Бала менен сыйкырчы

Бàлà менен сыйкырчы

Элдик жомок

Илгери жалгыз уулу бар абышка-кемпирдин колундагы бирин-экин малын жут алып, күн көрүш өтө кыйын болуп, акыры ары карап ыйлап, бери карап күлүп, айласыздан баласын малайлыкка бериш үчүн шаарга барышат. Баланы алууга эч ким чыкпады. Арадан бир топ күн өттү. Күндөрдүн биринде абышка аябай чарчап, жол боюндагы төрт чарчы кара таштын үстүнө отуруп:

–Өх-х! – деп үшкүрүндү эле, кайдан-жайдан экени белгисиз ак сакал карыя пайда боло калып:

Мени эмнеге чакырдың!? – деп сурады.

–Мен сени чакырган жокмун. Чарчаганымдан жөн эле үшкүрүндүм эле, – деген абышка тайсалдай жооп берди.

–Эмесе менин атым Өкүш! Бул балаңды жетелеп кайда барасың?

–Оокатым өтпөй, баламдын күчүн бирөөгө берейин, – деп кыдырып жүрөм деп, карыя дагы бир жолу оор үшкүрүндү.

–Эмесе балаңды мага бергин. Мен окутайын, келерки жылы дал ушул убакта келип аласың! – дейт аксакал карыя.

–Макул болгон абышкага бир дилде карматып, баланы колдон алаар замат экөө тең көздөн кайым болушат. Бала Өкүш карыяда окуп жүрүп, анын кызы менен таанышып калат. Кыз баланы ээн чакырып алып:

–Атам сыйкырчы, бирок менин бир өнөрүм аныкынан артык. Бул жерден сени эч жакка кетирбейт. Түбөлүк кул болуп жүрө бересиң. Мен сага ошол өнөрүмдү үйрөтөйүн, – деди да, балага өнөр үйрөтүп жүрдү. Аны сыйкырчы билген жок.

–Бир жыл өткөндөн кийин абышка сыйкырчы чалга келип: «Убакыт өттү, баламды бергин! – дейт. Ошондо сыйкырчы өзүнчө кобурап койсо, жети кара мышык пайда болду.

–Мына ушунун ичинен балаңды таап ал! – деди сыйкырчы. Менин балам мындай эмес да, – деген абышка эмне кылаарын билбей, көз жашын көл кылган боюнча жолго түштү.

Кийинки жылы дагы келди. Сыйкырчы дагы кобураса, жети кызыл түлкү даяр болду. Абышка баласын тааный албай дагы кетти. Ошентип арадан беш жыл өттү. Абышка баласын тааный албай жаман болду. Сыйкырчы:

-Алты жылдан бери балаңды тааный албадың. Эгерде эмдиги жылы тааныбасаң, анда балаң баш-оту менен меники, – деди. Абышка ыйлап жолдо келатса, артынан кара аргымак жете келип:

–Сенин балаң менмин. Эмдиги жылы бизди жети кара ат кылып чыгарат. Бизди азыр ошого үйрөтүп жатат. Оң жактан санаганда үчүнчү болуп мен турам, жаңылбай карма, – деди да, сызган бойдон кетти.

Кийинки жылы айткан маалында баланын атасы сыйкырчыга келди. Сыйкырчы оозун бүлкүлдөтүп койду эле, жети кара аргымак тизилип тура калды. Абышка ары карап, бери карап, оң жактан санаганда үчүнчү кара аргымакты тизгинден кармап: «Менин балам ушул!» – деди.

–Сыйкырчынын амалы кетип, баласын абышкага берди. Үйүнө келгенден кийин атасына карап: «Мен ат болуп кубулайын, ата, сен базарга алпарып саткын. Бирок жүгөнүмдү сыйрып кал, бербегин, – дейт.

Абышка атты базарга алпарып көп акчага сатты да, жүгөнүн белине курчанып, үйүнө кайтты. Бала кубулуп куш болуп, атасынан мурда үйүнө келди.

–Абышка баланы базарга экинчи жолу алып барды. Баасына эч ким чыдай алган жок. Бир убакта чоң соодагер чал келип, атты миң дилдеге сатып алып, жүгөнүн кошо саткын деп жабышты. Абышка айласы кетип, ары-бери карап туруп, миң дилдеге жүгөнүн кошо сатып жиберип, үйүнө келди.

–Көрсө, атты сатып алган Өкүш сыйкырчы экен. Ал үйүнө келип, кызына: «Атты сарайга аса байлап кой!» – деп тапшырды. Кыз макул болуп, жетелеп жөнөгөндө, бала: «Эми дагы бир жардамыңды тийгизип, мени коё бер», – деди. Кыз аргымакты коё берип, атасына келип: «Ат колумдан чыгып кетип, качып кетти!» – деп калп айтты.

–Сыйкырчы Өкүш кара аргымак болуп кубулуп, баланын артынан кууп барганда, бала илбирс болуп кубулду. Өкүш жолборс болуп, кууп жеткенде, бала суу жээгинде колун жууп отурган эки кыздын жанына шакек болуп түшүп калды. Кыздын бирөө шакекти көрө коюп, колуна тагынып алып, үйлөрүнө кетти. Өкүш сыйкырчы жигит болуп кубулуп, кыздардын артынан, байдын үйүнө келди. Бай Өкүш сыйкырчыдан:

–Жол болсун, жигит. Кайдан жүргөн немесиң? – деп сурайт.

–Тээтиги жактан келе жатам. Сууга жуунуп жатып, шакегимди чыгарып койдум эле, унутуп кете берипмин. Сиздин кызыңыз таап алып, салынып кетиптир. Ошол шакек меники, алып берсеңиз? – дейт.

Кана, кызым, шакекти ээсине бер, – деди бай кызын чакырып.

–Кыз шакекти колунан чыгарып, Өкүш сыйкырчыга бермек болгондо, шакек буудай болуп чачылып кетет. Өкүш сыйкырчы тоок болуп кубулуп, жанталашып терип жеп кирди. Тоок бутунун алдында калган жалгыз буудайды жемекчи болгондо, ал таруу болуп кубулду. Өкүш сыйкырчы таранчы болуп терип кирди. Байдын кепичинин ичине түшкөн таруу кыргый болуп учту да, айланып келип таранчынын башын жара тепти.

Ошентип бала сыйкырчыдан кутулуп, Өкүш сыйкырчынын кызын алып, өз үйүндө аябагандай чоң той өткөрүп, бейпил турмушта жашап калган дешет.