытбек Нарбеков өз сөзүн Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиевдин Багына, байлыгына башка жактан, Башынан баш бакканды кылып толугу менен…..

Капар Токтошов: Коронавирустар

“Коронавирустар” (комедия) Катышуучулар: Мыктыбек Мукамбетов (Мыкы) – аудитор-текшерүүчү. Венера Марсовна – аялы. Чынара (Чика) – Венеранын курдашы. Ормон Опузабеков – Коррупцияга каршы кызматтын башчысы. Сейитбек Алгыров (Сепе) – Салык кызматынын башчысы. Жыргалбек Ыргалбаев (Жыкы) – Бажы кызматынын башчысынын орун басары. Үмүт – Мыктыбек менен Венеранын уулу. Чек арачы жоокер.   Жарык өчөт. Караңгыда уйкудан чочуп ойгонуп, келме келтире албай мукактанган Мыктыбектин үнү угулат. Мыктыбек: -Оо, ла-ла… ла-лай… Оо, кудай… дай-дай… Кандай эле, неңдурайындыкы?.. Лаай-лай… Венера: -Ай, эмнеле кишини уктатпай кыңылдап ырдап атасың ыя? Өңгөсү бүтүп, эми Кудайды кыстай баштадыңбы “дай толугу менен…..

Садык Алахан: “Манас” эпосунун кара сөзгө айландырылышы. С.И.Липкиндин “Манас Великодушный” повести

Кыргыз улуттук жазуучулар союзу 1934-жылы түптөлгөн учурунан тартып калемгерлерибиз жараткан чыгармалар элдин калың катмарына жетсе экен деген аруу тилекти эң башкы озуйпасы катары эсептеп келет. Ушул максаттын ишке ашуусун көздөп Советтер Союзунун учурунда атактуу “Ала-Тоо” журналы менен атпай журт күтүп окуган “Кыргызстан маданияты” жумалыгын чыгарып келген. Эми минтип заман өзгөргөнүнөн, окурмандардын дээрлик көпчүлүгү электрондук маалымдоочу каражаттарга ык сала баштаганынан улам заманбап баарлашууга өтүп, adabiyat.kg сайтын уюштуруп, калемгерлерибиз жараткан көркөм дүйнөнү ушул сайт аркылуу элге жеткирип келет. Акыркы жылдары adabiyat.kg сайтыбыз окурмандарыбыздын кеңири катмарынын сүймөнчүгүнө айланып баратканын кубануу менен белгилегибиз келет. толугу менен…..

Бала менен сыйкырчы

Бàлà менен сыйкырчы Элдик жомок Илгери жалгыз уулу бар абышка-кемпирдин колундагы бирин-экин малын жут алып, күн көрүш өтө кыйын болуп, акыры ары карап ыйлап, бери карап күлүп, айласыздан баласын малайлыкка бериш үчүн шаарга барышат. Баланы алууга эч ким чыкпады. Арадан бир топ күн өттү. Күндөрдүн биринде абышка аябай чарчап, жол боюндагы төрт чарчы кара таштын үстүнө отуруп: –Өх-х! – деп үшкүрүндү эле, кайдан-жайдан экени белгисиз ак сакал карыя пайда боло калып: Мени эмнеге чакырдың!? – деп сурады. –Мен сени чакырган жокмун. Чарчаганымдан жөн эле үшкүрүндүм эле, – деген абышка тайсалдай толугу менен…..